Л.Лигети өз эмгегинде Девернянын кытай
тилинде «киян кун» - «кыргыз» этнонимин,
ал эми «Кем» - Энесай, «Кун» - Орхон маанисин
туюнтушу мүмкүн деген гипотезасы жөнүндө жазат. Бирок, Девернянын бул
пикирин далилсиз көз караш катары кароого болот.
Мындан сырткары, илим чөйрөлөрүндө адистер жогорудагыдай гипотезаны
колдоп чыгышкан жок. Соңку мезгилдеги илимпоздор «кыргыз»
этнониминин тоо, кыр, талаа адамдары, өңү «кызыл», «кызгылт» түстүү адамдар маанисинде чечмелеп
жүрүшөт. К.И.Петров: «Кыргыз»- «кырыг»
(же кыргы) байыркы түрк тилдеринде кызыл түсүн аныктаган сын атооч, - 3 көптүк маанини (- лар мүчөсү) туюнткан сөз жасоочу мүчө» - деп жазат. Ушул эле көз карашты түрколог Н.А.Баскаков өз изилдөөлөрүндө колдоп чыккан тыянагын айтат.
Бирок, Н.А. Баскаков qurquz сөзүнүн баштапкы маанисинде qurgu -
quruq - «кызыл», экинчи компоненти oguz - guz
же quruq oguz — кызыл огуздар дегенди туюнткан.
«Кызыл» түсү байыркы түрк доорундагы «түштүк» дегенди туюнткан. Изилдөөчүнүн пикиринде этноним бир эле
учурда «түштүк огуздар» дегенди билдирет.
Бул гипотеза (экинчи компоненти боюнча)
16-к. теңиртоолук кыргыздардын Хожент
тоолорунда кырк гуздардан - кыргыз этноними
келип чыгат деген санжыра менен дал келет.
Этнонимдин тоо, талаа, кыр, кызыл, жана
башка ушундай сыяктуу сөздөргө маанилеш келип чыккандыгын
белгилеп пикирлер соңку мезгилдерде да жарык көрүп келет. Илим чөйрөсүндө бул маселе боюнча дагы бир
багыт бар. Биздин пикирде ушул көз караш негиздүү илимий тыянак болуп калат.
Доржи Банзаров, Л.Лигети С.М.Абрамзондор
кырг(к) - сан, - 3 көптүк маанисин туюнткан сөз жасоочу мүчө. «Кырк + з: - лар көптүк маанини түшүндүргөн сөз жасоочу мүчө». «Кырк + тар» же «кырк уруу»,
«кырк уруу эл». Бул илимий негиздүү пикирди эң алгач бурят окумуштуусу Доржи
Банзаров айткан. Автор -3 көптүк маанини аныктаган монгол
аффикси деген тыянакка келет. Арийне,
- 3 мүчөсү байыркы түрк доорунан эле белгилүү. Мисалы, кыргыз , огуз, телес,
барлас, мундуз жана башкалар. Огуз= ок(з)+
уз; «ок» - байыркы кыргыз тилинде «уруу»,
«эл» дегенди аныктаган оq-оq «тебе», «урук»
+иг; -г көптүк маанисин аныктоочу байыркы
аффикс. Санга байланыштуу этностук аталыш
тар байыркы кыргыз (түрк) доорунда өтө кенен тараган. Мисалы, он ок,
он огуз, атуу татар, үч карлук, үч курыкан, тогуз огуз, отуз
уул, үч ок, жана башкалар. Кыргыздарда
кырк уулу (саруу), кырк тамга (жоокесек),
отуз уул, тогуз (багыш), жети уруу (саруу), үч ок (басыз) жана башкалар урук-уруу
аттары кездешет. Түрк-монгол элдеринде, анын ичинде
кыргыздарда жети, тогуз, кырк сандары
ыйык санды туюнтары эзелтеден белгилүү. Мындан сырткары, башкыр, казак, өзбектерде жүз, кырктар, миңдер жана башка этникалык аталыштар
кенен таралган.
