Педагогиканын башка илимдер менен байланышы

Автор работы: Пользователь скрыл имя, 18 Февраля 2013 в 06:56, курсовая работа

Описание работы

Теманын актуалдуулугу. Азыркы учурда дүйнөлүк педагогика, предметтерди окутуу методикасы, тактап айтканда жалпы эле адамзат башка илим, технологияларга кызыгуусун жаратып жаткан учуру. Мындай интенсивдүүлүктүн бирден - бир себеби технологиялардын өсүшү менен гана байланыштуу эмес, илимдердин интеграцияланышы, инсандын өзүн-өзү таанып билүүгө жакындашуусу менен да түшүндүрүлөт.

Содержание работы

КИРИШҮҮ……………………………………………………………………2

БИРИНЧИ БӨЛҮМ. Педагогиканын жалпы түшүнүктөрү

1.1Педагогиканын келип чыгышы жана өнүгүшү……………………….…4
1.2. Советтик педагогиканын пайда болушу жана өнүгүшү……..………17

ЭКИНЧИ БӨЛҮМ. Педагогиканын калыптанышы

2.1. Педагогиканын Негизги Категориялары………………………………36
2.2. Педагогиканын тармактары жана бөлүмдөрү………………………...39

ЖЫЙЫНТЫКТОО………………………………………………………….41
КОЛДОНГОН АДАБИЯТТАР……………………………………………..43

Файлы: 1 файл

Педагогиканын негизги категориялары.docx

— 64.54 Кб (Скачать файл)

О. Ю. Шмидт менен Б. Г. Козелев  политехнизмди утопия деп аташкан. Алар өспүрүмдөрдү 12 жаштан баштап завод-фабрикаларда иштетүүнү сунуш кылышкан. Алардын ою боюнча тар адистештирүүдө эмгекти бөлүштүрүү болбой койбойт, ал адамга да, өндүрүшкө да тезирээк пайда келтирет. В. И. Лениндин “О работе Наркомпроса” (5-9-февраль, 1921-ж.) деген макаласы менен дискуссияга чекит коюлуп, партиянын тиешелүү директивасына ылайык кесиптик билим берүү 15 жаштан башталышы белгиленип, монотехнизм айыпталган.

СССРдин Бүткүл Россиялык Борбордук Аткаруу Комитети (ББАК) менен Эл комиссарлар Советинин (ЭКС) токтому менен 1930/31-окуу жылында өлкөдө жалпыга милдеттүү: айыл жерлеринде башталгыч (төрт жылдык), шаарларда жети жылдык окутуу киргизилген. Ошол кездеги элге билим берүү системасы төмөнкүдөй документтердин негизинде ишке ашырылган:

1) 1918–жылы 16-октябрда  Бирдиктүү эмгек мектебинин ЖОБОСУ  кабыл алынып, ага ылайык I баскычтагы 5 жылдык мектепте балдар 8 жаштан 13 жашка чейин; II баскычтагы 4 жылдык  мектепте алар 13 жаштан 17 жашка чейин  окутулган. 

2) 1923-жылы 8–декабрда Бирдиктүү  эмгек мектебинин УСТАВЫ кабыл  алынып (ага кийинчерээк өзгөртүүлөр киргизилген), ал уставка ылайык I баскычтагы 4 жылдык мектепте балдар 8 жаштан 12 жашка чейин, II баскычтын 3 жылдык 1-концентринде 12 жаштан 15 жашка чейин (жети жылдык мектеп, ФЗС, ШКМ), 2 жылдык 2-концентринде 15 жаштан 17 жашка чейин окутулган.

3) 1933-жылы 19-сентябрда советтик  политехникалык мектептин Уставы  кабыл алынып, анын “0” группасында  балдар 7 жаштан 8 жашка чейин, I баскычтагы 4 жылдык мектепте 8 жаштан 12 жашка  чейин, II баскычтагы 3 жылдык мектепте 12 жаштан 15 жашка чейин, 3 жылдык орто  мектептин I баскычында 15 жаштан 18 жашка  чейин окушкан. 

