Автор работы: Пользователь скрыл имя, 07 Ноября 2015 в 08:56, лекция
Сабактын максаттары: Окуучуларды жаңы маалымат менен тааныштыруу. Класста окуучулардын өз ара ишмердүүлүгүн уюштуруу. Окуучулардын кеп ишмердигинин негизги сүйлөө, угуу, окуу, жазуу түрүндөгү билгичтиктерин өнүктүрүү. Окуучулардын тил билгилигин жана социо-маданий билгилигин өнүктүрүү. Бири-бирине аяр мамиле кылууга үйрөтүү.
“Окутуу орус, өзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлүүчү мектептердин
5-9-класстары үчүн
кыргыз тилинен предметтик
боюнча түзүлгөн
“Кыргыз тили” 7-класстар үчүн
(түзүүчүлөр: Осмонова П.С., Абылкасымова Т.Н., Самара Саадатбек кызы)
жаңы эксперименталдык окуу китебин
Бишкек шаарындагы №28 мектеп-лицейинин 7-в классында
апробациялоодо өткөрүлгөн
“Кагаздан жасалган миң турна” тексти менен иштөө
ачык сабагынын иштелмеси
7-в класс 2014-жылдын 13-марты 3-чейрек
Модулдун темасы: Кыргызстан
Сабактын темасы: “Кагаздан жасалган миң турна” тексти менен иштөө
Сабактын максаттары: Окуучуларды жаңы маалымат менен тааныштыруу. Класста окуучулардын өз ара ишмердүүлүгүн уюштуруу. Окуучулардын кеп ишмердигинин негизги сүйлөө, угуу, окуу, жазуу түрүндөгү билгичтиктерин өнүктүрүү. Окуучулардын тил билгилигин жана социо-маданий билгилигин өнүктүрүү. Бири-бирине аяр мамиле кылууга үйрөтүү.
Сабакта күтүлүүчү натыйжалар:
Кептик-катнаштык билгиликтери:
Окуу: Жеңилдетилген чакан текстти окуп, түшүнөт жана текст боюнча тийиштүү тапшырмаларды аткара билет. (Көрсөткүчтөр: тексттин мазмуну боюнча продуктивдүү жана репродуктивдүү суроолорду туюнтуп, окулган тексттин мазмуну боюнча өз пикирин айта алат.)
Угуу: Жай сүйлөмдөрдү, суроолуу сүйлөмдөрдү угуп, карым-катнаш милдетине жана тексттин ишмилдеттик тибине жараша ар кандай деңгээлде кабылдай билет, алардын негизги мазмунун түшүнөт. (Көрсөткүчтөр: сабакта суроолорду угуп, аларга жооп берет, башкалардын айтканын угуп, түшүнүп, өзү улап сүйлөп кете алат.)
Сүйлөө: Берилген тема боюнча аңгеме кура алат. (Көрсөткүчтөр: сабакта талаш-тартышка кошулуп, берилген тема боюнча өзүнүн көз карашын ар бир окуучу 3-4 репликага чейин жактай алат.)
Жазуу: Сабакта жазуу көндүмдөрүнө ээ болот. (Көрсөткүчтөр: мурда өздөштүргөн орфографиялык көндүмдөрүнө таянып, суроолуу сүйлөмдөрдү түзүп жазат, БББ таблицасын өз дептерине толтуруп отурат.)
Тил билгилиги: Тил бирдиктерин түшүнөт жана кепте тилдин грамматикалык эрежелерине ылайык колдоно билет.
Социо-маданий билгилиги: Сабактагы теманын алкагында элдин каада-салттарын жана жашоо-тиричилик маданиятын билет.
Сабактын түрү: жактоо
Сабактын формасы: топ менен иштөө
Сабактын ресурстары: БББ таблицасы, таяныч кептин үлгүлөрү, баалоо барактары ж.б.
Сабактын жүрүшү:
Тактанын жанында жактоого критерийлер:
74- көнүгүү: 8 сүйлөмгө – 8 упай;
75-көнүгүү: 3 сүйлөмгө – 3 упай;
76-көнүгүү: 4 жоопко – 4 упай.
ТИРКЕМЕ
Кагаздан жасалган миң турна
1945-жылы Жапониянын Хиросима жана Нагасаки шаарларында атом бомбасы жарылган. Арадан он эки жыл өткөндөн кийин Хиросимадан бир канча алыс турган шаарда жашаган он үч жаштагы Садако аттуу кыз ооруп калат.