- Кыргыз-кырк + ыз(з) = кырк, -ыз (-з) көптүк маанини түшүндүрүүчү сөз жасоочу мүчө. Кырк + з - «кырк уруу эл», «кырк уруунун биримдиги, союзу» дегенди туюнтат. Элдик оозеки чыгар- маларда «кырк уруулуу кыргыз» сөзү арбын кездешет. Ушул эле маалыматтар «Манас» дастанында да чагылдырылат. 13-18- кк. Монгол тилдүү булактарда «кыргыз» этнонимин «киргут» - кырг + ут- т (- ут) монгол тилдүү элдерде көптүк маанини түшүндүргөн сөз жасоочу мүчө. Ойрот (Жунгар) хандыгын Угечи Кашка (Гүйлүчү, Мункэ Темур) жетектеген кыргыздар (булактарда «киргуттар») 1499- 1525-жж. Ойрот (Жунгар) хандыгын негиздешкендиги маалым.
"Кыргыз" деген сөздүн мааниси жана кыргыздардын байыркы
журттары жөнүндө түркчө, арабча жана парсыча бир кыйла материалдар
бар. Айрыкча түркүй улуттарынын атактуу окумуштуусу Махмут
Кашкари тарабынан жазылган "Диван
лугатит түрк" деген атактуу чыгармада кыргыздар
(кырк кыздар) жөнүндөгү бир канча жерде маалымат берилген. Бул
чыгарманын бир жеринде: "Кыргыз"
деген бир түрк тайпасынын наамы"15 деп жазылган,
бул чыгарманын кириш сөз бөлүмүндө кыргыздардын жашаган мекендерин жана
алар менен коңшулаш жашаган тайпалар жөнүндө маалыматтар бар, бул маалыматтарда
кыргыздын татарлар менен айылдаш жашагандыгы,
алардын журту Чинге (Жуңгого) жакын экендиги баяндалган. "Кыргыз"
деген наамдын "Диван лугатит түрктө" "кыргыз" деп жазылгандыгы, байыркы
түрк тайпаларынын "Е" тамгасын "К"
менен окуусуна байланыштуу болсо керек.
Махмут Кашкарыдан соң көптөгөн илимпоздор байыркы кыргыздардын тарыхы
жана "кыргыз" деген этник наамдын
келип чыгышы, мааниси жөнүндө кээ бир изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Татар окумуштуусу Ади Атласов жана
башка илимпоздор "кыргыз" деген
наам жана кыргыздардын келип чыгышы сыяктуу
маселелерди байыркы огуздар жана анын
каганы Огуз ханга байланыштуу кылып көрсөтөт. Булардын ичинде Ади Атласов: "Байыркы
түрктөрдүн такай падышалык куруп, Азия мейкиндигинин
бардык жерлерин бир кыйла кол астына
алган мезгили болсо так Мукаммет пайгамбар
жылнамасынан 3400 жыл мурда (жаңы эрадан 4600 жыл илгери) өткөн Огуз хан дооруна туура келет"16 деп
жазган. Түркиянын окумуштуусу Нажип Асим: "Түрктөр чоң өзөндөрдү "өгүз" деп атаган. Ошондуктан байыркы
түрк тарыхында "огуз" деген аталманын
так "өгүз" деген сөздөн келип чыгып "огуз" "гуз" деп
аталып калгандыгы жана түрктөр батыш элдерине так ушул наам менен
атак чыгаргандыгы мүмкүндүккө өтө жакын"17 деп жазган.
Атактуу татар окумуштуусу
Мухаммет Мурат Рамзи: "Кыргыздар тегинде
Огуз Хан урпактары болгон түрк тайпаларынын ичиндеги чоң бир тайпа, же болбосо алар Огуз Ханга
жакын жүргөн адамдардан же анын аскер башчыларынан
таралган болсо керек. Кыргыздардын наамы
болуп келген "гыз" деген сөз "огуз" сөзүнүн бузулуп айтылышы болсо керек… Түрк тилинин сөздүк маанисинде эрме чөл же болбосо жайлоолорду "кыр" деп
айтат. Демек, кыргыз деген сөз "кырда жашаган огуздар (кыр-огуздар,
кыр-гыздар) деген сөз болсо керек"18 деп жазган. Аты-жөнү анык болбогон бир адам тарабынан жаңы эранын 712-жылы жазылган "Ките бени
түркия" деген китепте: … "огуздардын
бардык тайпалары" "тогуз огуз"
деген наам менен эске алынат, анын ичинде
кыргыздар да баяндалат"19деп жазылган.