1966-жылдагы КПСС БК  менен СССР Министрлер Советинин  “Жалпы билим берүүчү орто  мектептин ишин андан ары жакшыртуунун  чаралары жөнүндөгү” токтомунда  илим менен техниканын азыркы  өнүгүүсүнө ылайык окуу процессин  рационализациялоонун, окуучулардын  билиминин сапатын жогорулатуунун  зарылдыгы аныкталган. Анда билим  берүүнүн мазмунун илим, техника,  маданияттын өнүгүүсүнүн талаптарына  шайкеш келтирүү; 1-класстан акыркы  класска чейин илимдердин негиздерин  окутуудагы иреттүү улантуучулукту белгилөө; окуу материалын окуу жылдары боюнча рационалдуу бөлүштүрүү; илимдердин негиздерин окутууну төртүнчү окуу жылынан баштоо; окуу программаларын жана окуу китептерин артыкча деталдаштыруудан жана экинчи катардагы материалдан арылтуу жолу менен окуучуларды ашыкча жүктөнтүүнү жоюу белгиленген. Башталгыч мектепте окутууну оптималдаштыруу проблемасы билим берүүнүн мазмунун реформалоодо негизги орунду ээлеген. Окумуштуу педагог-психологдор (Л. В. Занков, Д. Б. Эльконин, В. В. Давыдов) окуучулардын таанып билүүчүлүк ишмерүүлүгүн активдештирүү жолу менен баштапкы билим берүүнүн мөөнөтүн төрт жылдан үч жылга өткөрүп кыскартууну сунуш кылышкан. 1969/70-окуу жылынан баштап СССРдеги бардык мектептерин массалык түрдө башталгыч билим берүүнүн үч жылдык программасына өткөрүү ишке ашырылган.

Советтик педагогика өзүнүн биринчи күндөрүнөн баштап эле жаш муундарды окутуу-тарбиялоонун өзөктүү проблемаларын марксисттик-лениндик окуулардын негизинде чечүүнү изилдеген. Педагогикалык илим-изилдөө мекемелеринин иштери мектептин жана мугалимдердин ишмердүүлүктөрү менен тыгыз байланышта жүргүзүлүп келген. Жаңы педагогиканын теориялык жоболорун текшерип, анын идеяларын пропагандалоо максатында илимий педагогикалык ишмердиктин эксперименттик базасы болгон тажрыйбалык мектептердин жана станциялардын кеңири тармагы түзүлгөн.

Өткөн кылымдын 60-80-жылдарында методологиялык жана жалпы теориялык  мүнөздөгү бир катар орчундуу проблемалар, алардын ичинде педагогиканын  илимий билимдер системасындагы ордун  аныктоочу маселелер изилденген (“Общие основы педагогики” п/ред. Ф. Р. Королева и В. Е. Гмурмана, “Проблема педагогики и методики исследования” п/ред. М. А. Данилова и Н. И. Болдырева, “Основы дидактики” п/ред. Б. П. Есипова, “Методы педагогических исследований”, “Теория и практика педагогического эксперимента” п/ред. А. И. Пискунова и Г. В. Воробьева). Илимий-техникалык жана социалдык прогресс шарттарындагы Педагогика илиминин өнүгүүсүнүн негизги багыттары аныкталып, инсанды ар тараптан өнүктүрүүнүн марксисттик-лениндик теориясына көп көңүл бурулган.

Советтик мектептин тарыхында  анын өнүгүүсүнүн ар бир этабы  биринчи кезекте дайыма программалык-методикалык  иштерди кайра куруудан башталган. Жалпы орто билим берүүгө өтүүнү ишке ашырууда мектептик билим берүүнүн мазмунун модернизациялоо жана окуу-тарбиялоо  процессин өркүндөтүү менен бирдикте ишке ашырылган. Педагогика илиминин ишмерлери  мугалимдер менен бирдикте мектептеги окуу-тарбиялоо процессин кайра  куруунун зарылдыгын негиздеп, аны  практикада ишке ашырууну камсыз кылышты.

