Кыргызский язык

Автор работы: Пользователь скрыл имя, 21 Октября 2013 в 15:56, реферат

Описание работы

Заттын санын, иретин, эсебин, болжолун, тобун, катар тартибин билидирген сөз түркүмү сан атооч деп аталат.Сан атооч сөздөр канча? нече? канчанчы? неченчи? канчоо? нечөө? деген суроолорго жооп берет.Сан атооч сөздөр сүйлөм ичинде ээлик, баяндоочтук,айкындоочтук милдетти аткарат. М: Ажардын жашы он үчтөрдө (баяндоочу - он үчтөрдө). Жыйырма беш бешке бөлүнөт (ээси -жыйырма беш, айкындоочу — бешке). Алты жерде беш — отуз (баяндоочу - отуз) ж.б.Сан атооч сөздөр түзүлүшүнө карай жөнөкөй жана татаал болуп, экиге бөлүнөт. Жөнөкөйү бир гана сөздөн, татаалы эки же андан ашык сөздөрдөн түзүлөт. М: Жөнөкөй: эки, беш, он, жыйырма, кырк, жүз, миң, миллион. Татаал: он үч, отуз эки, бир миң тогуз жүз алтымыш сегиз ж.б.

Файлы: 1 файл

6 САН АТООЧ.doc

— 132.00 Кб (Скачать файл)

6 САН АТООЧ 
Заттын санын, иретин, эсебин, болжолун, тобун, катар тартибин билидирген сөз түркүмү сан атооч деп аталат.Сан атооч сөздөр канча? нече? канчанчы? неченчи? канчоо? нечөө? деген суроолорго жооп берет.Сан атооч сөздөр сүйлөм ичинде ээлик, баяндоочтук,айкындоочтук милдетти аткарат. М: Ажардын жашы он үчтөрдө (баяндоочу - он үчтөрдө). Жыйырма беш бешке бөлүнөт (ээси -жыйырма беш, айкындоочу — бешке). Алты жерде беш — отуз (баяндоочу - отуз) ж.б.Сан атооч сөздөр түзүлүшүнө карай жөнөкөй жана татаал болуп, экиге бөлүнөт. Жөнөкөйү бир гана сөздөн, татаалы эки же андан ашык сөздөрдөн түзүлөт. М: Жөнөкөй: эки, беш, он, жыйырма, кырк, жүз, миң, миллион. Татаал: он үч, отуз эки, бир миң тогуз жүз алтымыш сегиз ж.б. 
Сан атоочтор маанисине карай 6 га бөлүнөт. 1. Эсептик сан. 2. Иреттик сан. 3. Жамдама сан. 4. Чамалама сан. 5. Топ сан. 6. Бөлчөк сан. 
6.1.ЭСЕПТИК САН АТООЧЗаттын санын, эсебин билдирип, канча? нече? деген суроого жооп берүүчү сан атоочтор эсептик сан атоочтор деп аталат. М: бир, төрт, он, отуз, элүү, сексен, үч жүз, миң, миллион, он окуучу, отуз беш китеп, кырк дептер, он беш карандаш, үч жүз онго бөлүнөт ж.б. 
6.2.ИРЕТТИК САН АТООЧЗаттын иретин, тартибин, катарын көрсөтүп, канчанчы? неченчи? деген суроолорго жооп берүүчү сандар иреттик сан атооч деп аталат.Иреттик сан атоочтор эсептик сандарга -ынчы (-нчы) мүчөсү улануу менен түзүлөт. М: бир+ынчы=биринчи, үч+ынчы=үчүнчү, жети+ынчы=жетинчи, сегиз+ынчы=сегизинчи ж.б.Иреттик сандын -ынчы мүчөсүнөн кийин чыгыш жөндөмөнүн -дан мүчөсү уланып айтылганда киринди сөздүк мааниде колдонулат.М:, Менин силерди чакырткан себебим төмөнкүчө: биринчиден, алдыдагы ишти кеңешүү, экинчиден, алтын кушту издеп табуу. 
6.3.ЖАМДАМА САН АТООЧСан менен заттык түшүнүктү жамдап көрсөтүп, канчоо? нечөө? деген суроолорго жооп берүүчү сандар жамдама сан атооч деп аталат.Жамдама сан атоочтор эсептик сандарга -оо, -өө мүчөлөрү улануу менен түзүлөт. М: бирөө, экөө, алтоо ж.б.Жак мүчөлөр уланганда төмөндөгүдөй өзгөрөт: бирөөбүз (сүңөр, сүздөр), экөөбүз (сүңөр, сүздөр), алтообуз (суңар, суздар) ж.б.Жамдама сан атоочтор сүйлөм ичинде ээлик, аныктоочтук, толуктоочтук милдетти аткарат. М и с а л ы: Окугандардан алтоо сыйланды (ээси - алтоо). Үчөөнө Ардак грамота берилди (толуктоочу - үчөөнө). Экөөнүн иши жакшы деп бааланды (аныктоочу - экөөнүн). 
6.4.ЧАМАЛАМА САН АТООЧЗаттын санын чамалап, болжолдоп көрсөтүүчү сандар чамалама сан атооч деп аталат. Чамалама сан атоочтор төмөндөгүдөй жолдор менен түзүлөт.1.Ч сан эсептик сан атоочтордун өз ара айкалышуусу аркылуу жасалат: алты-жети, он-он беш, кырк-элүү, , сексен-токсон, ж.б.2.Эсептик сан атоочторго жакын, чамалуу, ашуун, чакты деген өздөрдүн өз ара айкалышуусу менен түзүлөт. М: отузга жакын, кырк чамалуу, жүздөн ашуун, жыйырма чакты, . 
1.Эсептик сандарга -дай, -ча, -даган мүчөлөрү улануу менен түзүлөт. 
М: отуздай, кырктай, элүүчө, алтымышча, ондогон, жүздөгөн. 
1. Эсептик сандарга көптүк -лар мүчөсү, көптүк мүчөсүнөн кийин жөндөмө мүчөлөрдүн бири улануу менен чамалама сан атооч түзүлөт да, заттык мааниде колдонулат. М: Анын жашы кырктарга барып калды. Ушул айдын жыйырмаларына жакын Москвага жөнөйм. Саат бирлерде биз сабактан тарайбыз. 
6.5.ТОП САНЗаттын санын топ-тобу менен көрсөтүп, канчадан? нечеден? деген суроолорго жооп берүүчү сандар топ сан деп аталат. Кыргыз тилинде топ сандын өзүнчө тиешелүү мүчөсү жок, бир же эки кайталанган эсептик сандарга чыгыш жөндөмөсүнүн -дан мүчөсү улануу менен гана жасалат. М: Алар бештен, биз үчтөнбүз. Алдыңкыларга төрттөн китеп сыйлык  
6/6.БӨЛЧӨК САНЗаттын санын майдалап, бүтүн сан менен бөлүктүн өз ара катышын билдирген сан бөлчөк сан деп аталат.Бөлчөк сан чыгыш жөндөмөсүнүн -дан мүчөсү аркылуу жасалат. Бирок чыгыш жөндөмөсүнүн мүчөсү (-дан) бөлчөк сандын биринчи бүтүн санына уланып, анын бөлүгүнөн мурда айтылат.М: экиден бир; бештен үч ; ондон эки ; жүздөн жыйырма беш ж.б. 
6.7.САН АТООЧТОРДУН ЖӨНДӨЛҮШҮ  
Жөндөмөлөр  
Эсептик сан  
Иреттик сан  
Бөлчөк сан 
А. 
И. 
Б. 
Т. 
Ж 
Ч. отуз 
отуздун 
отузга 
отузду 
отузда 
отуздан төртүнчү 
төртүнчүнүн 
төртүнчүгө 
төтүнчүнү 
төртүнчүдө 
төртүнчүдөн Ондон беш ондон бештин ондон бешке ондон бешти ондон беште 
ондон бештен 
Жамдама сан атоочтор үчүнчү жактын таандык мүчөсү уланган зат атоочтор сыяктуу жөндөлөт. М:. 
Жетөө жетөөнүн жетөөнө 
жетөөнү (жетөөн) жетөөндө жетөөнөн 
6.8.САН АТООЧТУН ЖАЗУУ ЭРЕЖЕЛЕРИЖөнөкөй сандар айрым жазылат. М: бир, эки, он, жыйырма, отуз, кырк, алтымыш, сексен, токсон, жүз, миң.Төмөнкү эсептик сандарда эки л катар жазылат: миллион, миллиард, триллион, триллиард.Иретти көрсөтүүчү сандар цифрра аркылуу берилсе, цифра менен кийинки сөздүн ортосунда дефис коюлуп, -ынчы, -нчы мүчөсү жазылбайт: 5-класс, 1999-жыл, 10-катар ж.б.Иреттик сандар рим цифрасы аркылуу берилсе, дефис коюлбай, бөлөк жазылат. М: IV класс, XXI кылым, X глава.-оо, -өө мүчөсү сан атоочтор менен бирге жазылат да, аягы үндүү менен бүткөн сөздөргө уланганда, уңгунун аягындагы үндүү түшүп калат. Мисалы: эки+өө=экөө, алты+оо=алтоо, жети+өө=жетөө. 
6.9.САН АТООЧТУН СИНТАКСИСТИК КЫЗМАТЫЭэлик (затташып): Экөө барды, үчөө келди. Бешинчилер тарашты.Баяндоочтук: Мен он үчтөмүн. Атам кыркта. Асыл жетиде.Аныктоочтук: Беш киши келди. Жүздүн жарымы - элүү.Толуктоочтук: Саат ондордо келем. Онду онго кошсо жыйырма. Бышыктоочтук: Ал эки келди. Биринчи сыйландым. 
6ЖАРЫЯ 
Жакынкы мезгилде болуучу ар кандай иш чараларды - жумушка алуу, кинофильм, спектакль көрсөтүү, жарманке, көргөзмөнүн ачылышы жөнүндө жана башка ар түрдүү коомдук иш чараларды элге кабардар кылуу максатында колдонулган иш кагазы - жарыя. Оозеки формадагы жарыя телекөрсөтүүдөн жана радиодон берилет. Жарыянын реквизиттеринин жайгашуу схемасы төмөнкүдөй: 
 