Демек, жогорку маалыматтарга караганда
"кыргыз" деген наам байыркы түрк тилиндеги (бул доордо байыркы түрк тайпаларынын тили менен кыргыз тилинин
ортосунда чоң айырма болбогон) "кыр" (тоо, жайлоолор)
деген сөз менен "өгүз" (суу, өзөндөр) деген сөздүн бирикмесинен келген же болбосо жогорку
маанидеги "кыр" деген сөз менен "огуз" (огуз тайпасы жана
анын алгачкы бир жетекчисинин наамы)
деген сөздөн өзгөрүп келген болсо керек. Бул сөздөрдүн мааниси - кыр-өзөндөрдө жашаган адамдар, же болбосо кырда жашаган
огуздар деген сөз болсо керек. Демек, бүгүнкү "кыргыз" наам как ошол "кыр
өгүз", же болбосо "кыр огуз" деген
сөздөрдүн кыскартылып айтылышы болсо керек.
Ал эми түрк тилиндеги улуттардын тарыхын бир
кыйла терең изилдеген Мухаммет Абулгазы Батырхан
өзүнүн "Түрк шежиреси" деген даңазалуу чыгармасында огуздар жана анын
бир тармагы деп аталган кыргыз сыяктуу
улуттардын тарыхы жөнүндө көптөгөн изилдөөлөрдү жүргүзүп, огуз жана кыргыздардын ичинде таралып
келген байыркы уламыштарды жазып калтырган.
Анын жазгандарына караганда: "Огуз
хандын алты уулу болгон. Чоң уулунун аты Күнхан, экинчиси Айхан, үчүнчүсү Жылдызхан, төртүнчүсү Көкхан, бешинчиси Тоохан, алтынчысы Деңизхан. Бул алты уулдун ар биринин чоң аялдарынан төрөлгөн төрттөн баласы болгон экен. Алардын кичүү аялдарынан да башка балдары бар эле.
Күнхандын төрт уулунун ичинде, чоңунун аты Калый, экинчиси Баят, үчүнчүсү Алга Аюулуу, төртүнчүсү Кара Аюулуу; Айхандын төрт уулунун ичинде, чоң уулунун аты Языр, экинчиси Ябир,
үчүнчүсү Додарга, төртүнчүсү Дөкөр; Жылдызхандын төрт уулу болуп, чоң уулунун аты Ошар, экинчиси Карнак,
үчүнчүсү Бекдели, төртүнчүсү Каркын; Көкхандын төрт уулунун ичинде биринчиси Байындар,
экинчиси Бечене, үчүнчүсү Жабылдар, төртүнчүсү Жебени; Тоохандын төрт уулунун алгачкысы Салур, экинчиси
Аймир, үчүнчүсү Алайунтлу, төртүнчүсү Үркөр; Деңизхандын төрт уулунун биринчиси Эктер, экинчиси
Экдоз, үчүнчүсү Ава, төртүнчүсү Канак. Огуз хандын бул алты уулунун
кичүү аялдарынан төрөлгөн төрттөн баласы болгон. Бирок бул балдардын
кайсы атадан таралгандыгын билбейбиз.
Булардын аты Кене, Көнө, Турбатуу, Керейлүү, Султандуу, Окдуу, Көкдуу, Суужулуу, Арасандуу, Журтчу, Жамчы,
Турумчу, Коому, Сорко дегендер. Бул убакытта
Коому дегенди Саркы деген наам менен
да чакырчу, булардан башка Курчук, Сурачык,
Карачык, Казгурт, Кыргыз, Тикенлала, Мердешүй, Сайыр дегендер болгон"20. Мухаммет
Абулгазы Батырхан өз чыгармасынын бул жеринде Кыргызды
Огузхандын кайсы бир уулунун кичүү аялынан төрөлгөн небереси деп жазган. Ал бул чыгарманын
жана бир жеринде: "Огузхандын Кыргыз
деген бир небереси бар эле. Кыргыздар
так ошонун уругунан келип чыккан. Бирок
бул заманда кыргыз тукумунан болгон адамдар
өтө аз болгон, ошондуктан магул (моңгул) татар жана башка уруулар айбандарды
багуу үчүн от-чөп жана суу кубалашып, кыргыз жерине барып
отурукташып жалпылай кыргыз деген наам
менен аталып калышкан. Бирок алар
өздөрүнүн кайсы урууга таандык экенин билишет"21
деп жазган. Демек, Мухаммет Абулгази Батырхандын
бул маалыматтарында байыркы "кыргыз"
деген аталманын агын суу деген түркчө (жана кыргызча) "огуз" деген түп сөзүнөн келип чыккан "огуз", "гуз"
сөзү менен тыкыз байланыштуу экендигин,
ошондой эле кыргыздардын эң байыркы замандардан баштап эле түрк тилиндеги уруу-тайпаларга таандык
экендигин далилдейт.
