Автор работы: Пользователь скрыл имя, 27 Января 2013 в 17:10, лекция
В данной работе представлены документы фирмы «Т о р у–А й г ы р ».
КыргызРеспубликасы
«Т о р у–А й г ы р »
к о о м д у к б и р и к м е с и
КыргызРеспубликасы, 720022 Бишкек ш.,Э.Ибраев,6 а, к. тел. (0312) 33-73-81 Эсеп счету: 1180000025841515 ЖАК «Демир Банк» филиал «ДКИБ Главный»BIC118005 КБ «Тору-Айгыр» кардарлык №57854 |
vostok04@rambler.ru |
Кыргызская Республика
О б ш е с т в е н н о е объединение
«Т о р у–А й г ы р »
Кыргызская Республика, 720022 Г. Бишкек, ул.Э.Ибраева, 6 а, тел. (0312) 33-73-81 Р/счет 1180000025841515 ЗАО «Демир Банк» филиал «ДКИБ Главный»BIC118005 ОО «Тору-Айгыр» клиент №57854 |
Чыгыш/Исх.№________
«___»_____________2012-ж.
Ысык-Көл райондук
администрациясынын акими Р. А. Имангазиевге
Урматтуу Райымбек Акматтурсунович!
Бишкек шаарында жашаган Тору Айгыр айылынын уул-кыздары 2008-жылы «Тору-айгыр коомдук бирикменин»түзүшкөн. Коомдун негизги максаты туулуп өскөн айлыбыздын социалдык-маданий маселелерине жардам берүү болуп эсептелет.
Акыркы жылдары айылыбыздагы аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө Кувейт проектиси менен ондон ашык саан уй таратылып берилген. Мектепке окуу китептер, компьютер, телевизор, мыкты окуучуларга стипендия, акысыз медициналык жардам берүү жүргүзүлүп келет. СССРдин эл артиси, опера ырчысы Болот Минжылкиевдин, академик И. К. Ахунбаевдин эстеликтерин орнотууда да коом негизги финансылык жардам көрсөттү.
Айылыбыздын экономикалык социалдык жана маданий абалын жаңы деңгээлге көтөрүүдө айыл өкмөтүнүн, жергиликтүү депутаттардын ролу чоң экендигине ишенебиз. Бүгүнкү күндө айыл өкмөтүндө жаңы багытта реформаларды жүргүзө алган билимдүү уюштуруучулук жана жетекчилик жөндөмү бар, айылдаштарынын ишенимине татыктуу адам гана эл ишенимин актай алат.
Ошондуктан «Тору –Айгыр коомдук Бирикмеси» айыл өкмөтүнүн башчылыгын Орозбаев Акылбек Курмангалиевичти көрсөтөт. Ал 1967-жылы Тору-Айгыр айылында туулган.1985-1987 жылдары Советтик Куралдуу Күчтөрдүн курамында Афганистанда интернационалдык аскердик милдеттин ак ниетүүлүк менен аткарып, «Кызыл Жылдыз» орденине жана «Каармандыгы үчүн» медалына татыктуу болгон. 1988-1993-жылдары Кыргыз Мамлекеттик университетинин укук факультетин бүтүргөн, 1993-2008- жылдары Кыргыз республикасынын прокуратура тармагында жооптуу кызматтарда иштеген. Өзүнө бекитилген ишке жооптуу, уюштургуч, ак ниет, чынчыл кызматкер экендиги бизге белгилүү. Андыктан Орозбаев А.К. кандидатурасын колдоп беришиниздерди өтүнөбүз.
-Тору –Айгыр коомдук Бирикмесинин төрагасы ,
Кыргыз Республикасынын Эл мугалими,
т.и.к. профессор
- Тору-Айгыр Коомдук Бирикмесинин
төрагасынын орун басары,
Ч. Айтматов атындагы коомдук
академиянын академиги, т.и. д., профессор
Эмгек ардагери, пенсионер
-техника илимдеринин доктору, профессор Б. Султаналиев
-медицина илимдеринин доктору, профессор Н.И. Ахунбаева
-химия илимдеринин кандидаты, профессор Т. Токторбаев
тех. илимдеринин кандидаты
-эмгек ардагери, пенсионер
- Кыргыз Республикасынын эмгек
сиңирген артисти. композитор, обончу, аткаруучу А. Өзбеков
-Кыргыз Республикасынын генералы
- медицина или. кандидаты, профе
-Кыргыз Республикасынын маданиятынын
эмгек сиңирген кызматкер, белгилүү акын