1 - реквизитте иш кагазынын аты белгиленет (ЖАРЫЯ);  
2 - реквизит - текст. Ал кыска, так болуп, сүйлөмдөрдүн маанилери логикалык ырааттуулук менен берилет; 
3 - реквизит - иш чаранын өткөрүлүү убактысы;  
4 - реквизит - ишчаранын өткөрүлүү жайы; 
5 - реквизит - иш чаранын өткөрүлүшүнө байланыштуу кошумча маалыматтар. 
6 - реквизит иш чараны уюштурган мекеме же коомдук топ. 
Жарыя менен кулактандыруунун реквизиттери, негизинен, окшош болот, бирок иш кагазында жарыянын аты айрым учурда белгиленсе, кээде аталбай эле, өткөрүлүүчү иш чара шыр баяндалат Жарнамалык жарыялар түрдүү форматта жана формада даярдалат. Графикалык стилистиканын элементтери - түрдүү шрифтер, боёктор менен жазуу, ар кандай фигураларды, сүрөттөрдү, фотолорду пайдалануу, жарнамалык тексттин жазылуу формалары ж.б. жарнамада өтө кеңири пайдаланылат. Жарыяда көрсөтүлгөн иш чарага катышуу ыктыярдуу түрдө болот. Ал ушул өзгөчөлүгү менен кулактандыруудан аймрмаланат. 
Окуу жайларына студенттерди кабыл алуу жарыясы бул иш кагазынын үлгүсү боло алат: Жарыя бардык эле учурда расмий түскө ээ болбостон, азил-тамаша же болбосо жарнама түрүндө түзүлүшү да мүмкүн. Мындай жарыялар окурмандын кызыгуусун пайда кылат. Концерт, кинофильм жана спектаклдер жөнүндөгү жарыялар, адатта, афиша деп аталат. Афишалар, адатта, көркөм кооздолуп, анда спектакль жана кинофильмдин аталышынан тышкары пьесанын, кинофильмдин айрым бир каармандары же алардагы кээ бир окуялардын көрүнүштөрүнүн элеси чагылдырылат. Кооздолгон мындай афиша көрүүчүлөрдүн көңүлүн өзүнө буруп, алардын кызыкчылыгын арттырууга жардам берери шексиз.  
6ТИЛ КАТ 
Мекеме менен уюмдан же бирөөдөн буюм-тайым, карыз акча, ошондой эле эгин-тегин, мал, кездеме ж.б. алганда тил кат берилет.Тил кат - алган нерсесин тастыктоочу документ болуп эсептелет. Тил каттын негизги реквизиттери төмөнкүлөр: 1. Документтин аталышы (Тил кат). 2. Текст: а) тил кат берүүчү кишинин кызматы, фамилиясы, аты жана атасынын аты; 
б) акча, документ, буюм-тайым же башка бир нерсени берген кишинин кызматы, фамилиясы, аты, атасынын аты (зарыл болгон учурда мекеменин аты); 
в) акча, документ, буюм-тайым же башка нерселердин аталышы жана алардын саны (зарылдыгына байланыштуу баасы, акчанын суммасы) көрсөтүлөт; 
г) алынып жаткан буюмдун техникалык абалы (эгер ал машина, ар түрдүү аппараттар ж.б. болсо); 
3. Тил каттын берилген убагы; 
4. Тил кат берген кишинин колу; 
5. Тил кат берген кишинин аты-жөнү. 
Алына турган акчанын суммасы же буюм-тайымдын баасы жана алардын саны тил катта толук көрсөтүлүп, кашаанын ичинде жазуу менен берилиши шарт. 
Тил каттын реквизиттери төмөнкүчө жайгашат: 
 
