Автор работы: Пользователь скрыл имя, 17 Октября 2013 в 10:17, реферат
Таланты таш жарган акын Алыкул Осмонов Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында 1915-жылы кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. Ал жаш кезинен эле ата-энесинен ажырап, жетимдиктин азабын да, турмуштун кыйынчылыктарын да башынан өткөрөт. 1925-жылы Фрунзе шаарындагы балдар үйүнө кабыл алынат. Бир аздан кийин эле ал балдар үйү Токмок шаарына көчүрүлөт. 1925 - 1928-жылдары ошол балдар үйүндө тарбияланат. Мына ушул жерде адабий китептерге өтө кызыгып, өз алдынча ыр да жазып көрөт. Он төрт жашында Фрунзедеги педагогикалык техникумга кирип, анын алдындагы адабий ийримге катышып, орустун белгилүү жазуучуларынын чыгармалары менен таанышат. 1930-жылы "Сабаттуу бол" газетасынын сентябрь айындагы санында биринчи жолу анын "Кызыл жүк" деген ыры басылып, адабий тушоосу кесилет.
Алыкул Осмонов
Таланты таш жарган акын Алыкул Осмонов Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында 1915-жылы кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. Ал жаш кезинен эле ата-энесинен ажырап, жетимдиктин азабын да, турмуштун кыйынчылыктарын да башынан өткөрөт. 1925-жылы Фрунзе шаарындагы балдар үйүнө кабыл алынат. Бир аздан кийин эле ал балдар үйү Токмок шаарына көчүрүлөт. 1925 - 1928-жылдары ошол балдар үйүндө тарбияланат. Мына ушул жерде адабий китептерге өтө кызыгып, өз алдынча ыр да жазып көрөт. Он төрт жашында Фрунзедеги педагогикалык техникумга кирип, анын алдындагы адабий ийримге катышып, орустун белгилүү жазуучуларынын чыгармалары менен таанышат. 1930-жылы "Сабаттуу бол" газетасынын сентябрь айындагы санында биринчи жолу анын "Кызыл жүк" деген ыры басылып, адабий тушоосу кесилет. Ушундан баштап анын ырлары газета, журналдарга үзбөй жарыяланат. 1933-жылы техникумду бүткөндөн тартып, ал биротоло чыгармачылык иштин артынан түшөт. Дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрүн үзбөй окуп, билимин, тажрыйбасын тереңдетет. Бар бололу, түгөнбөйлү, курдаштар, Узак, узак, узак болсун бул сапар. Кылым бүтүп, дүйнөдөн жок болсок да, Кайра кайтып жолугушчу жолдор бар. Менин күнүм өлбөсүнө түңүлбөйт, Толкун урса тайызына сүрүлбөйт. Тирүүлүктө жоктугуна жол бербей, Жер түбүндө чирисе да, бир гүлдөйт. 1935 - 1950-жылдардын аралыгында ал ондон ашуун ыр китептин ээси болду. "Таңдагы ырлар", "Жылдыздуу жаштык", "Чолпонстан" , "Махабат" , "Жаңы ырлар", "Менин жерим - ырдын жери" деген жыйнактары жарык көрдү. "Мой дом" аттуу ырлар жыйнагы 1950-жылы Москвадан орус тилинде басылды. Бул китеп жалпы союздук окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынып, акындын атагын алыска таратты. Алыкул Осмонов эң мыкты котормочу да болгон. Ал Пушкиндин, Шекспир, Низами, Шота Руставели сыяктуу дүйнөлүк адабияттын алптарынын көркөм дүйнөсү менен кыргыз окурмандарын биринчилерден болуп тааныштырат. Айрыкча улуу акын Шота Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатыр" поэмасынын Алыкул таржымалдаган котормосу аңызга айланып, атпай Ата Журтубуздун бүт булуң-бурчуна жетти. Шекспирдин "Отелло" , "Он экинчи түн" сыяктуу драмаларын да кыргыз көрүүчүлөрү анын котормосу боюнча сахнадан көрүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Улуттук сөз өнөрүнүн бүгүнкүсү