Жусуп Турусбеков

Автор работы: Пользователь скрыл имя, 18 Декабря 2013 в 14:35, реферат

Описание работы

Ж.Турусбековдун «Ажал ордуна» драмасы 1939-жылы Москвада өткөн Кыргыз искусствосунун декадасындакөрүүчүлөргө жаккан. Ошол эле декадада чоң ийгиликке ээ болгон «Айчүрөк» операсынын либреттосунун авторлорунун бири Жусуп болгон. Ж.Турусбеков А.С.Пушкиндин, Г. Гейненин, А.Безыменскийдин ж.б. ырларын кыргыз тилине которгон. 1934-жылы СССР Жазуучулар союзуна мүчө болгон.
Ж.Турусбековдун ысмы республикадагы шаарлардын, айылдардын библиотекаларына, мектептерине, көчөлөрүнө коюлган.

Файлы: 1 файл

Жусуп Турусбеков.docx

— 25.58 Кб (Скачать файл)

Жусуп Турусбеков

 

 

Жусуп Турусбеков 1910-жылы Тоң районуна караштуу Күн-Батыш айылында туулган.

1916-жылкы үркүндө Кытайга чейин барып, кайра кайткан.

Каракол балдар үйүндө тарбияланган.

1922-жылы Түп районундагы айыл чарба техникумунаалынып, окуй баштайт.

Казак, татар, орус адабияттары менен таанышып, 1929-жылы «Кызыл Кыргызстан» гезитинин редакциясында корректор болуп иштейт.

1929–1930-жж. Тверь шаарындагы советтик-партиялык мектепти ийгиликтүү бүтүрүп, «Кызыл Кыргызстан» гезитининбөлүм башчысы, кыргыз театрынын директору, «Ленинчил жаш» гезитинин редактору, Кыргызмамбастынредактору, Жазуучулар союзунун консультанты болуп иштеген.

Улуу Ата Мекендик согуш башталганда Жусуп өз ыктыяры менен согушка кетип, 1943-жылы Калинин облусундагыфронтто курман болгон.

Ж.Турусбековдун чыгармачылык иши «Кызыл Кыргызстан» гезитинде иштеп жүргөндө башталган. 1928-жылы гезитке айрым ырлары чыга баштайт. 1932-жылы «Жусуптун ырлары» деген биринчи ырлар жыйнагы басылып чыгат.

Чыгармалары орус тилине которулган.

Ж.Турусбековдун «Ажал ордуна» драмасы 1939-жылы Москвада өткөн Кыргыз искусствосунун декадасындакөрүүчүлөргө жаккан. Ошол эле декадада чоң ийгиликке ээ болгон «Айчүрөк» операсынын либреттосунун авторлорунун бири Жусуп болгон.

Ж.Турусбеков А.С.Пушкиндин, Г. Гейненин, А.Безыменскийдин ж.б. ырларын кыргыз тилине которгон.

1934-жылы СССР Жазуучулар союзуна мүчө болгон.

Ж.Турусбековдун ысмы республикадагы шаарлардын, айылдардын библиотекаларына, мектептерине, көчөлөрүнө коюлган.


Информация о работе Жусуп Турусбеков