1 - реквизит - документтин аты, 2 - реквизит - текст, 3 - реквизит - тил кат жазылган дата, 4 - реквизит - тил кат берүүчүнүн колу, 5 - реквизит - тил кат берүүчүнүн аты - жөнү. 
Тил каттын 6 - реквизити - "Күбөлөр:". Ал эми 7, 9 - реквизиттер күбөлөрдүн колу, 8, 10 - реквизиттер - күбөлөрдүн аты - жөнү. 6, 7, 8, 9, 10 - реквизиттердин тил катта болушу милдеттүү эмес. Тил кат аркылуу түзүлгөн мамиле күбөлөрдүн болушун талап кылса гана, акыркы беш реквизит пайдаланылат. 
Чоң суммадагы акча, баалуу буюм жана мүлктөр тил кат аркылуу берилгенде, документ мамлекеттик нотариус тарабынан күбөлөндүрүлөт. 
Тил кат акча-буюмду,мүлктү убактылуу ээлөөдөгү юридикалык күчкө ээ расмий иш кагаз болгондуктан, анын жазылышына өзгөчө көңүл буруу зарыл. Тактап айтканда, текст менен коюлган колдун арасында бош калган жерлер сызылып ташталат. Тил каттын текстиндеги жазууларды өчүрүүгө, оңдоого тыюу салынат. Эгерде андай оңдоолор же өчүрүүлөр болсо, тил кат, расмий күчүн жоготкон деп эсептелет.  
7.СЫН АТООЧ 
Заттын өңүн, түсүн, сынын, сапатын, даамын, формасын ж.б. көрсөтүп, кандай? кайсы? деген суроолорго жооп берген сөздөр сын атооч деп аталат. М: кызыл, сары, жашыл, таттуу, ачуу, тоголок, жумшак ж.б. Сын атооч сүйлөм ичинде көбүнчө баяндоочтук, аныктоочтук, бышыктоочтук милдетти аткарат: М: Акылдуунун сөзү кыска (кыска — баяндооч). Жакшы адамдын белгиси эл камы үчүн жүгүрөт, жаман адам белгиси өз камы үчүн күйүнөт (жакшы, жаман - аныктооч). Бали, азаматтар, жакшы иштедиңер (жакшы -бышыктооч). 
7.1.САПАТТЫК ЖАНА КАТЫШТЫК СЫНЗаттардын сын-сыпаты, өңү-түсү, даамы, формасы, мүнөзү, сапаты сыяктуу белгилерин түздөн-түз көрсөткөн сын атоочтор сапаттык сын деп аталат.М: ичке, сулуу, ак, жашыл, тунук, ачуу, тегерек, тоголок, шайыр, түнт, жакшы, жаман, кызылыраак, өтө чоң, абдан сонун, саргыч, бозолук, чоң-кичине, жакшы-жаман, ак-кара ж. б.Башка бир зат менен болгон байланышына, кандайдыр бир катышына карай заттын өзгөчөлүктөрүн көрсөтүүчү сын атоочтор катыштык сын деп аталат.М: токойлуу жер, тоодой толкун, темирдей тартип, жаанчыл ай, даамдуу тамак, тумакчан киши, аталаш туган ж.б. Кыргыз тилинде сын атоочтун төрт даражасы бар: жай, салыштырма, күчөтмө жана басаңдатма даража. 
7.2 ЖАЙ ДАРАЖАЗаттын белгисин кандай нормада экендигин билгизип, атайын мүчөлөрдүн жардамысыз, уңгу түрүндөгү сапаттык сын атоочтор аркылуу жасалат: кызыл, сары, ак, көк, кара, жашыл, ачуу, кен, сүйрү ж.б. 
7.3 САЛЫШТЫРМА ДАРАЖАЗаттагы бир эле белги экинчи заттын белгиси менен салыштырылат. Салыштырууну чыгыш жөндөмөсүнүн -дан жана -ыраак мүчөсү уюштурат. Бал канттан пайдалуу. Замира Берметтен кичине. Москва көп шаарлардан кооз (коозураак). 
7.4. күчөтмө даражаЗаттардын сын-сыпатын күчөтүп, өтө жогору же өтө төмөн экендигин көрсөтөт да, төмөнкү жолдор менен жасалат. 
а) эң, өтө, абдан, чымкый, чылк деген ж. б. күчөткүч бөлүкчөлөрдүн жардамы менен жасалат: эң чоң, өтө күчтүү, абдан жакшы, чымкый кызыл. 
б) сын атоочтун толук кайталанып же кыскарып айтылышы аркылуу жасалат: кыпкызыл, упузун, капкара, сапсары, бийик- бийик тоолор, кооз-кооз үйлөр, сонун-сонункөчөлөр ж.б. 
в) затташкан сын атоочтор күчтөмө даражаны уюштурат: мыктынын мыктысы, сулуунун сулуу су ж.б. 
7.5 БАСАҢДАТМА ДАРАЖАЗаттагы белгинин нормалдуу белгиге жете бербегендигин же анын басандатылып айтылышын билдирет, төмөнкү мүчөлөрдүн жардамы менен жасалат: 
-ыш - агыш, көгүш 
-гыл - киргил, чаңгыл 
-ылжым, -ылжын - көгүлжүм, көгүлжүн 
-гыч - саргыч 
-гылт - кызгылт 
-гылтым - кызгылтым ж.б. 
7.6 СЫН АТООЧТУН ЖАСАЛЫШЫ 
Сын атоочтор төмөндөгүдөй мүчөлөрдүн жардамы менен жасалат: 
Зат атоочтон сын атооч жасоочу мүчөлөр: 
-луу – токойлуу жер, суулуу өзөн, малдуу адам 
-дай - тоодой толкун, алтындай сары, анардай кызыл 
-сыз - ботосуз төө, суусуз жер, айсыз түн 
-гы (-кы) - жазгы суу кышкы тоо, жайкы ысык 
-чул - суучул киши, жаанчыл ай, кишичил буура 
-лык - шаардык адам, айылдык жер, жылдык түшүм 
-чан - атчан адам, тончон бала, кийимчен киши 
-мер - ишмер кызматчы, сөздөр чал 
-дак - кумдак жер, таштак өрөөн, сыздак жер 
-кор - малкор адам, чайкор кемпир, дүнүйөкор бай 
-ий –илимий иш, тарыхый оку я, диний көз караш 
Этиштен сын атооч жасоочу мүчөлөр: 
-гыр - алгыр куш, өткүр бычак 
-гыч –аткыч киши, илгич мышык, жазгыч акын 
-гак - соргок кузгун, тайгак жол 
-аак - ыйлаак бала, тердээк ат 
-ык - жыртык кемсел, кетик тиш, тунук суу 
-чаак - таарынчаак бала, унутчаак киши, уялчаак кыз, тырышчаак окуучу 
-аанак - кабаанак ит, сүзөөнөк уй, качаанакат 
-калаң – шашкалаң киши, каткалаң үнсүз 
-ыңкы – көтөрүңкү кабак, басыңкы маанай 
-ма - жайма базар, өрмө жүгөн 
-ыш - тааныш адам, окшош буюм 
-ынды - уланды мүчө, туунду сөз 
-ын - агын суу, саануй 
-арман - чабарман жигит, күйөрман киши ж.б. 
7.8 СЫН АТООЧТУН СИНТАКСИСТИК ЖОЛ МЕНЕН ЖАСАЛЫШЫ 
Сын атоочтор сөз менен сөздүн айкалышы аркылуу синтаксистик жол менен жасалат. М: улуу-кичүү, узун-кыска, ачуу-таттуу, майда-чүйдө, ак саргыл, кара тору, кызыл ала, кара көк, мала кызыл, кара кочкул ж.б. 
7.9. СЫН АТООЧТУН ЗАТТЫК МААНИДЕ КОЛДОНУЛУШУ 
Сын атооч менен бирге айтылуучу аныкталгыч сөз түшүп калып, сын атооч зат атоочтук мааниде колдонулат: жакшы (адам) эл камын ойлойт, жаман (адам) өз камын ойлойт. Күлүк (ат) чапкан сайын арбытат. Жаманга айткан кайран сөз. Жакшыны жакшы билер ж.б. 
7.10. СЫН АТООЧТУН СИНТАКСИСТИК КЫЗМАТЫ 
Затташып ээлик милдетти: кызылы тандалып алынды. Жакшыны жакшы билер. 
Баяндоочтук: Бүтүн жер жүзү - аппак, кооз жана эң сулуу. 
Аныктоочтук: Кадырлуу адамдар келишти. Ал мага жаңы кубат, жаңы күч берди. 
Бышыктоочтук: Ысмайыл ырайымсыз көрүндү. Унү жагымдуу угулду ж.б. 
7ПРОТОКОЛ 
Чогулуш, жыйын, курултай ж.б. өткөрүлүшүн, анын катышуучуларынын чыгып сүйлөгөн сөздөрүн, чогулуш кабыл алган токтомдорду так, кыска формада баяндаган расмий иш кагазы - протокол. 
1. Чогулуштун кыска протоколу 
Чогулуштун кыска протоколунда биринчи бөлүгү күн тартиби менен толук берилет да, баяндамачынын, жарыш сөзгө чыккандардын аты-жөнү жана кабыл алынган токтом көрсөтүлөт. Демек, баядаманын мазмуну толук жазылбайт. Ошондуктан мындай протокол башка бирөөгө өтө эле түшүнүксүз болот. 
2. Чогулуштун толук протоколу 
Чогулуштун толук протоколунда баяндамачы жана жарыш сөзгө чыккандардын сүйлөгөн сөздөрү кеңири түрдө баяндалат. Берилген суроолор, алынган жооптор толук жазылат. Турмушта чогулуштун толук протоколу көп колдонулат. Себеби протоколдун бул түрү башкаларга мазмуну боюнча түшүнүктүүлүгү жана көчүрмө жасоого ыңгайлуулугу менен айырмаланат.  
3. Чогулуштун стенографиялык протоколу 
Чогулуштун стенографиялык протоколун атайын даярдыгы бар стенографисттер жазышат. Чогулуштун бул протоколунда жыйналыштагы бардык процесстер жана алардын аткарылуу тартиби катталат.  
4. Чогулуштун фонографиялык протоколу 
Чогулуштун фонографиялык протоколу магнитофон тасмасына же видеокамерага жазылат. Мында баяндамачынын да, жарыш сөзгө чыккандардын да, суроо жана жооп бергендердин да сүйлөгөн сөздөрү толук жазылат. 
ПРОТОКОЛДОН КӨЧҮРМӨ 
Протоколдон көчүрмө тиешелүү адамга зарыл болгондо берилет жана ага мөөр басылып, жооптуу адамдын колу коюлгандан кийин, расмий укуктук күчкө ээ. 
 
