Автор работы: Пользователь скрыл имя, 18 Февраля 2013 в 06:56, курсовая работа
Теманын актуалдуулугу. Азыркы учурда дүйнөлүк педагогика, предметтерди окутуу методикасы, тактап айтканда жалпы эле адамзат башка илим, технологияларга кызыгуусун жаратып жаткан учуру. Мындай интенсивдүүлүктүн бирден - бир себеби технологиялардын өсүшү менен гана байланыштуу эмес, илимдердин интеграцияланышы, инсандын өзүн-өзү таанып билүүгө жакындашуусу менен да түшүндүрүлөт.
КИРИШҮҮ……………………………………………………………………2
БИРИНЧИ БӨЛҮМ. Педагогиканын жалпы түшүнүктөрү
1.1Педагогиканын келип чыгышы жана өнүгүшү……………………….…4
1.2. Советтик педагогиканын пайда болушу жана өнүгүшү……..………17
ЭКИНЧИ БӨЛҮМ. Педагогиканын калыптанышы
2.1. Педагогиканын Негизги Категориялары………………………………36
2.2. Педагогиканын тармактары жана бөлүмдөрү………………………...39
ЖЫЙЫНТЫКТОО………………………………………………………….41
КОЛДОНГОН АДАБИЯТТАР……………………………………………..43
60–70-жылдардагы педагогика илиминин өнүгүүсүнүн мүнөздүү белгиси – бул жылдары өндүрүштүк окутуу жана эмгекке тарбиялоонун бөтөнчөлүктөрүн изилдөө боюнча тажрыйбалык-эксперименттик иштердин, мектеп окуучуларын коомдук пайдалуу эмгекке тартуунун түрдүү формаларынын кеңири масштабда өркүндөөсүндө болгон. Окуучулардын өндүрүштүк бригадаларынын иш тажрыйбалары боюнча жалпы жыйынтыктар чыгарылган. Энтузиаст мугалимдердин катышуусуу менен өсүмдүктөрдү өстүрүү боюнча, жаныбарларды тейлөө боюнча тарбиялык иштердин мүмкүнчүлүктөрү жана окуу-тажрыйбалык иштерди жүргүзүүнүн методикалык негиздери изилденип чыккан. Изилдөөлөрдө окуучуларды материалдык өндүрүш сферасындагы эмгекке даярдоо, анын мектептеги окуу-тарбиялоо процесс менен байланышын күчөтүү маселелери биринчи орунга коюлган. Техникалык чыгармачылыкты, мектептерде тажрыйба иштерин жүргүзүүнү, окуучулардын эмгектик бирикмелерин уюштурууну, алардын айыл-чарба комплекстери менен болгон байланыштарын өөрчүтүү бөтөнчө орунду ээлеген. Ошону менен катар эле балдардын жана өспүрүмдөрдүн коомдук пайдалуу өндүрүштүк эмгегин нормага келтирүүгө, аны өлкөнүн түрлүү региондоруна жана жергиликтүү шарттарга ылайыктоого байланыштуу изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Натыйжада психологиялык маалыматтар менен катар философиялык, социологиялык, экономикалык, медициналык, ошондой эле фундаменталдык жана прикладдык илимдердин техниканын жана өндүрүштүн өсүшүн илимий техникалык прогресстин өсүшүн, аныктай турган жетишкендиктерин пайдалануу менен иштелип чыккан окуучуларды эмгекке даярдоонун жалпы концепциясы бир кыйла байытылып өркүндөтүлгөн. Ошонун базасында типтүү жаңы программалар, окуучуларды эмгекке жана кесипке окутуунун ар түрдүү багыттары боюнча бир катар методикалык жана окуу колдонмолор түзүлгөн. “Өндүрүштүн негиздери. Кесип тандоо” деген мектептин жаңы курсунун программасы иштелип чыккан. Ал программанын негизги максаты – окуучулардын эмгегинин социалдык багытталышын күчөтүү, азыркы экономикалык ойлонууну калыптандыруу, мектеп окуучуларын эрте эмгекке тартуу жана аларды техникалык чыгармачылыкка кириштирүү болгон. Ушул максатта мектептерде жана райондордо кесипке багыттоонун формалары жана методдору өркүндөтүлүп, 1985-жылдан баштап СССР ПИАсынын алдында техникалык жана жаш натуралисттик чыгармачылык, мектептердин жана СПТУлардын окуучуларынын рационализаторлук жана ойлоп табуучулук иштери боюнча илимий кеңеш иштеген.