Ислам динин негизги мазмун
кылып жазылган тарыхый материалдарда
болсо кыргыздар адамзаттын түпкү атасы деп жоромолдогон Адам алейсаламдын
небереси деп жазылат. 19-кылымда жашаган
уйгур тарыхчысы Молла Муса ибн Молла
Айса кожо Сайрами деген адам фарсиялык
Кожо Рашидиддин тарабынан жазылган "Жамийуктавариг"
жана 16-кылымда жашаган дуглат уруусунун
тарыхчысы Мухаммет Мурза Хайдаркер Агани
тарабынан жазылган "Тарихи Рашиди"
деген китептерге негизделип жазган "Тарыхы
Хамиди" деген китебинде: "Адам ата
менен Ава энеден Нох пайгамбар төрөлгөн. Нох пайгамбардан Хам, Сам, Яфас деген
үч бала төрөлгөн. Яфас деген бала өтө акылдуу, зейрек билимдүү бала болгон. Яфастан он бир бала төрөлгөн. Анын бири Чин (ханзу) болуп, Яфастын
уулу Чин да атасына окшош акылдуу, зейрек,
ишмердүү бала эле… Яфастын жана бир уулунун
аты Түрк болуп, ал Яфас оглан деп аталган. Жана
бул Кийомрыс (Кийомрыс - Фарсиянын азыркы
доорубуздан 3500 жыл мурда өткөн эң байыркы уламыштарда баяндалган падышасы)
менен бир заманда жашаган деген маалыматтар
бар. Бардык түрк тайпалары, могул (муңгул), татар, кыргыз, кыпчак, уйгур, манжу,
найман, чиркес, дачин, дагыстан, торгоот,
ногой, парлас, жорос, жалайыр, дилим, журжут,
яжуж-мажуж сыяктуу бир канча миң уруу жана бир канча миң тайпалардын түпкү атасы Яфастын уулу Түрккө барып жетет"22 деп жазган.
Малла Мүса Сайраминин бул маалыматтары негизинен
христиан дининин улуу китеби болгон "Инжил",
мусулмандардын улуу китеби болгон "Куран"
жана башка ислам тарыхчыларынын мифологиялык
көз караштарынан келип чыккан болсо да,
бирок анын бул маалыматтарынан байыркы
кыргыздардын кан жана муун жагынан байыркы
түрк тилиндеги тайпалар менен кээ бир
байланыштарда болгондугун көрүүгө болот. Ал эми бүгүнкү күндө антропология жана археологиялык казма
табылгалар, тарых илиминин ийгиликтүү табыштары адамзаттын кандай пайда болгондугу,
анын кандайча өнүгүп, бүгүнкү доорго жетип келгендиги жөнүндө жогоркудай мифологиялык көз караштардын сырын ачып, чындыкты бир
кыйла көрсөтүп отурат.
"Кыргыз" деген наам жөнүндө орус жана башка элдердин окумуштуулары
да кээ бир маалыматтарды берип аны чечүүгө тырышкан. Орус окумуштуусу Радлов кыргыз
деген сөз кыргыз элинин кырк (40) жана жүз (тарап) деген уңгу сөзүнөн келген. Мунун мааниси тарап-тарапта
жашаган кырк уруу деген болот деп жазган.
Жана бир орус окумуштуусу Березин "Кыргыз
деген сөз кырк (40) деген уңгу сөз жана анын "ыз" деген көптүк кошулмасынан түзүлгөн" - деп жазган, мунун мааниси кырк
уруулар деген болсо керек деп жоромолдойт.
Ал эми татар окумуштуусу Тенешишев
болсо "кыргыз" деген сөз "кырк" жана "кыз" деген уңгу сөздөрдүн кошулмасынан келип чыккан деп жазган23.
жазат.
Жалпылай айтканда, "кыргыз"
деген сөздүн мааниси жана анын келип чыккандыгы
жөнүндө азырча жогоркудай жазма материалдар
бар, бирок бул жазма материалдардын кайсы
бири чындыкка жакын экендиги жөнүндө так бүгүнкү күндүн өзүндө да токтолгон аныктама жок.
Колдонулган адабияттар
- О.Каратаев, С.Эралиев. Кыргыз
этнографиясы боюнча сөздүк. Бишкек. "Бийиктик" - 2005-ж. ISBN 9967-13-159-4