Мектепте билим берүүнүн мазмунун илимдин, техниканын жана маданияттын  өнүгүү деңгээлине туура келтирүү маселесин  чечүү максатында дидактиканын жетишкендиктерине  баарыдан мурда өнүктүрүп окутуунун теориялык негиздерине таянып советтик методистер XX кылымдын 60-70-жылдарында мектептик программалар үчүн окуу материалдарды тандап алуунун принциптерин иштеп чыгышкан, аларды илимий-техникалык жетишкендиктерге шайкеш келтиришкен, табигый жана гуманитардык илимдердин байланыштарын белгилешкен, орто окуу жайларынын ар түрдүү типтериндеги жалпы билим берүүнүн бирдиктүү деңгээлинин жалпы негиздерин аныкташкан. Натыйжада окуучуларды практикалык ишмердүүлүккө даярдоонун мазмуну жаңыланып, окуу курстарынын системалуулугу жана окутуунун политехникалык багытталышы күчөтүлүп, үзгүлтүксүз билим берүү байытылган. Дидактикалык-методикалык проблемаларды изилдөөгө М. Н. Скаткин (“Проблемы современной дидактики”, М., 1984), Ю. К. Бабанский (“Методы обучения в современной общеобразовательной школе”, М., 1985; “Оптимизация учебно-воспитательного процесса”, М., 1982), В. В. Краевский (“Проблемы научного обоснования обучения”, М., 1977), И. Я. Лернер (“Дидактические основы методов обучения”, М., 1981) ж. б. олуттуу салым жасашкан.

Мектептик реформа окуучуларга  билим берүү, аларды тарбиялоо жана өнүктүрүүнү комплекстүү ишке ашырууга байланышкан бир катар проблемаларды андан ары изилдөөнүн зарылдыгын талап кылды.

1985-жылы окуу программаларында  илимий-техникалык жетишкендиктерди  жана коомдук-саясый турмуштагы  социалдык зор өзгөрүштөрдү эске алуу ишке ашырылган; аларда илимдердин негиздеринин жогорку деңгээли жана ошону менен катар алардын окуучулар үчүн жеткиликтүүлүгү, окуучуларды илимдин эл чарбасында технологиялык, экономикалык жана практикалык колдонуштары менен тааныштыруунун мүмкүнчүлүктөрү камтылган.

Программаларды иштеп  чыгуу, мугалимдер үчүн окуу китептерин жана методикалык колдонмолорду  түзүү 1985/86-окуу жылы мектептердин жогорку  класстарында информатика жана электрондук-эсептөө  техникасынын негиздерин (А. П. Ершов, В. М. Монахов) окута баштоого мүмкүндүк  берди.

Өткөн кылымдын 60-70-жылдарында окуу-тарбиялоо процессинде проблемалык  окутуунун негизделген методдорун (И. Я. Лернер, М. И. Махмутов, A. M. Матюшкин) сезимталдуу колдонууга жардам берүүчү уюштуруу-педагогикалык иш-чараларынын системасы, жаңы техникалык каражаттарды комплекстүү пайдалануунун методикасы (С. Г. Шаповаленко), окутуу методдорун оптималдуу тандап алуунун жолдору (Ю. К. Бабанский) активдүү иштелип чыккан.

1980-жылы СССРдин Педагогика  илимдери академиясынын (ПИА)  окутуунун мазмунун жана методдорун  илим-изилдөө институтунда эксперименталдык  окуу китептери боюнча атайын  лаборатория түзүлүп, окуу китептерин тажрыйбада текшерип чыгуу уюштурулган. 1984-жылы илимий-идеялык жагынан жеткиликтүүлүгү жана кыскалыгы, тактыгы баяндалып, берилишинин ачыктыгы жана кызыктуулугу, методикалык жеткилеңдүүлүгү боюнча мурункулардан кескин айырмалана турган жаңы окуу китептерин түзүү максатында СССРдин ПИАсы “Школьный учебник” деген жалпы академиялык комплекстүү программаны бекиткен. Программаны ишке ашыруу 1984-жылы окуу китептерине коюлуучу жалпы талаптарды иштеп чыгуудан, алардын көлөмдөрүн аныктоодон башталган. 60-жылдан баштап мектепти реформалоонун талабына ылайык окутуунун жана тарбиялоонун методдорун өркүндөтүү проблемаларын изилдөө көбүнчө практикалык багытта жүргүзүлгөн; методдордун системасы жана алардын мугалимдер менен окуучулардын ишмердиктеринде колдонулушу талдоого алынган. Изилдөөлөрдө окуучулар менен мугалимдердин мүмкүнчүлүктөрүнүн конкреттүү шарттарын эске алуу аркылуу ийгиликтүү окутуунун методдорун жаратуу, окутуу менен тарбиялоонун өз ара байланыштуулугун күчөтүп окуучулардын окуп билим алууга ынтызар болуусун мотивациялап стимулдаштыруу проблемаларына басымдуу көңүл бурулган.