менен эртеңкиси туурасында ойлонуу, өзүнө талап коюу А. Осмоновду көп нерсеге милдеттендирди. Ошондуктан мурдагы жазгандары такыр жакпай, өз жараткандарын өзү жериди. Нечен толгонуудан кийин басмага даярдаган ырларынын жаңы жыйнагын өрттөп да жиберди. Бул үчүн чоң жүрөк, ашкере баатырдык керек эле. Алыкулда андай касиет, сапаттардын баары бар болчу. Анын чыгармачылыгынын бурулуш учуру да дал ушул жылдарга туура келди. Бирок ажал арбайган ач колун ага сунуп, өлүм жакындап, суусу түгөнө берди. Ашкере айкөл, ташкындаган таланттын туз-насиби 35 жылга гана өлчөнгөн экен, залкар акын 1950-жылы 12-декабрда дүйнөдөн кайтты. Калемдеш жана замандаштарына караганда Алыкул Осмоновдун таланты да, тагдыры да бөлөкчө. "Кудайга миң мертебе калп айтса да, ырына бир жолу да калп айта албаган" бул акын өзүнүн керемет поэзиясы менен адамдардын жүрөгүнө жашоонун не бир ажайып сулуулугун, кымбаттыгын жеткире алган. Акын мөлү Алыкул өз өмүрүн ырсыз элестете алган эмес. Ошондуктан өмүрүнүн акырына чейин поэзияны ыйык туткан. Кудурети күчтүү табияттан анын сураганы да бир гана нерсе эле. Ал ыр болчу: Мен турмушта сараң, ачкөз эмесмин, Өктөө кылып: "Ай, аз бердиң, - дебесмин. Байлык, үй-жай, ден соолуктан ардактуу, Мага берсе, эки сабак ыр берсин. А. Осмоновдун акындык жана адамдык сапатын мына ушул төрт сап ыр эле аныктай алат. Ал өмүр бою бул шертинен тайган жок. Улуу адамдар кайталангыс таланты менен өздөрүн өлбөс кылып жаратышат. Алыкул да ошондой таланттардын катарына кирет. Бар бололу, түгөнбөйлү, курдаштар, Узак, узак, узак болсун бул сапар. Кылым бүтүп, дүйнөдөн жок болсок да, Кайра кайтып жолугушчу жолдор бар. Менин күнүм өлбөсүнө түңүлбөйт, Толкун урса тайызына сүрүлбөйт. Тирүүлүктө жоктугуна жол бербей, Жер түбүндө чирисе да, бир гүлдөйт. Бул саптарды окуганыңда Алыкул Осмонов сенин жаныңда баягыдай эле тирүү бойдон тургансыйт, чыныгы поэзияга тизе бүгүп, таазим кылууга аргасыз кылат. Таланты таш жарган акын Алыкул Осмонов Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында 1915-жылы кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. Ал жаш кезинен эле ата-энесинен ажырап, жетимдиктин азабын да, турмуштун кыйынчылыктарын да башынан өткөрөт. 1925-жылы Фрунзе шаарындагы балдар үйүнө кабыл алынат. Бир аздан кийин эле ал балдар үйү Токмок шаарына көчүрүлөт. 1925 - 1928-жылдары ошол балдар үйүндө тарбияланат. Мына ушул жерде адабий китептерге өтө кызыгып, өз алдынча ыр да жазып көрөт. Он төрт жашында Фрунзедеги педагогикалык техникумга кирип, анын алдындагы адабий ийримге катышып, орустун белгилүү жазуучуларынын чыгармалары менен таанышат. 1930-жылы "Сабаттуу бол" газетасынын сентябрь айындагы санында биринчи жолу анын "Кызыл жүк" деген ыры басылып, адабий тушоосу кесилет. Ушундан баштап анын ырлары газета, журналдарга үзбөй жарыяланат. 1933-жылы техникумду бүткөндөн тартып, ал биротоло чыгармачылык иштин артынан түшөт. Дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрүн үзбөй окуп, билимин, тажрыйбасын тереңдетет. 