Ушул эле мезгилде педагогика илиминин дагы бир маанилүү маселелери – мектеп таануунун проблемасын изилдөөгө олуттуу көңүл бурулган, анткени мектеп ишин башкарууну өлкөдө жалпыга сегиз жылдык билим берүүнү жана анын келечеги катарында акырындык менен жалпы орто билим берүүгө өтүүнү ишке ашыруу эң маанилүү болучу.
Бир нече жылдар бою билим берүү органдарынын жана методикалык мекемелердин уюштуруу педагогикалык ишмердиктерине байланыштуу изилдөөлөр жемиштүү жүргүзүлгөн. Ошонун негизинде алардын административдик функцияларын, жергиликтүү бийлик органдарынын системасындагы алардын ээлеген орду жана ролун, баарыдан мурда мугалимдерге илимий-методикалык кызмат өтөөнүн эффективдүү системасын терең анализдеп иликтөөлөр жүргүзүлгөн (А. А. Шаталов, Ф. Е. Штыкало, Л. И. Филатова, Ю. П. Кузнецов ж. б.).
Он биринчи беш жылдыкта
мектеп таануунун теориялык негиздери
аныкталып, башкаруунун бардык функцияларынын
өз ара байланышы белгиленип, аларды
оптималдаштырууну окуу-
Педагогика тармагындагы өлкөнүн астына коюлган изилдөөлөрдү ийгиликтүү жүргүзүү, мектепти реформалоонун негизги багыттарын сапаттуу ишке ашыруу СССР ПИАсынын ишмердигин СССР ИА, СССР МИА, ВАСХНИЛ, союздук республикалардын академиялары менен байланыштарды күчөтүүнүн зарылдыгын ачык көрсөткөн, ал илимий мекемелердин бирдиктүү аракети менен гана бүткүл мектеп окуучуларынын жалпы компьютердик сабаттуулугун ишке ашырууга жетишүү мүмкүн эле.
Педагогика илиминин алдына мектептердин ишинин жогорку денгээлде жана натыйжалуу болуусуна олуттуу салым жасоо милдети жүктөлгөн. Ал үчүн изилдөөлөрдүн сапатын жана эффективдүүлүгүн жогорулатып, алардын натыйжаларынын практикада колдонулушун камсыз кылууга жетишүү зарыл эле. Окумуштуу-педагогдордун, психологдордун, методисттердин илимий эмгектери конкреттүү сунуштарда, окуу китептеринде, методикалык колдонмолордо пайдаланылып, ишке ашууга тийиш эле.
Ушул турмуштук маселелерди чечүү зарылдыгы педагогикалык илимдин алдына төмөнкүдөй олуттуу проблемаларды белгиледи:
– мектептерде, кесиптик-техникалык жана атайын орто окуу жайларында окуучуларга жалпы билим берүүнүн бирдиктүү деңгээлин камсыз кылуу;
– табигый-математикалык циклдеги предметтерди окутуунун деңгээлин жогорулатып, аны өсүп келе жаткан муундарда дүйнөнүн азыркы табигый илимдик сүрөттөлүшүн калыптандырууга, илимдин жетишкендиктери азыркы өндүрүштүн негизги тармактарында жана ишмердиктин башка сфераларында практикалык жактан кандайча колдонула тургандыгын даана билүүгө багыттоо;
– окуучуларды компьютерлерден пайдалануунун ыкмаларына үйрөтүп, бул техниканы эл чарбасынын ар түрдүү тармактарына кеңири пайдалана билүүнү калыптандыруу үчүн жалпы билим берүүчү мектептердин жогорку класстарында, кесиптик-техникалык окуу жайларында, атайын орто окуу жайларында электрондук-эсептөөчү техниканын негиздерин окутууну уюштуруу;
– жалпы билим берүүчү мектептердин окуу процессине компьютерлерди киргизүүгө байланыштуу психологиялык жана педагогикалык изилдөөлөрдү уюштуруу.