 
Ч. Айтматов “Ак кеме” повестинин сюжеттик линиясы Момундун таалим-тарбия 
программасы, анын таасиринде оожалган баланын аруу дүйнөсү, баланын 
каразгөйлүктөргө каршы трагедиялуу кыялый күрөшү сыяктуу идеяларга 
түйүндөлөт. Повесттын курулмасы Айтматовдун мурдагы жазган туундуларына, атүгүл эч кимдигине окшобойт. Чыгармага автордун эң алгачкы койгон аты «Жомок оромундагы жомок» болуп кийинче анан өзгөтүлгөн экен. Ушундан белгилүү болгону «Ак кеме» бир реял коркунучтуу жомок болуп, миф-аңыз жогору даражагы жетишген жазуу услубу катары чыгарманын талуу өзөгүн курап чыккан. Мында жомокко чындык далдаланып, чындык жомокту киндиктеш кубалай жүрүп олтуруп, «Ак кеме»нын укмуштай тамсылдик каймана маанидеги сыйымдуулугун өөрчүтүп, философыялык багыт туусун бийиктен саюуга мүмкүндүк жараткан. Повестте үч бурчтуу тогошкон сымволдук услуп бар болуп, бала сүйүү, сулуулук, аруулуктун сымволу. Анын тунук жүрөгүндө жаратылыштын ар бир тал ташы, ар бир сеңселген чөбү, чымчым топурагы ошончолук көркөм. Орозкул инـсандык мүнөздөн тескери жаралган ошол чөлкөмдүн мас-елес кейиптеги жарым кудайы болгон ташбоор зомогери ары элдер ыйыктаган бугу энени өлтүрүп кордогон мыкачы. Момун чал азыраак консерватып, шүгүрчүл, кайра мейрымдүү келип, ыкласмандуулуктун сымволу. Балага ушул момун чал «Бугу эне» уламышын айтып берип, көкөйүнө орноткон болчу. Ушул окшобогон диттеги үч түрдүү образ бүтүн елдин түптөлүп жаралышындагы тотемдик мифологиясы болгон касийеттүү бугу эненин алдында кан-жин аралашкан кыяматтык күчтүү күрөш алып барат. Күтбөгөндөгү натыйжада жырткычтык мээрымдүүлүк үстүнөн, каргыш махабат үстүнөн, адам табийгат үстүнөн, түркөйлүк маданият үстүнөн жеңиш казанган кирзыс көрүлөт да, бала менен чал чыгарманын өзөгүндө байкуштарча жеңилүүчү образдар. Момун чал өз жүрөгүнөн ыйыктаган ардактуу бугу энени орозкулдун басынтган зордугу менен өз колунда атып өлтүрүп, өлүмдөн калышбаган идеялык жазаага өкүм кылынат. Бала таятасы момундун үйрөтгөн жомогундагы ыйык бугунун былжырай чабылган башын жана адам жыйиркендирып чочуткан бугу этинын тамагын көргөндөн кийин анын туюмундагы баардык бакыт, жашоого болгон үмүтү өчөт. Ал көз алдындагы тырагедияны тосуп калууга чамасы жетбейт, ары кечирип жибере албайт да инـсанчылыктан безип, балык болуп кубулуп кетүүдөй арманы менен атасы согушка жөнөгөн кезде (анын атасы согуштан кайтбай калган болчу) Түшкөн ак кемени издеп өзүн чоң сууга таштап алат. Чыгарманын акыркы бүтүмү ушундай. Аңгеменин окуялык желишиндеги туюкташкан тырагедиянын өркөчүнө ээрчый чыгарма дагы арыйне философыялык мүнөздөгү иликтөө-жилктөөдөн белги санайт. Чыгарманын түпкү роху-идеясында аты аталбай, өз ата-енесинын да ким экендигин көрбөгөн жети жашар наристе уулдун турмушка болгон түш сыңары ууз сүйүүсүнүн кыйрашындагы тырагедиялык кайрак аркылуу автор бар кайратында адамзаттын көркөмдүк кемелденүүсүн боолголойт да, адамдардын кантип баратса деле ак дылдүүлүк менен каяша көкөрүп турганын бүтүн күчүнө даңазалайт. 
Ат атоочтор төмөндөгүдөй топторго бөлүнөт: 
1. Жактама ат атооч - мен, сен, сиз, ал, биз, силер, сиздер. 
2. Шилтеме ат атооч - бу-бул, тиги-тигил, ошо-ошол, ушу-ушул, тетиги-тетигил, 
мына бу-мына бул, мына ушу-мына ушул. 
3. Сурама ат атооч - ким? эмне? кайсы? качан? кайда? канча? кандай? кана? 
кайдан? 
4. Таңгыч ат атооч - эч ким, эч нерсе, эч бир, эч качан, эч кандай, эч канча, эчтеме, 
эч кайсы. 
5.Аныктама ат атооч - бүткүл ,бардык,баары, бүтүн, ар ким, ар кайсы, өз, өзүм, ар 
бир, ар кандай, ар качан. 
6. Белгисиз ат атооч - кайсы бир, кимдир бирөө, алда кандай, алда эмне, кандайдыр 
бир, бир нерсе. 
 
8 Буйрук кат - бир тармакка тиешелүү болгон уюмдарга бирдей мазмундагы иш чараны аткаруу үчүн жогорку уюмдан берилген ар кандай буйруктарды баяндоочу иш кагазы. Буйрук каттын нускасы жиберилүүчү уюмдардын санына жараша даярдалат. Анын биринчи нускасы катты жиберген уюмда сакталат да, калган нускалары тизме боюнча уюмдун курамына кирген төмөнкү инстанциядагы уюмдарга жиберилет. Айрым буйрук каттарда текстке караганда кат жиберилүүчү уюмдардын аталыштары көп орунду ээлейт. Эгерде уюмдун 3-4 бөлүмчөсү болсо, бир баракка кат жазууга болот. Ушундай артык баш убарагерчиликтен качуу максатында кат жиберилип жаткан уюмдардын жалпы аттарын көрсөтүү максатка ылайыктуу. Ал "Бардык курулуш башкармаларына", "Бардык факультеттердин декандарына", "Бардык мектептердин деректирлерине" ж.б.у.с. белгиленет.Буйрук каттын текстинде каржылоого тиешелүү маселе болсо, катка жетекчи менен бирдикте баш бугалтыр да кол коёт. Уюмдарга жөнөтүлгөн нусканы уюмдун кеңсеси, жалпы бөлүм же уюмдун катчысы тастыктайт. Буйрук каттын реквизиттери төмөнкүдөй: 
1. Каттын кайсы уюмдардын кандай жетекчилерине жөнөтүлгөнү (мисалы, "Бардык мектептердин деректирлерине"); 
2. Текст; 
3. Уюмдун жетекчисинин кызматы, колу жана аты-жөнү. 
Мы преклоняемся перед именем Чынгыза Айтматова, великого человека, поднявшего термин «манкурт». Мы сочувствовали образу Жоломана, из произведения «Буранный полустанок», забывшего свое происхождение, язык, свою душу. Это особенная тема, длинный рассказ. Сегодня мы называем «манкуртами» тех, кто, забыв свой дух, забыл кыргызский язык. Если внимательно посмотреть, среди забывших свой язык есть высокопоставленные служащие, чиновники и простые граждане. 9.ЭТИШ 
Заттын кыймыл-аракетин, ал-абалын билдирүүчү сөз түркүмү этиш деп аталат. Этиштер эмне кылды?эмне кылат?эмне кылып жатат? Эмне болду? Эмне болуп жатат? Кантет? Деген сыяктуу суроолорго жооп берет. М: Айшакан сайма сайды. Самолёт бийик көтөрүлдү. Балдар келип калышты. Мен окуп жатам. Жакында айылга барам.Этиштер түзүлүшүнө карата жөнөкөй жана татаал этиштер болуп экиге бөлүнөт.Жөнөкөй этиштер бир сөздөн, татаал этиштер эки же андан ашык сөздөрдөн түзүлөт. М: бар, кел, ойно, оку, бара кел, ойноп жүр, жазып бер, окуп жибер, жыгылып кете жаздадым, ойноп отура бердим. 
9.2.НЕГИЗГИ ЖАНА КӨМӨКЧУ ЭТИШТЕРТатаал этиштеги негизги кыймыл-аракетти билдирген этиштер негизги этиштер, кошумча кыймыл-аракетти билдирген этиштер көмөкчү этиштер деп аталат.М: Иштеп жатат (иштеп -негизги этиш, жатат - көмөкчү этиш). Окуп келди (окуп - негизги этиш, келди - көмөкчү этиш). Ал келген экен (келген негизги, экен көмөкчү этиш. Мира окуп жиберди, окуп негизги этиш, жиберди көмөкчү этиш. 
9.3.ТУБАСА ЖАНА ТУУНДУ ЭТИШТЕРЭтиш сөздөр тубаса жана туунду болуп, экиге бөлүнөт. Тубаса этиштер уңгу түрдө турат. М: бар, кел, кет, жүр, бер, отур, жый, кой, ж.б. 
Туунду этиштер мүчөлөрдүн жардамы менен жасалат: 
-ла - кайчыла, башта, тиште 
-а - сана, чене, көзө, жаша 
-ар - агар, көгөр, бозор, жашар 
-лаш - жардамдаш, достош, кездеш, саламдаш 
-кар - башкар, аткар, өткөр, откор 
-сыра - уйкусура, кансыра,алсыра 
-ы - байы, кеңи, жашы 
-каз - атказ, откоз, бүткөз 
-ылда - чырылда, бакылда, күпүлдө 
-ай - азай, көбөй, муңай, чоңой ж.б. 
9.4.ЭТИШТИН МАМИЛЕЛЕРИ ЖӨНУНДӨ ТҮШҮНҮККыймыл-аракеттин сүйлөп жаткан адамдын өзү тарабынан иштелгендигин же башка адамдар тарабынан аткарылгандыгын билдирген грамматикалык категория этиштин мамилелери деп аталат: ал, бер, жаз, оку, жазыл, асын, куткар, жаздырат ж.б.Кыргыз тилинде этиштин мамилелери бешке бөлүнөт: 
1. Негизги мамиле 
2.Кош мамиле 
3. Өздүк мамиле 
4.Туюк мамиле 
5. Аркылуу мамиле 
9.5.НЕГИЗГИ МАМИЛЕ 
Кыймыл-аракет сүйлөмдүн ээси тарабынан аткарылгандыгын билдирген этиштер негизги мамиле деп аталат.М: Замира китеп окуду. Ныязбек жазды десек, кыймыл-аракет башка кишилер эмес Замира, Ныязбек тарабынан гана аткарылды.Негизги мамиле этиштин өзүнө тиешелүү мүчөлөрү жок, башка мамиле этиштерди түзүүгө негиз болот. Туунду жана тубаса этиштер негизги мамилени түзөт: жаз-жазыш, жазып, жаздыр, жуу-жуун, жууш, жуудур, жуудурт ж.б. 
9.6.КОШ МАМИЛЕКыймыл-аракеттин бир канча адам тарабынан кошулушуп, иргелешип аткарылгандыгын көрсөтүүчү этиштер кош мамиле деп талат.Кош мамиле этиштерди -ыш (-иш, -уш, -үш, -ш) мүчөсү юштурат. М: алыш (алышты), жазыш (жазышты), санаш (санашты), иштеш (иштешти), бериш (беришти). 
9.7.ӨЗДҮК МАМИЛЕНегизги мамиле этишке -ын мүчөсүнүн уланышы аркылуу жасалып, кыймыл-аракет иштөөчүнүн өзүнө багытталгандыгын же өзү үчүн иштелгендигин билдирген этиш сөздөр өздүк мамиле деп аталат.Өздүк мамилени -ын (-ин, -ун, -үн, -н) мүчөсү уюштурат. Мисалы: ачын, көрүн, жуун, кийин, жамын, чечин, ойгон, жасан, таран ж.б. 
9.8.ТУЮК МАМИЛЕКыймыл- аракеттин өзүнөн-өзү иштелгендей маанини билдирген этиштер туюк мамиле этиш деп аталат. 
Туюк мамиле этишти –ыл, (-ил, -ул, -үл, -л) мүчөсү уюштурат. Мисалы: жазылды, ачылды, тосулду, оңолду, жасалды, кесилди, ж.б. 
9.9.АРКЫЛУУ МАМИЛЕКыймыл-аракет буйручунун өзү эмес башка бирөөлөр тарбынан иштелгендигин, аткарылгандыгын көрсөткөн этиш сөздөр аркылуу мамиле деп аталат. Аркылуу мамиле этишти төмөнкү мүчөлөр уюштурат. 
-дыр – алдыр, күлдүр, билдир 
-гыз – отургуз, жеткиз, билгиз 
-кыр – жеткир, жаткыр 
-ыр – батыр, житир, өчүр 
-коз – бүткөз, өткөз 
-ыз - агыз, эмиз, угуз 
-т – санат, окут, ойнот 
-ыт – коркут, үркүт, жарыт 
9.10.ЭТИШТИН ЫҢГАЙЛАРЫСүйлөөчү адамдын кыймыл- аракетке карата болгон мамилесин билдирген этиштин формасы ыңгай деп аталат.Этиштин ыңгайлары кыймыл- аракеттин чындыкта болгонун же болуп жаткан абалын, ниетин, тилегин, буйругун, шартын билдирет.Этиштин ыңгайлары бешке бөлүнөт: 
1. Буйрук ыңгай 
2. Шарттуу ыңгай 
3. Каалоо-тилек ыңгай 
4. Максат-ниет ыңгай 
5. Баяндагыч ыңгай 
 
