Автор работы: Пользователь скрыл имя, 18 Декабря 2013 в 14:35, реферат
Ж.Турусбековдун «Ажал ордуна» драмасы 1939-жылы Москвада өткөн Кыргыз искусствосунун декадасындакөрүүчүлөргө жаккан. Ошол эле декадада чоң ийгиликке ээ болгон «Айчүрөк» операсынын либреттосунун авторлорунун бири Жусуп болгон. Ж.Турусбеков А.С.Пушкиндин, Г. Гейненин, А.Безыменскийдин ж.б. ырларын кыргыз тилине которгон. 1934-жылы СССР Жазуучулар союзуна мүчө болгон.
Ж.Турусбековдун ысмы республикадагы шаарлардын, айылдардын библиотекаларына, мектептерине, көчөлөрүнө коюлган.