Бул милдеттерди аткаруу жолунда СССР ПИАсы өзүнүн бүткүл күч аракетин мектепти билим берүүнүн мазмунун өлкөдөгү улам өсүп жаткан социалдык, илимий жана техникалык прогресстин талаптарына ылайык иштеп чыгууну илимий жактан камсыз кылууга жумшаган. Педагогика илиминин бул багытта жүргүзүлгөн изилдөөлөрүнүн натыйжасында: мектептик билим берүүнүн мазмунунун илимий-техникалык деңгээли көтөрүлдү, анын политехникалык багытталышы күчөдү, башкы идеялар менен түшүнүктөрдүн системасы өркүндөтүлдү, билим алуу процесси менен эмгек көндүмдөрүнө үйрөнүүнүн байланышы жанданды, орто мектептеги предметтер аралык байланыштын системасы тагыраак деталдаштырылып иштелип чыкты, окуучулардын билимин баалоонун критерийлери өркүндөтүлдү. Ушул маселелер жаңы программаларды жана жаңы окуу китептерин түзүүдө пайдаланылып, аларда мурдакыга караганда жалпылоонун жогорку деңгээли орун алып, илимий маалыматтарды теориялык жактан сезимталдуулук менен түшүнүп билүү күчөтүлдү, фактологиялык жана справка түрүндөгү материалдар кыскартылып, окуучулардын жалпы өнүгүүсүнө жардам бергидей тапшырмаларга көбүрөөк орун берилди.
Жалпы билим берүүчү жана кесиптик мектепти реформалоонун негизги багыттарын илимий жактан камсыз төмөнкүдөй: “Окутуунун мазмунун жана методдорун өркүндөтүү”, “Ар тараптан өнүккөн окуучунун личностугун (инсандыгын) тарбиялоо”, “Мектептик окуу китеп”, “Айыл мектебинин мугалими”, “Мектеп жана ден соолук”, “ЭВМ мектепте”, “Окутууну окуучулардын өндүрүмдүү эмгеги менен бириктирүү”, “Жаштарга кесиптик-техникалык билим берүү” сыяктуу комплексттүү жалпы академиялык программаларды ишке ашырууну талап кылды
Советтик педагогиканын
60–80-жылдардагы өнүгүшүндө окутуу-тарбиялоо
процессин өркүндөтүүнүн
– окутуу процессин активдештирүү теориясы (М. А. Данилов);
– акыл аракеттерин этаптар боюнча калыптандыруу теориясы (П. Я. Гальперин, Н. Ф. Талызина);
– мазмундуу жалпылаштыруу теориясы (В. В. Давыдов);
– проблемалык өнүктүрүү теориясы (Т. В. Кудрявцев, И. Я. Лернер, М. И. Махмутов, A. M. Матюшкин, М. Н. Скаткин);
– личностту чыгармачыл өнүктүрүү теориясы (В. И. Андреев, А. Е. Ларин);
– окутууну алгоритмдештирүү теориясы (Л. Н. Лында, И. Марев, В. П. Беспалько);
– окутууну оптималдаштыруу жана интенсивдештирүү теориясы (Ю. К. Бабанский);
– окутуу процессинин теориялык негиздери (В. В. Краевский).
Новаторлук статуска жетишкен мугалимдер өздөрү иштеген окуу жайынын материалдык-техникалык шарттарына жана профессионалдык устаттыгына жараша жогоруда көрсөтүлгөн теориялардын тиешелүүсүн практикада колдонуунун конкреттүү ыкмаларын иштеп чыгышып, үзүрлүү эмгектенип жатышат.