9.11.БУЙРУК ЫҢГАЙСүйлөп жаткан адамдын кыймыл –аракетти аткаруу үчүн үч жактын бирине берген буйругун, сунушун, өтүнүчүн, билдирген сөздөр буйрук ыңгай деп аталат.Буйрук ыңгай төмөндөгүдөй жолдор менен түзүлөт: 
1. Негизги этиштер буйрук ыңгайды уюштурат. Мисалы: айт, кел, оку, жаз, бар, бас, тап, бил, ал, ук ж.б. 
2. Сөз мүчөлөрүнүн жардамы менен башка сөз түркүмүнөн жасалган этиштер буйрук ыңгайды уюштурат. Мисалы: кайчыла, сана, иште, сүйлө, ойно, башта, жолук, жазыш, жардамдаш ж.б. 
3. -сын,- гын, -гыла, -ыңыз, -ыңыздар алы (алык) сыяктуу мүчөлөрдүн жардамы менен түзүлөт. Мисалы: ойносун, баргын, иштегиле, келиңиз, барыңыздар, баралык, жөнөйлүк ж.б. 
9.12.ШАРТТУУ ЫҢГАЙКыймыл-аракеттин аткарылышы же аткарылбай калышы үчүн тиешелүү шарттын болушун көрсөткөн этиш сөздөр шарттуу ыңгай деп аталат. Шарттуу ыңгайды –са мүчөсү уюштурат. Мисалы:барса, келсе, окуса, жазса, көрсө, ойносо, ж.б.Шарттуу ыңгай төмөндөгүдөй маанилерди билдирет: 
1. Шарттык маанини: Күн жааса, биз барбай калабыз. Күн ачылса, биз жөнөйбүз. Алар кечиксе, мен барбайм. 
2. Мезгилдик маанини: Бүгүн кетсек, кайра келбейбиз. Күн чыкса, алп иштер башталат. 
3. Өтүүнү, сурануу маанисин: Жакшы окусаңар, тартиптүү болосуңар, көп ийгиликтерге жетесиңер. Барсаң бар, келсең кел. 
4. Карама-каршылык маанини: Чоро күтсө, Танабай келген жок. Ал келсе, мен барбайм. 
5. Себеп маанини: Согуш бүтсө, жумуш жеңилдеп калар эле. Жакшы колго түшсө, көңүлү курсант болот. Жаман колго түшсө, кор болот. 
9.13.КААЛОО-ТИЛЕК ЫҢГАЙ Кыймыл- аракеттин иштелиши, аткарылышы үчүн болгон тилекти билдирген этиш сөздөр каалоо-тилек ыңгай деп аталат.Тилек ыңгайды –айын (I жак, жекелик санда), -алык (I жак, көптүк санда), -гай эле+жак мүчөлөрү (I, II); -са+жак мүчөлөрү+экен уюштурат. Мисалы: барайын, келелик, көргөй, элем, барса экен, барсам экен.Каалоо-тилек ыңгай аркылуу берилген кыймыл-аракеттин али иш жүзүнө ашышы, же ашпай калышы сүйлөп жаткан адамга ачык, так болбойт, ошонун ишке ашышын тилейт, каалайт. 
9.14.МАКСАТ-НИЕТ ЫҢГАЙКыймыл-аракеттин иштелиши, аткарылышы үчүн болгон ниетти тилекти билдирген этиштер максат-ниет ыңгай деп аталат.Ниет ыңгайды -мак, -макчы мүчөлөрү уюштурат. Көбүнчө -мак мүчөсүнөн кийин эле, экен, турсун, тургай, бол, беле, эмес деген сыяктуу көмөкчү сөздөр кошо айтыла берет. Мисалы: Ал бүгүн шаарга кетмек. Мен жакшы окумакмын. Биз кечигип калмак болдук. Элдин сөзүнө караганда, Каныбек мында келмек эмес ж.б. 
9.15.БАЯНДАГЫЧ ЫҢГАЙКыймыл-аракеттин ошол учурда болуп өткөнүн, болуп жатканын, боло турганын жайынча баяндаган этиш сөздөр баяндагыч ыңгай деп аталат. М: Шаарга бардым. Шаарга бара жатам. Шаарга барганмын. 
Баяндагыч ынгай жакты жана чакты билдирет. 10.ЭТИШТИН ЧАКТАРЫКыймыл-аракеттин сүйлөп жаткан учурда болуп жаткандыгын, же андан мурун болуп өткөндүгүн, же андан кийин болорун чындык катарында көрсөткөн этиш сөздөр этиштин чактары деп аталат. Этиштин чактары төмөндөгүдөй болуп, үчкө бөлүнөт: 
1. Учур чак 
2.Келер чак 
3.Өткөн чак 
10.1.УЧУР ЧАККыймыл-аракеттин сүйлөп жаткан учурда болуп жаткандыгын көрсөтүүчү этиш сөздөр учур чак деп аталат.Этиштин учур чагы төмөндөгүдөй жолдор менен түзүлөт.Этиш сөздөргө чакчыл -а, -е (-й), -ып мүчөлөрү, андан кийин жак мүчөлөр уланып, жат, тур, бар, кел, бол, отур, бер деген ж.б. көмөкчү этиштердин кошо айтылышы аркылуу түзүлөт. Мисалы: Бактыбек мектепке бара жатат. Жүргүнчү улам эки жагын карай берди. Ата-энелер мектепке келип жатышат. Мен окуп жатам-оо, -уу мүчөлөрү аркылуу түзүлгөн кыймыл атоочторго жатыш жөндөмөсүнүн мүчөсү (-дан) улануу менен түзүлөт. М: Элдин турмушу жакшырууда. Отличник окуучулардын саны өсүүдө. Бак дарактар бүрдөөдө. Учур чак түзүлүшүнө карай жөнөкөй жана татаал болуп, экиге бөлүнөт. 
10.2.КЕЛЕР ЧАККыймыл-аракеттин, окуянын келечекте болорун көрсөтүүчү этиш сөздөр келер чак деп аталат. Келер чак кыймыл аракеттин аткарылышына карай айкын келер чак, арсар келер чак болуп, экиге бөлүнөт. 
10.3.АЙКЫН КЕЛЕР ЧАККыймыл-аракетти келечекте боло тургандыгы, же болбосу анык экендиндигин ачык-айкын көрсөткөн этиш сөздөр айкын келер чак деп аталат.Этиш сөздөргө чакчыл -а, -й мүчөлөрү уланып, андан кийин тиешелүү жак мүчөлөрүнүн жалганышы аркылуу айкын келер чак жасалат. Мисалы: Мен жакында Москвага барам. Кеңешмеде чыгып сүйлөйм. Жолдошторума жолугам. 
10.4.АРСАР КЕЛЕР ЧАККыймыл-аракеттин, окуянын боло тургандыгын, же болбой тургандыгын күмөндүү түрдө, же арсар экендигин көрсөткөн этиштер арсар келер чак деп аталат.Арсар келер чак -ар, -бас мүчөлөрүнүн жардамы менен уюшулат. М: Мен жакында барып калармын. Алар келип калышар. Бүгүн жыйналыш болор. Ашым эртең келип калар. Балким, Ысакул эртең шаарга барбас. 
10.5.ӨТКӨН ЧАККыймыл-аракеттин, окуянын сүйлөнүп жаткан учурдан мурун болгондугун, же болбогондугун билдирген этиш сөздөр өткөн чак деп аталат. М: Мен бардым. Биз жазыптырбыз.  
10КЕЛИШИМ 
Эки же андан артык тараптардын жарандык укуктары менен милдеттерин белгилөө, өзгөртүү же токтотуу жөнүндөгү иш кагаз келишим деп аталат. Тагыраак айтканда, келишим - тараптардын бири-бирине болгон мамилеси менен байланышы жөнүндө келишүү, бүтүм чыгаруу, белгилөө жана мамилесин тартипке келтирүүчү документ. 
Келишим мамлекет, ишкана, фирма, илимий мекеме же жамааттык уюмдар, мекемелер, ошондой эле эмгекчилердин арасында түзүлүшү мүмкүн. Эгерде келишимдик мамиле мекеме менен жеке киши же кишилердин топторунун ортосунда түзүлсө, мындай учурда ал эреже катарында эмгек жөнүндөгү макулдашуу (жобо) деп да аталат. Келишим өз мазмунуна ылайык продуктуларды өткөрүп берүү, айыл чарба азык-түлүктөрүн мамлекетке сатуу, материалдык жоопкерчилик, имарат же курудуш куруу, турак-жайды ижарага алуу, үй-жай жана транспорт каражаттарын сатуу-алуу, мурас калтыруу, алмаштыруу, мал-мүлкүн ижарага берүү, карыз берүү ж.б. жөнүндө түзүлөт. Мекемелер арасында абдан кеңири таралган келишимдин түрлөрүнө ар түрдүү товарларды өткөзүп берүү, келишим менен иштелүүчү иштер, имарат ижарасы, станок-аспаптарды орнотуу сыяктуу келишимдерди көрсөтүүгө болот. Ар кандай келишим өзүнүн мазмуну жана мүнөзүнө ылайык мыйзамга дал келгендей түзүлүшү керек. Бул жобонун бузулушу келишимдин расмий күчүн жокко чыгарат жана аны туура эмес түзгөн же ага жол берген кызмат кишисин жоопкерчиликке (жооптуулукка) алып келет. Келишим жазуу түрүндө түзүлүп, нотариат кеңселери тастыктаган (бекиткен) формада болушу керек. Келишимдин айрым түрлөрү, мисалы, имараттарды алуу-сатуу келишими мамлекеттик мекемелерде катталышы зарыл. Тараптар жогоруда аталган иш чаралардын бардыгы жана анын бөлүктөрү боюнча келишип, аны тийиштүү формада расмийлеш-тиргенден кийин гана келишим түзүлдү деп эсептелет. Келишим уюмдардын ортосунда түзүлсө, тараптар кол койгонго чейин ал уюмдун бугалтыры жана укук-кеңешчиси тарабынан үйрөнүлүп, алар тарабынан келишимдин түп вариантына макулдук белги коюлушу керек. Келишим өзгөчө иш кагазы катары өзүнүн төмөнкүдөй тилдик өзгөчөлүктөрүнө ээ: 
1. Келишим түзгөн тараптардын аталыштары алгач толук жазылат. Кийин алар "Чарба", "Уюм", "Завод", "Фирма", "Университет", "Ички иштер бөлүмү","Аткаруучу" деген кыскартылган аталыштар менен белгиленет 2. Келишим түзгөн тараптардын аталыштары бир сүйлөмдө жанаша келсе, "Тараптар" деп белгиленет; 
3. Келишим түзгөн тараптардын расмий аталыштары да, кыскартылган аталыштары да жана "Тараптар" деген сөз да баш тамга менен башталып жазылат; 4. Текстте сүйлөмдөр ойду баяндоонун логикалык ырааттуулугун сактоо менен 1-жактын көптүк түрүндө, зарыл болсо 3-жактын жекелик түрүндө баяндалат; 
5. Келишим мекемелердин же мамлекеттердин ортосунда түзүлсө, келишим түзүүгө жооптуу адам ошол мекеме же мамлекеттин атынан келишимге кол коёт. Кол коюуда "үчүн" кызматчы сөзү колдонулат: Бишкек кыш заводу үчүн; 
6. Чарбалык жөнөкөй келишимдерге ал мекемелердин өкүлдөрү кол коёт жана мөөрлөрү басылат. Келишимдер, негизинен, чарбалык жана эл аралык келишимдер болуп бөлүнөт. Эл аралык келишимдер саясий, экономикалык, илимий-техникалык жана маданий алмашуулар багытында мамлекеттер ортосунда түзүлөт. Андай келишимдер айрым учурда меморандум түрүндө да аткарылат. Чарбалык келишимдер жеткирип берүү, ижара, материалдык толук жоопкерчилик, буюмду тартуу кылуу, эмгек келишимдери болуп бөлүнөт.  
 