Педагогика илими окуучуларды  саясый-идеялык, эмгектик жана адептүүлүк жактан бирдиктүү тарбиялоону камсыз кылуунун жалпы теориялык маселелерин иштеп чыккан. Ар түрдүү курактагы балдардын дүйнөгө көз карашынын социалдык-педагогикалык жана психологиялык негиздери аныкталып, бардык окуу предметтеринин мазмунундагы дүйнөгө көз караштык башкы идеялар менен теориялардын системасы белгиленген; окутуу процессинде жана класстан тышкаркы ишмердүүлүктө көз карашты калыптандыруунун жолдору жана каражаттары мүнөздөлүп көрсөтүлгөн. Ушул изилдөөлөрдүн материалдары боюнча Ю. К. Бабанскийдин “Комплексный подход к воспитанию школьников”, Э. И. Моносзондун “Проблемы теории и методики коммунистического воспитания школьников”, Г. Н. Филоновдун “Проблемы эффективности воспитания личности в условиях развитого социализма” жана башка эмгектер басылып чыккан. 80-жылдардын экинчи жарымындагы педагогикалык изилдөөлөрдө тарбиялоочулук окутуу принциби (окутуу процессинде тарбияны ишке ашыруу принциби) В. М. Коротов (“Воспитывающее обучение”, М., 1980), тарбиялоо процессин оптималдуу башкаруунун жоболору Ю. К. Бабанский (“Оптимизация учебно-воспитательного процесса”, М., 1982) педагогикалык стимулдаштыруунун жана мотивациялоонун теориясы жана методдору З. И. Равкин (“О подлинных и мнимых стимулах к учению”, Народное образование, 1961, №2), Л. Ю. Гордин (“Школа инициативы и самостоятельности: из опыта работы школ Таганрога”, М., 1984) иштелип чыккан. 60-жылдары да окуучулардын жалпы өнүгүшү үчүн окутуунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында мектепте окутуунун ыкмалары менен баланын психикалык өнүгүп-өсүүсүнүн арасындагы байланыш табылган. Л. В. Занковдун (“Дидактика в жизнь”, М., 1968) жетекчилиги менен жүргүзүлгөн бул изилдөөлөрдүн жыйынтыгы практикада активдүү колдонулуп, илимдердин негиздерин IV класстан баштап системалуу окуп үйрөнүүгө өтүүнү камсыз кылды.

60–80-жылдары да окуучулардын  математикалык, адабияттык, конструкторлук-техникалык, көркөм-ишмердик атайын жөндөмдөрүн изилдөө активдүү жүргүзүлгөн. Ошондой эле зээндүүлүктүн курактык бөтөнчөлүгү жана окуучуларда шыктуулукту өнүктүрүүнүн шарттары изилденип, төмөнкүдөй бир катар эмгектер жаралган: Н. С. Лейтес “Способности, труд, талант”, В. А. Крутецкий “Психология математических способностей”, Б. М. Теплов “Проб-лемы индивидуальных различий” ж. б.

Ошол эле жылдарда баланын  психикасынын өнүгүүсүнө жол ача  турган оздуруп окутуу жана тарбиялоо  идеясына чоң көңүл бурулуп, В. В. Давыдов менен Д. Б. Элькониндин  жетекчилиги астында жүргүзүлгөн  теориялык эксперименттин натыйжасында “Психология начального обучения”, “Виды обобщения в обучении”  өңдүү монографиялар жаралып, мазмундуу жалпылоо теориясынын негизинде окутуунун методикасы иштелип чыккан.