1935 - 1950-жылдардын аралыгында ал ондон ашуун ыр китептин ээси болду. "Таңдагы ырлар", "Жылдыздуу жаштык", "Чолпонстан" , "Махабат" , "Жаңы ырлар", "Менин жерим - ырдын жери" деген жыйнактары жарык көрдү. "Мой дом" аттуу ырлар жыйнагы 1950-жылы Москвадан орус тилинде басылды. Бул китеп жалпы союздук окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынып, акындын атагын алыска таратты. Алыкул Осмонов эң мыкты котормочу да болгон. Ал Пушкиндин, Шекспир, Низами, Шота Руставели сыяктуу дүйнөлүк адабияттын алптарынын көркөм дүйнөсү менен кыргыз окурмандарын биринчилерден болуп тааныштырат. Айрыкча улуу акын Шота Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатыр" поэмасынын Алыкул таржымалдаган котормосу аңызга айланып, атпай Ата Журтубуздун бүт булуң-бурчуна жетти. Шекспирдин "Отелло" , "Он экинчи түн" сыяктуу драмаларын да кыргыз көрүүчүлөрү анын котормосу боюнча сахнадан көрүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Улуттук сөз өнөрүнүн бүгүнкүсү менен эртеңкиси туурасында ойлонуу, өзүнө талап коюу А. Осмоновду көп нерсеге милдеттендирди. Ошондуктан мурдагы жазгандары такыр жакпай, өз жараткандарын өзү жериди. Нечен толгонуудан кийин басмага даярдаган ырларынын жаңы жыйнагын өрттөп да жиберди. Бул үчүн чоң жүрөк, ашкере баатырдык керек эле. Алыкулда андай касиет, сапаттардын баары бар болчу. Анын чыгармачылыгынын бурулуш учуру да дал ушул жылдарга туура келди. Бирок ажал арбайган ач колун ага сунуп, өлүм жакындап, суусу түгөнө берди. Ашкере айкөл, ташкындаган таланттын туз-насиби 35 жылга гана өлчөнгөн экен, залкар акын 1950-жылы 12-декабрда дүйнөдөн кайтты. Көзү өткөндөн кийин, 1964 - 1967-жылдары чыгармаларынын үч томдугу жарык көрдү. 1984 - 1986-жылдары ырлары, котормолору, поэмалары менен драмалары кайрадан үч томго топтоштурулду. Күн өткөн сайын өзүнө койгон талабы катаалдап, акын улам жаңы бийиктикти самап, поэзиянын улам жаңы аралдары менен жээктерин ача берди. Ошенткен сайын анын адам менен Ата Журтка болгон сагыныч-кусалыгын билдирген, жашоо менен өмүргө кумары канбаган ырларынын ажары ачылып чыга келди. Акындын мындай тематикадагы не бир укмуштуу, не бир азем керемет сулуулугу, кооздугу менен өзүнө куштар кылып, төбөсү асман тиреп, шоодурап менменсинген мырза теректи эске салат. Бирок ал өмүрү өткөнчө өзүнүн чыгармаларына канааттанган жок, улам жаңы, жакшыларды жараткысы келди. Мына ушул умтулуу аны ыр жазууга гана эмес, жашоого да шыктандырды. Ошондуктан акын өзүн аябады, жанын жай таптырбай жабыркаткан ооруга карабай, күрс-күрс кан жөтөлүп отуруп да, кара жанын карч уруп, бир сап ыр үчүн түн күзөп көшөрө эмгектенди. Жогорку талап, тынчтык бербеген тынымсыз изденүү Осмоновдун чыгармаларын кулач жеткис, асман мелжиген алп чынарга айландырды. Дүпүйгөн чынардын сансыз бутактары бар сыңары А. Осмоновдун керемет поэзиясынын мазмуну да ар түрдүү жана өтө бай. Анда бирде Ата Журттун асылдыгы, ага деген сүйүүнүн ыйыктыгы даңкталса, бирде адам баласын дүйнөнүн ээси кылуудагы кудуреттүү эмгек ырдалат. Анын чыгармаларында кээде өмүр менен өлүм бой тирешип тура калат да, анан акын өмүрдүн улуулугун жана түбөлүктүүлүгүн не бир мукам кайрыктарга салат. Сүрөткердин кимдиги, кандайлыгы анын чыгармаларынын санында, тематикасынын ар түрдүүлүгүндө эмес, анда камтылган ой менен сезимдин күчтүүлүгүндө, жасалмалуу эмес табигыйлыгында, баарынан мурда, ал көркөм дүйнөнүн насили, нарк баасында жатат. Улуу акын үчүн майда, кичине деген нерсе болбойт, демейки окурман үчүн байкалып, кармалбаган