Өзөктүк проблемасын коомдук-саясий жана моралдык-тиричиликтик маселелер түзгөн башка санаттары менен термелеринде даанышман акын адамдарды бири бирине күйүмдүү, боорукер болууга, бир туугандарча жана ынтымак-ырашкерликте жашоого чакырат. Адамдар ортосундагы касташуулар, уруулаштар жана бөтөн элдер ортосундагы жаңжалдар менен согуштар акынды өзгөчө кайгы-муңга салат. Бирок XIX кылымдын башында жана орто ченинде кыргыздардын коомдук-экономикалык жана руханий турмушунда зор өзгөрүүлөр боло баштайт. Кокон хандыгынын тушунда ислам кеңири жайылып, диний мектептер, медреселер ачылат, сабаттуу адамдар пайда болот. Орусиянын карамагына өткөндөн кийин илим-билимге, маданиятка умтулуу андан бетер күчөйт. 
Жашы жагынан аталгандардын эң улуусу болгон Калыгул Бай уулунун (1785 — 
1855) чыгармачылык жолунун башталышы Кыргызстан Кокон хандыгынын бийлигинде 
турган мезгилге туш келсе, ал эми чыгармачылыгынын гүлдөп-өнүккөн учуру Түндүк кыргыздардын Орус империясынын курамына кирүүгө жасаган алгачкы иш-аракеттеринин жылдарына дал келет. Чыгармаларынын бизге келип жеткен үзүндүлөрү боюнча айтсак, акын болжолу, мусулман дининин негиздери, эски Күнчыгыш адабиятынын айрым үлгүлөрү менен тааныш болуптур. 
 
Калыгулдун чыгармачылыгынын экинчи бир маанилүү булагы болуп, сөз жок, кыргыз фольклору эсептелери жөнөкөй көзгө деле көрүнүп турат. Бул тенденциялар анын «Акыр заман» Калыгул Бай уулунун жолун тикеден-тике жолдогон жана салтын уланткан акын 
Арстанбек Буйлаш уулу (1824 —1878). Ал акындык чабыты жана дарамети жагынан 
кеңири таанылып, көзү тирүүсүндө эле «булбул» деген атка конгон. Б1рчы жана комузчу, даанышман ойчул жана коомдук ишмер катары ал да ошол өткөөл доордо — Кокон хандыгы орус империясынын бийлиги менен алмашып жаткан мезгилде жашап, чыгармаларында өз доорунун бардык кайгы-муңун бүтүндөй туруш-турпаты, татаалдыктары жана карама-каршылыктары менен таасын чагылдырган.  
Молдо Нияз өз мезгилинин уулу болгондуктан, анын дүйнөгө болгон көз 
карашы исламдын жана Күнчыгыш философиясынын нугунда калыптанган. Мунун айкын мисалы болуп дүйнөгө, коомго, адамдардын өз ара мамилелерине жана тарыхый окуяларга карата акындын мамилесиндеги мусулмандык көз караштын ачык-айкын көрүнүшүн эсептөөгө болот. 
 
Фольклордук жана диний түшүнүктөрдүн карым-катышы анын тарыхый окуяларды 
баяндаган санаттарына да мүнөздүү. Ал санаттарында Молдо Нияз Кокон — орус мамилелерин (Кокон хандыгын каратып алуу үчүн болгон согушту), кыргыздардын Чыгыш Түркстанга качышын, Жакыпбек хандын каарынан улам ал жакта көргөн азап-тозокторун ырга кошкон. Ушул жерде өзгөчө белгилеп кетүүчү нерсе — каапырларга (орустарга) болгон мамиледе Молдо Нияз чыныгы мусулман баласы жана өз Ата Журтунун анык патриоту катары келишкис мамилени тутунат. 
 
Молдо Нияздын көлөмдүү, сюжеттүү чыгармаларынын ичинен дагы экөө айрыкча 
бөлүнүп турат. Булардын биринчисинде — «Курманжан датка» — XIX кылымдагы орус 
саякатчылары менен аскер адамдары «Алай ханышасы» деп аташкан даңазалуу Курманжан датканын терең кайгы-касиреттүү, ал турсун драмалуу өмүр тагдыры көркөмдүк жактан жеткиликтүү жана так берилген. 
 
Экинчи санат Кетмен-Төбө өрөөнүнүн айтылуу манабы, бир кезде Т.Сатылганов 
өзүнүн «Беш каман» деген айтылуу ырында таптакыр тескери образын жараткан Дыйканбайга арналып, мында Молдо Нияз Дыйканбайдын ачыктан-ачык мактоо сөзгө ширетилген образын жараткан. Мезгил тамашасы деген ушул экен: эми биз Дыйканбайдын образын экинчи бир өңүттөн салыштырып кароого мүмкүнчүлүк алдык. 
 
Молдо Нияздын санаттарынын ичинде ашыктык ырларынын эң сонун үлгүлөрү болгон «Кымчабел», «Даткайым», ички уйгу-туйгу абалды чагылдырган «Афандим» деген көркөм туундулары да бар. 
 
Молдо Нияздан кийинки экинчи көрүнүктүү, иш жүзүндө эң улуу акын — Нурмолдо (1838 — 1920). Анын кылым бою дат басып, көрүнгөндүн колунда жана эсинде сакталып келген чыгармалары жаңыдан гана (1996, 1997-жылдары) чакан китепчелер иретинде жарык көрдү. Аларды окуган адам Нурмолдонун өмүр жолуна, билимине жана талантына таң калбай коё албайт. Кичинесинен кат таанып, бул жагы Наманган, Фергана, Ташкен, Кашгар, Үрүмчү, ар жагы Индия менен Аравияга чейин барып билимин, өнөрүн өркүндөтүп, ажылык парзын аткарып келген акын өз чыгармаларында «Манастан», Толубай, Санчы санаачылардан (ал өзү ушинтип атайт) тартып замандаштары болгон кыргыз, өзбек, казак акындары Балыкооз, Чоңду, Сартпай, Калыгул, Чоң ырчы, Куш ырчы, Молдо Кылыч, Сагымбай, Арстанбек, Жөжө, Жамбыл, Молдо Тойчу, Жума, Касанбай, Кыдыралы, Ниязаалы, Жеңижок, Молдо Нияз, Токтогул ж.б. мүнөздөмө берет. Ал аз келгенсип, анын калеми бут дүйнөлүк адабият менен философияга сяякат жасайт, атап айтканда, Аристотель, Аль-Фараби, Фирдоуси, Низами, Жами, Навои, Саади, Бабур, Машрап, Дамаски, Сайрам, Ограр, Кашмир, «Шахнамэ», «Хамза», «Мажнун менен Лейли», «Фархад менен Ширин» сыяктуу улуу даанышмандар, акындар, чыгармалар менен даңазалуу шаарлар акындын санагынан өтөт. 
 