Өспүрүмдөрдүн курактык жана жекече өзгөчөлүктөрүн, алардын коомдук пайдалуу ишмердүүлүктөрүнүн аспектилерин, аларда коллективдик өз ара жардамдашуу сезимдерди, жалпы тапшырмаларды биргелешип аткаруудагы жагымдуу мамилелерди калыптандырууну изилдөөгө зор көңүл бурулган. Психологиянын теориялык негиздеринин өнүгүүсү баланын ички мүмкүнчүлүктөрүн аныктоонун жолдорун табууга, анын интеллектисин, сезимин жана эркин калыптандырууга мүмкүндүк берген. Бул изилдөөлөрдүн жыйынтыктары И. С. Якиманскаянын “Развивающее обучение” (М., 1979); Д. И. Фельдштейндин “Психологические основы общественно-полезной деятельности подростков”; “Проблемы диагностики умственного развития учащихся” (п/ред. З. И. Калмыковой); “Психологические проблемы учебной деятельности школьника” (п/ред. В. В. Давыдова) ж. б. эмгектерде чагылдырылган.

Музыкалык билим берүүнүн жаңы мазмунун жана методикасын аныктоо  боюнча кеңири масштабда педагогикалык  эксперимент (Д. Б. Кабалевский), ошондой  эле иштер мектептик сүрөт сабагы курсун өркүндөтүү боюнча (Б. М. Неменский) да зор иштер аткарылган. Бул багыттагы педагогикалык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары боюнча “Система эстетического воспитания и развития учащихся”, “Художественно-эстетическое воспитание как фактор всестороннего развития личности школьника” деген темалардагы басылмалар класстан жана мектептен тышкаркы эстетикалык тарбияны андан ары өркүндөтүү боюнча конкреттүү сунуштарды даярдап колдонууга мүмкүндүк берген.

СССР ПИАсында ошондой  эле кесиптик-техникалык педагогика боюнча да зор изилдөөлөр иштелип чыгып, фундаменталдуу эмгектер жаралган, алар “Очерки профессиональной педагогики”, “Производственная педагогика”, “Очерки истории профтехобразования” (С. Я. Батышев, Н. И. Думченко, Е. Г. Осовский, Н. Н. Кузьмин, Н. В. Кузьмина) ж. б.

Мектеп жашына чейинки  курактагы балдарды өстүрүп өнүктүрүүнүн жана тарбиялоонун психологиялык-педагогикалык концепциясын иштеп чыгуу советтик педагогиканын жетишкендиктеринин бири болуп эсептелет. Балдар проблемасынын жана балдар чыгармачылыгын калыптандыруунун ядросун түзүүчү мотивациялык эрктүүлүктү өнүктүрүү проблемаларын фундаменталдуу изилдөөлөр колго алынып, мектеп жашына чейинки курактагы балдардын билимдерин тандап алып системалаштыруунун илимий принциптери иштелип чыккан (А. В. Запорожец, Н. Н. Поддъяков, В. Н. Логинова, Т. С. Комарова, П. Г. Саморукова жана башка).

Педагогикада кемчиликтери бар балдарды иликтеп үйрөнүүнүн методдорун иштеп чыгуу кеңири орун алган, анткени аномалдуу балдарды педагогикалык, психологиялык, физиологиялык  жана клиникалык жактан терең изилдеп  чыгуу жолу менен гана аларды атайын окутуп тарбиялоочу мекемелерге  туура тандап орноштуруп, тиешелүү багыттагы окуу-тарбиялоо жана дарылоо  иштерин уюштурууга болот. Дүлөй балдарды окутуунун денгээлин жогорулатуу боюнча конкреттүү жыйынтыктарга жетишилген (Ф. А. Pay жана Ф. Ф. Pay, С. А. Зыков, Т. А. Власова, P. M. Боскис, Н. Д. Ярмаченко ж. б. эмгектери). Ал эми Б. И. Коваленко, М. Н. Земцова, Ю. А. Кулагин, B. C. Свердловдун эмгектери болсо сокур балдарды кесипке даярдоонун жана алардын жалпы билимин жогорулатуунун системасын түзүүгө мүмкүндүк берген.

Информация о работе Педагогиканын башка илимдер менен байланышы