Досу Тидзуко ага канаттуулардын ыйыгы миң турна жөнүндө айтып берет. Жапондуктардын түшүнүгүндө турна адамга бакыт алып келет. Эгерде кагаздан Садако миң турна жасаса, анда бул оорудан айыгып кетесиң дейт. Ага ишенген кыз күн-түн миң турна жасай баштайт. Алты жүз турна жасаган кезде кыздын ден соолугу оңоло баштайт. Бирок ал 644 турна жасаган кезде көз жумат.
Ал жасай албай калган 356 турнаны классташтары кагаздан жасашат да, кыз менен кошо жерге коюшат. Садаконун өлүмү миңдеген балдарды кайгыртат. Алар кызга эстелик тургузуу үчүн клуб түзүшөт. Клубга дүйнөнүн көптөгөн окуучулары жардам беришет. Үч жылдан кийин Хиросима шаарынын Тынчтык паркына эстелик тургузулган.
2009-жылы Жапониянын расмий маалыматы боюнча, “хибакуся” – атом бомбасынан жабыркаган адамдардын саны 413 миңден ашкан.
Бириккен Улуттар Уюмунун жыйнактарынан
Которгон С.Рысбаев
Түшүндүрмө создүк:
“Хибакуся” – атом бомбасынан жабыркаган адам.
В Японии бумажные журавлики считаются символом удачи и долголетия. Есть традиция, в основе которой лежит красивая легенда: «Если с любовью и тщательностью свернуть тысячу бумажных журавликов, подарить их окружающим, и получить в ответ тысячу улыбок – исполнятся все желания». |
Өз ара баалоо барагы
№ |
Аты-жөнү |
Суроо берүүсү 1 упай |
Суроого жооп берүүсү (1 упай ) |
Айтып берүүсү (5 упай) |
Убакытты туура пайдалануусу (1 упай) |
Тапшырмаларды аткаруусу 15 упай |
Жалпы упайы 8 + (15) |
Абдыкадыров Рустам |
|||||||
Бактыбекова Элиза |
|||||||
Дуйшокова Тунук |
|||||||
Жапарова Адина |
|||||||
Каримова Салтанат |
|||||||
Кенжибаев Эркин |
|||||||
Окенаева Алтынай |
|||||||
Орозова Бегимай |
|||||||
Орунбек уулу Эльдияр |
|||||||
Саламатов Кайрат |
|||||||
Салымбаева Апар |
|||||||
Токтосунова Зарина |
|||||||
Турсунбекова Толгонай |
|||||||
Эрнистов Данияр |
Баалаган окуучу
______________________________
Топторду баалоо
топтор |
Суроо бергени
1 упай |
Суроого жооп бергени
1 упай |
Айтып берүүсү
5 упай |
Тапшырмаларды актаруусу 15 упай |
Убакытты туура (1 упай) пайдалануусу |
Топтун бардык мүчөлөрү иштедиби
1 упай |
Жалпы баасы
24 упай + |
1 |
|||||||
2 |
|||||||
3 |
Класста баалоо жүргүзүүгө сунуштар
Текст менен иштөөгө баа берүү (окуп түшүнүү) 24 + упай.
Окуучу текст менен туура жана катасыз иштегенде, т.а. тексттин тийиштүү тапшырмасын аткарганда 24 упай топтойт: | ||
критерийлер |
көрсөткүчтөр |
баалоо |
ар бир туура суроого бирден упай |
- текст боюнча суроо түзө алса; |
1+ |
ар бир туура жоопко бирден упай |
- текст боюнча суроого жооп берсе; |
1+ |
тексттеги негизги ой менен мазмунун туура айтып берет. |
- окулган текст боюнча түшүнгөнүн айтып берсе; |
5 упай |
Оозеки сүйлөп берүүгө 1мүнөттөн көп эмес. |
- айтып берүүгө чектелген убакытты туура пайдалана алса; |
|
Ар бир окуучу суроо берсин, суроого жооп берсин, тактага келгенде сүйлөсүн. |
|
1 упай (топторду баалоодо) |
Класстагы жыйынтык баа: | ||
74- көнүгүү: 8 сүйлөм – 8 упай; 75-көнүгүү: 3 сүйлөмгө – 3 упай; 76-к.: 4 жооп – 4 упай |
- окуу китебиндеги текст боюнча берилген тапшырмаларды туура аткарса; |
15 упай |
Ар бир туура эмес жооп үчүн билимдердин тийиштүү упайы алып салынат.
Үй тапшырмасына берилет: