Автор работы: Пользователь скрыл имя, 26 Ноября 2013 в 16:13, реферат
Нидерланддар (нидерландча: Nederland) – Европанын түндүк-батыш тарабында жайгашкан континенталдык мамлекети. Расмий түрдө Нидерланддар Падышачылыгы деп аталат. Ал түндүк жана батыш тарабында Түндүк деңизи менен чектешет, Белгия менен түштүк тарабында, Германия менен – чыгышта жана деңизде Дания, Норвегия жана Улуу Британия менен чектешет. Нидерланддарда парламенттик демократия жана конституциондук монархия. Конституцияга ылайык, эң негизги бийлик жергиликтүү парламенттин колунда. Монарх болсо падышачылыктын символдук гана башчысы.