нерседен ал ааламды кучагына сыйдырып, адамды түйшөлтүп ойлонууга аргасыз кылган улуулукту көрө алат. А. Осмонов деле башка акындар эмнени ырдаса, ошол нерселер жөнүндө ырдады, бирок башкача ырдады. Ал чыныгы поэзияны жалтыраган кооз сөздөрдөн, болбосо Ата Журт деп өпкө-жүрөгүн чаап, көкүрөк койгулоодон издебеди, анын поэзиясы ар бирибиздин жүрөгүбүздө уялаган, бирок оңой менен бере албаган букту, ойду таап, козгой алды. Ошондуктан Осмоновдун ырларын окуганда, ал ырлар сенин жүрөк сезимиңден жаралгандай болот. Акын адамдардын купуя жүрөк сезимин айттырбай туюп, билип тургандай. Анын ырларынын керемет сыры дал ушунда. Ар бир адамга Ата Журт кымбат. А. Осмоновдун ырларын окуганыңда, Ата Журт менен акын бири-бирине ээрчишип жүргөн ата-баладай көз алдыңа тартыла калат. …Жылуу кийин, жолуң кыйын үшүүрсүң, Кыш да катуу… бороон улуп, кар уруп… Суугуңду өз мойнума алайын, Жол карайын, токтой турчу, Ата Журт! Бул саптар А. Осмоновдун белгилүү "Ата Журт" деген ырынан. Анын алгачкы эки сабын окуганда ырдын Ата Журтка арналып жаткандыгын сезбейсиң, ал саптар кадимки эле камкор эненин жалгыз перзентин алыс сапарга узатып жаткандагы мээримин элестетет. Ырдын акыркы эки сабын окуганыңда гана анын Ата Журтка арналып жаткандыгын билип, айланаңды өзгөчө сүйкүм менен эрксиз бир карап аласың. Анан жүрөгүңдө сөз менен айтып жеткире алгыс Ата Журтка деген сезим пайда болот да, тууган жердин элеси калдайып көз алдыңа тартыла түшөт. Ата Журтту аргасыздан өзүңдүн эң бир жакын, бир ыйык адамыңдай элестетесиң. "Бүт дартыңды өз мойнума алайын, сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт" деп, анын алдында адамдык парзыңды кылчактабай аткаргың келет. Ошентип акын Ата Журттун кооздугун, кымбаттыгын шөкөттөп-мактап да отурбайт, сенсиз жашай албайм деп жалынып-жалбарбайт. Бар болгону мээрман эненин күндө айтыла берип, анчалык элес да алынбай калган демейки сөзүн кайталоо менен гана чектелген. Бирок ушул карапайым сөздө камтылган эл-жерге болгон чыныгы сүйүү бизди аргасыздан өзүнө тартат, Мекен ааламдагы эң ыйык нерсеге айланат. Акындын "Ата Журтун" өзүнүн жалгыз кызына арнаган "Бөбөккө" деген ырынан жана жалгыз уулун күтүүдөн тажабаган Миңбай чал жөнүндөгү "Жеңишбек" аттуу поэмасынан ажыратып кароого болбойт. Булар бири экинчисин толуктап турат. Жаштайынан жалгыздыктын жабырын тарткан акын зарыгып жүрүп кыздуу болот. Ал төрөлгөндө күнү-түнү наристенин жанынан чыкпай, бир канча күн ага ысым издеди, акыры Жыпар деген ат көңүлүнө туура келди. Жыпары бар болгону он беш гана күн жашап, чарчап калды. Ал өзүнүн бул күйүтүн поэмага тете "Бөбөккө" деген ырында төктү. Күчтүү күйүттөн жаралган бул ырды акындын керт башынын арманы катары кароого болбойт. Анда жалпы эле адамзаттын балага болгон ыйык сезими, түбөлүктүү сүйүүсү берилген. Өмүр менен турмуш, жашоо менен тиричиликке арналган мындай мазмундагы ырлар акындын чыгармачылыгында өзгөчө бир өзөктү түзүп, орчундуу орунду ээлейт. Чыныгы талант өмүр бою өзүнө нааразы болуп жүрүп өтөт. Бир чети мүлдө кыргыз көтөрө алгыс ыр килемин кирпик менен согуп, бардыгынан танып, ырдан танбаган Алыкул да өзүнө ыраазы болбой, поэзиянын түпсүз терең көлүндө чабак уруп олтуруп, стол үстүндө ыр жазган калыбында, бар болгону отуз беш жаш курагында кете берди.