Автор работы: Пользователь скрыл имя, 29 Сентября 2013 в 12:02, биография
Махмуд ибн Хусейн ибн Мухаммед ал-Барскани ал-Кашгари - он биринчи кылымдагы түрк калктарынын чыгаан энциклопедист окумуштуусу, тилчи, тарыхчы-этнограф, географ, картограф, диалектолог, этнолог.
Ысык-Көлдүн Барскоон шаарында 1029-1038-жылдардын аралыгында туулган. Өлгөн жылы жана жери белгисиз. 1072-1077-жж. аралыгында "Түркий тилдер сөз жыйнагы" ("Дивану лугати т-турк") чыгармасын арап тилинде жазган. 1072-1077-жылдары "Дивану лугати-т-түрк" - "Түрк тилдеринин сөз жыйнагы" эмгегин жазган. Өз атасы Хусейин Мухаммед уулу Барскан дубанын бийлеп турган. Айрым америкалык жана орусиялык окумуштуулар Махмуддун ныспасы «ал-Кашгари» болуп чектелбестен, «ал-Барскани» деп да толукталышы керектигин эскеришүүдө.

Кандай болсо да, эки илимпозду окшоштурган нерсе – экөө тең жер кезип, Борбордук жана Ички Азияны байырлаган түрк калктарынын чоң улуттарынан тартып, майда уруктарына чейин кыдырып, алардын диалектилик өзгөчөлүктөрүн, этнографиялык мурасын, санжырасын, макал-лакаптарын, дастандарын терең иликтешкен.
Махмуд Барскани Кашгари орто кылымдарда айтылуу «мусулмандык кайра жаралуу доорунун» жемишине каныгып, түрк тилдерин гана эмес, араб тилин да терең үйрөнүп, өз элинин маданий казынасын араб окурмандарына бөксөртпөй жеткирүүнү максат койгон илимпоз.
Ал өзүнүн «Дивану лугати т-турк» - Түрк тилдеринин сөз жыйнагы» деген эмгегин 1072-1077-жылдары араб тилинде жазып бүтүргөн. Эмгектин кириш бөлүмүндө Махмуд бул энциклопедиялык сөздүктү 11-кылымдын 70-жылдарындагы Аббасийлер халифи ал-Муктадига белекке берүү ниетинде болгонун саймедирлеп жазат:
«Касиеттүү, Пайгамбардык, Имамдык, Хашимийлик, Аббасийлик Кожоюнубуз жана Мырзабыз Абулкасым Абдулла ибн Мухаммед ал-Муктади би-Амриллага, – исламга ишенгендердин Эмиринин жана Ааламдын Кожоюнунун халифине, - тартуу кылуу үчүн ушул китебимди Алла-тааланын көмөгүн көксөө менен, түбөлүккө эстелсин да, өчпөс издей чектелсин деп жазып бүттүм».
Бул китеп, ошентип, 1077-жылы халифаттын ордо шаары Багдадда жазылып бүтсө керек деп жоромолдоого болот.
Багдадда отурган халиф ал-Муктади 1075-жылы бийликке келип, 1094-жылы дүйнөдөн кайткан. Ал кезең - Борбор Азиядан Жакынкы Чыгышка селдей каптаган Селжук түрктөрүнүн ташы өөдө кулап турган чак болчу. Багдад халифи ал-Муктади жалпы халифаттын рухий жетекчиси катары таанылган менен, саясий чөйрөдө ал селжук султаны Мелик-шахтын көзүн карап турган.
Дал ошол тапта залкар окумуштуу, жердешибиз Махмуд Кашгари Барскани Багдадда болуп, халифке өз чыгармасын тапшырууга ниеттенген. Анын бул ниети жүзөгө ашканбы, же жокпу, азырынча бизге жеткен жазма булактарда ал тууралуу эч маалымат учурай элек.
Кашгаринин чыгармасынын түп нускасынан көчүрүлгөн кол жазма бүгүнкү күнгө чейин сакталып жетти. Ал азыр Стамбулдагы Миллет китепканасында бапестелип сакталууда.
Багдад менен Кыргызстандын орто кылымдардагы маданий байланышынын бир өрнөгү – дал ушул «Дивану лугати т-турк» эмгеги.