Автор работы: Пользователь скрыл имя, 28 Мая 2012 в 13:49, реферат
Чыңгыз Төрөкулович Айтматов (1928-2008) - кыргыз жана орус тилдеринде жазган совет жазуучусу, Кыргыз ССРинин эл жазуучусу (1974), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1978).
Өмүр баяны
Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 1928-жылы 12-декабрда азыркы Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Киров районуна караштуу Шекер айылында мамлекеттик кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. Ал кезде Шекер айылы СССРдин РСФСРинин Кыргыз АССРинин Талас кантонунда болчу.
Айтматов Чыңгыз Төрөкулович
Чыңгыз Төрөкулович Айтматов (1928-2008) - кыргыз жана орус тилдеринде жазган совет жазуучусу, Кыргыз ССРинин эл жазуучусу (1974), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1978).
Өмүр баяны
Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 1928-жылы 12-декабрда азыркы Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Киров районуна караштуу Шекер айылында мамлекеттик кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. Ал кезде Шекер айылы СССРдин РСФСРинин Кыргыз АССРинин Талас кантонунда болчу.
Атасы Төрөкул Айтматов Кыргыз партиясынын обкомунун катчысы болгон. Бирок 1937-жылы репрессияланып, 1938-жылы атылып кеткен. Эл ичинде кадыр-барктуу, көрүнүктүү адамдардан болгон.
Апасы, Нагима Хамзеевна Айтматова улуту боюнча татар болгон. Жергиликтүү театрда актриса болгон. Билимдүү, эл оозуна алынган, акылдуу аялдардан болгон.
1942-жылы II Дүйнөлүк согуштун кесепетинен Айтматовго мектепти убактылуу таштоого туура келет. Ал убакта Айтматов 14 жашта эле. Шекер эли аны кат-сабаттуу болгондуктан айыл өкмөтүнүн катчысы кылып шайлап коёт. Ошол кезде жаштардын арасында кат тааныган улан-кыздар саналуу гана эле. Жаш Чыңгыздын башына кыйынчылыктар түшөт. Бирок ал баарына чыдамкайлык менен туруштук бере алды.
Андан кийин ошол эле согуш жылдарында райондук салык чогултуучу болуп иштейт. Айыл калкынан салык чогултат. Бирок согуш маалында ага салык чогултуу оңойго турган жок. Бир жылдан кийин, 1944-жылы август айында бул ишин өз эрки менен таштайт да, тракторлук бригаданын эсепчиси болуп иштейт.
1946-жылы, сегизинчи классты аяктагандан кийин Жамбылдагы зооветеринардык техникумга окууга өтөт. 1948-жылы техникумду мыкты аяктап бүтүргөндөн кийин Кыргыз айыл-чарба институтуна окууга кирет. Аны дагы 1953-жылы мыкты аяктайт.
2008-жылы 16-майда Айтматовдун бөйрөгүнүн иштеши токтоп калганына байланыштуу Германиянын Нюрнберг шаарынын ооруканаларынын бирине жеткирилет. Ал жакта 2008-жылдын 10-июнунда пневмония оорусунун кесепетинин айынан көз жумат. Сөөгү Кыргызстандагы Чүй облусундагы Аламүдүн районуна караштуу Чоң-Таш айылындагы Ата Бейит көрүстөнүнө коюлат.
Чыгармачылыгы
Айтматов адабиятты бала чагынан сүйгөн, ал эми студенттик күндөрүндө адабиатка болгон кызыкчылыгы ого бетер арта баштайт. Мына ошондой күндөрдүн биринде Айтматов орус адабияты менен аябай достошот. Ал орус жазуучуларынын "Сын полка" жана "Белая берёза" деген чыгармаларын басмакана менен макулдашпай туруп, кыргыз тилине которот. Бирок бул чыгармалар эчак эле которулуп калгандыктан Айтматовдун котормолору жарык көрбөй калат. Бирок ал өзүнүн жазуучулук ишин ошол повесттерди которуу менен баштадым деп эсептейт. Студент кезинде гезиттерге өзүнүн чакан макалаларын, очерктерин жарыялап жүрөт.
Окуусун аятагандан кийин (1953) Айтматов зоотехник болуп иштейт. Мына ошол кезде ал өз чыгармаларын жаза баштайт.
Ал 1956-жылы Москвадагы Жогорку адабий курстарды окууга жөнөйт. Ал жерден Айтматов дүйнөлүк адабияттын "тишин чагып", кенин казат.
"Москвадагы эки жылдык окуу мага, мурунку зоотехникке, көптөгөн жакшы нерселерди алып келди. Теориялык жактан эле эмес, ошондой эле практикалык жактан - биздин семинарлар Жогорку курстардагы талкуулар мен үчүн абдан жакшы чыгармачыл мектеп болуп берди", -дейт Айтматов.
Ошентип, курстарды аяктагандан кийин "Адабий Кыргызстан" журналынын редактору болуп иштеп калат. Андан кийин беш жылдай "Правда" гезитинин өз кабарчысы болуп иштейт. Бул дагы жазуучунун чыгармачыл талантын байытууга чоң түрткү берет.
Чыгармалары
Сыйлыктары
Чыгармалары тууралуу
Ак жаан
Бул аңгеме Ч. Айтматовдун адабият дүйнөсүнө жаңыдан аяк салып, өз жолун, өз темасын издеп жүргөн жылдардагы алгачкы аңгемелеринен. Буга чейин орусча "Кыргызстан" альмонахына(Номер2) эки аңгемеси: "Газетчик Дзюйо" жана "Ашым" 1952-жылы жарыяланган. "Ак жаан" адегенде "Советтик Кыргызстан" журналына (азыркы "Ала-Тоо" журналы) 1954-жылкы сегизинчи санына басылган. Туура беш жыл өткөндөн кийин Айтматовдун алгачкы кыргызча китеби "Обонго" {Фрунзе, Кыргызмамбас,1959}, андан кийин "Саманчы жолу" жыйнагына кирген {Фрунзе, Кыргызмамбас,1963},
Айтматовду эскерүү
Кыргыз элинин залкар акындарынын бири Асан Жакшылыков Айтматовду эскерип, "Чыңгыз Айтматовго аза баллада" деген балладасын жараткан.[1]
Колдонулган адабияттар