ЭКИНЧИ БӨЛҮМ. Педагогиканын калыптанышы
2.1. ПЕДАГОГИКАНЫН НЕГИЗГИ КАТЕГОРИЯЛАРЫ
Педагогиканын жалпы түшүнүктөрү (категориялары) – тарбиялоо, окуу, окутуу, билим берүү, педагогикалык процесс. Мына ушул ж. б. педагогикалык түшүнүктөрдүн мазмуну стабилдүү (туруктуу) эмес. Категорияларда аларда белгиленүүчү чындыктуу кубулуштардын өзгөрүүлөрү жана илимий ойдун ар бир кубулуштун маани-маңызына тарап жайылышынын даражасы чагылдырылат. Kөп педагогдор (П. Г. Редкин, А. Н. Острогорский, Л. Н. Толстой ж. б.) өз эмгектерин түшүнүктөрдү анализдөөгө жана аларга аныктама берүүгө, алардын арасындагы өз ара байланыштарды мүнөздөөгө арнашкан. Педагогикалык түшүнүктөрдүн системасын иштеп чыгуу, тиешелүү аныктамаларды жана терминдерди тактоо иши улантылып жатат; ошондой болсо да педагогиканын категорияларын азыркыча түшүнүп кабылдоого мүнөздүү болгон негизги тенденциялар ачык болду.
Тарбиялоо, сөздүн кең маанисинде – өсүп-өнүгүүгө таасир этүү жана ошол таасирдин натыйжасы. Адамды анын бүткүл өмүрү (турмушу) тарбиялайт деген ойдун мааниси да дал ушунда. Сөздүн адистик тар маанисинде тарбиялоо деп тарбиялоочунун жумушун, өсүп-өнүгүүгө максаттуу жетекчилигин жана ошол жетекчиликтин натыйжасын түшүнөбүз. Педагогикалык жетекчилик мурдагы педагогикада тарбиячынын тарбиялануучуларга түздөн түз таасир этүүсү деп эсептелинип келген. Илимий педагогика ырастоосу боюнча адамдын инсандыгы ишмердик процессинде калыптанат. Бул ишмердүүлүүк өсүп-өнүгүүгө чоң таасир этет, б. а. тарбиялайт.
Белгилүү педагогдордун эмгектеринде объективдүү социалдык кубулуш катарындагы тарбияны атайын уюштурулган тарбиялык жумуштан тактап айырмалоонун зарылдыгы белгиленип көрсөтүлөт. Ар бир жаңы муун жашай баштагандан тартып өзүнөн көзкаранды эмес, ага чейин эле болуп келген социалдык, идеологиялык жана экономикалык мамилелердин системасына дуушар болот. Жаңы муундун ишмердигинин мүнөзү жана жалпы шарттары барыдан мурда мына ошол коомдук мамилелер менен аныкталат. Ал көзгө көрүнбөгөн чексиз көп жактары аркылуу коомдун бардык тармактары менен байланыштуу. Мына ушул кубулуштардын бардыгы объективдүү тарбиялык процесс болуп эсептелет.
Окуу – бул түшүнүктү кыскача билимдерди, билгичтиктерди жана көн-дүмдөрдү өздөштүрүү деп аныктоого болот. Мурда бул термин адамга гана карата колдонулуп келген болсо, азыр кибернетикалык адабияттарда ал о. эле машиналарды “окутууга” карата да пайдаланылат. Ушуга байланыштуу “окуу” түшүнүгү максаттуу аракеттердин тажрыйбасы катары бир кыйла кеңири талкууланып жүрөт.
Окутуу – сөздүн тар маанисинде, окууга жетекчилик кылуу. Кең мааниде алганда окутуу эки жактуу процесс; ал окуу материалын берүүнү жана өздөштүрүүнү, б. а. мугалимдин ишмердигин (сабак берүүнү) ж-а окуучулардын ишмердиктерин (окуп билим алууну) ичине камтыйт.
Билим берүү – системалаштырылган билимдерди жана аларга байланыштуу болгон практикалык таанып билүүчүлүк ишмердикти өздөштүрүү процессин жана натыйжасы.
Коомдун алгачкы өнүгүү жолунда билим берүү өткөн муундардын тажрыйбасын үйрөнүп-билүү сыяктуу мүнөздө болгон. Балдар айлана-чөйрөдөн белгилүү эмгек ыкмаларын үйрөнүшкөн. Эмгекти бөлүштүрүү пайда болгондон баштап айланадагы тажрыйбаны үйрөнүү функциясы өсүп келе жаткан жаш муундарды өз алдынча эмгектенип жашоого даярдоочу атайын уюштурулган ишмердиктин мазмунуна айланган.
Педагогикалык
процесс улам жаңыланып туруучу
социалдык маселелерди
Информация о работе Педагогиканын башка илимдер менен байланышы