4.СӨЗ ТҮРКҮМДӨРҮ 
Тилдеги сөздөрдүн лексикалык маанилерине, морфологиялык белгилерине жана сүйлөмдөгү синтаксистик кызматына карай ар түрдүү топторго бөлүнүшү сөз түркүмдөрү деп аталат.  
Кыргыз тилинде төмөндөгүдөй сөз түркүмдөрү бар. 
1 Зат атооч 7. Сырдык сөз 
2. Сын атооч 8. Тууранды сөз Кызматчы сөздөр  
3. Сан атооч 9. Жандооч  
4. Ат атооч 10.Байламта  
5. Этиш 11. Бөлүкчө 
6.Тактооч 12. Модаль сөздөр 
Сөз түркүмдөрү маани берүүчү, кызматчы жана өзгөчө сөз түркүмдөрү болуп, үчкө бөлүнөт. 
4.1. МААНИ БЕРҮҮЧҮ СӨЗ ТҮРКҮМДӨРҮМаани берүүчү сөздөр сүйлөм мүчөлөрүнүн милдетин аткарышып, заттын атын, сын-сыпатын, касиетин, санын, кыймыл-аракетин, ал-абалын, атын билдиришет. 
Маани берүүчү сөз түркүмдөрү: 
Зат атооч Ат атооч 
Сын атооч Этиш 
Сан атооч Тактооч 
4.2. КЫЗМАТЧЫ СӨЗ ТҮРКҮМДӨРҮКызматчы сөздөр деп, сөз менен сөздү, сүйлөм менен сүйлөмдү байланыштырып, өз алдынча турганда сүйлөм мүчөлөрүнүн милдетин аткара албаган сөздөрдү айтабыз. Аларга: жандоочтор, байламталар, бөлүкчөлөр жана модаль сөздөр кирет. 
4.2.1. ЗАТ АТООЧЗаттын атын же заттык түшүнүктү билдирип, жөндөмө, сан, таандык, жак мүчөлөрү боюнча өзгөргөн, сүйлөмдүн ар кандай мүчөсүнүн милдетин аткарган, ким? эмне? кимдер? эмнелер? деген суроолорго жооп берген сөздөр зат атооч деп аталат. Зат атооч энчилүү жана жалпы ат болуп, экиге бөлүнөт. 
4.2.2. ЭНЧИЛҮҮ ЖАНА ЖАЛПЫ АТТАРЭнчилүү ат жеке бир затка энчиленип коюлат. Аларга кишилердин, шаарлардын, тоолордун, океандардын, мекеменин, окуянын, айбандардын ж.б. аттары кирет. Алар дайыма баш тамга менен жазылат. М: Ысык-Көл, Тянь-Шань тоолору, Аккула, «Гүлсарат» романы, Бишкек шаары, «Кыргыз руху» газетасы, «Комсомолская правда» газетасы ж.б.Жалпы ат бир түрдүү заттарга жалпы жонунан берилет. М: токой, тоо. таш, су у, мектеп, шаар, адам, мал, эл ж.б. 
4.2.3. энчилүү аттардын жазылышыЭнчилүү аттар төмөндөгүчө жазылат.1. Адамдардын аттары  
2. Өз атынан тышкары коюлган аттар, жашыруун аттар (псевдонимдер) баш тамга менен башталып жазылат.  
3. Жаныбарларга коюлган энчилүү аттар бир сөздөн же сөзайкалышынан тургандыгына карабастан, баш тамга менен башталып жазылат. Кыргыздарда мындай аттар көбүнчө жылкыга жана иттерге карата колдонулат. М: Акжол, Аккула, Алгыра,Койкүрөң, Тайтору, Тоотору (жылкы аттары), Желмаян (төнүн аты), Бөрүбасар, Жолборс, Учар, Тайбас(иттин аттары). 
4. Географиялык аттар  
5. Кыргызстандын территориясындагы эки же андан артык сөздөн куралган татаал географиялык аттардын бардыгы тең араларына дефис коюлуп, ар бири баш тамгалар менен башталып жазылат. М: Ак-Булуң, Ак-Буура, Ат-Башы, Жети-Өгүз, Ийри-Суу, Кичи-Кызыл-Суу, Корумду-Төр, Чоң-Ак-Суу, Ысык-Көл, Жалал-Абад. 
8. Зарылдыгына карай Кыргызстандын территориясынан тышкары бир катар географиялык аттардын орусчадан которулуп алынышына жол берилет. Мындай учурларда татаал энчилүү аттардын составындагы деңиз, арал, булуң, кысык, көл деген сыяктуу сөздөр кичине тамга менен бөлөк жазылат. М: Ак деңиз, Кара деңиз, Рига булуңу, Онега көлү, Куриль аралы, Инд океаны, Дарданелл кысыгы. 
Астрономиялык аттар баш тамга менен жазылат: Марс, Чолпон, Күн, Жер, Ай ж.б. 
10. Китептердин, газета-журналдардын ж.б. аттары тырмакчага алынып, баш тамга менен, эгер эки сөзү тең энчилүү ат болсо, эки сөзү тең баш тамга менен жазылат 
11. КМШдагы, чет элдик партиялык, өкмөттүк, профсоюздук жогорку мекемелер менен уюмдардын наамдарынын аттары баш тамга менен жазылат: Кыргыз Республикасы, Россия Федерациясы, Кыргыз Республикасынын Президенти ж.б. 
12. Энчиленип айтылган тарыхый окуялардын аттарынын биринчи, экинчи сөздөрү баш тамга менен жазылат: Улуу Ата Мекендик согушж.б. 
13. Белгилүү даталардын, революциялык майрамдардын аттарынын биринчи сөзү баш тамга менен жазылат14.Эгерде татаал энчилүү аттардын биринчи сөзү иреттик сан атоочтордон болуп, цифрра менен жазылса, экинчи сөзү баш тамга менен жазылат: 1-Май, 8-Март, 9-Май ж.б. 
15.Министерстволордун, партиялык жана коомдук уюмдардын, ар түрдүү мекемелердин, окуу жайларынын биринчи сөзү жана анын составындагы кошо айтылган энчилүү аттар баш тамга менен жазылат 
4.2.4. зат атоочтордун жекелик жана көптүк саны санда айтылат. Көптүк маанини -лар мүчөсү жасайт..Кээ бир сөздөр -лар мүчөсүнүн жардамысыз эле көптүк маанини билдирип турат. Чөп чабылды. Эгин орулду. Мал жайлоого чыгарылды ж.б. 
4.2.5. ЗАТ АТООЧТОРДУН ЖАКТАЛЫШЫЗат атоочтор жакталбайт, жак мүчөлөр менен да өзгөрбөйт. Жак мүчөлөр этишке гана таандык. Бирок адамзаттык зат атоочтор баяндоочтук милдет аткарганда гана жак мүчөлөрдү кабыл алат. Демек, зат атоочтун баяндоочтук милдет аткаргандагы жак мүчөлөр менен өзгөрүшү зат атоочтун жакталышы деп аталат: мен студентмин, сен студентсиң, биз студентпиз, силер студентсиңер ж.б. 
Жекелик санда  
Жагы, түрү Жекелик санда 
I жак – мен 
II жак – сен (жөнөкөй түрү) 
II жак сиз (сылык түрү) 
III жак- ал -мын, -мин, -мун, -мүн 
-сың, -сиң, -суң, -сүң 
-сыз, -сиз, -суз, -сүз 
Көптүк санда  
Жагы, түрү көптүк санда 
I жак – биз 
II жак – силер (жөнөкөй түрү) 
II жак сиздер (сылык түрү) 
III жак- алар -быз, -биз, -буз, -бүз 
-пыз, -пиз, -пуз, -пүз 
-сыңар, -сиңер, -суңар, -сүңөр, 
-сыздар, -сиздер, -суздар, сүздөр


Информация о работе Кыргызский язык