Автор работы: Пользователь скрыл имя, 30 Ноября 2013 в 20:27, курсовая работа
"Баскан жол - ѳмур-баян" акын Калыктын "сандыктагы" чыгарманын бири. Бул мемуардын баштан ѳткѳн окуяларын, турмушка көз карашканын жарык кѳрушу кыргыз адабиятындагы жакшы жѳрѳлгѳ - адабий жанрдын да бир түрүнө жаны салынган борос. Буга чейин чоң полотнодо тарыхый окуялардын, адамдарын негизинде жазылган чыгармалар жок болчу десек жанылышпайбыз.
"Баскан жол" - бул, жалгыз Калыкка тиешелуу эмес, ал Калыктай кедей -дыйкандардын баскан жолу, ѳмур баяны, ѳткѳргѳн куну, таткан тузу. Биздин ата - бабалар ушул жолдор менен басып, ушул жолдордо тендик учун курѳшуп келишкен.
Кириш сөз................................................................................................................................4
1 бѳлүм. Калык Акыевдин балалыгы жана чыгармачылыгы………………….….………5
1.1. Атамдын жайы...................................................................................................................5
1.2. Чекебиз жылыбады............................................................................................................5
1.3. Балалык..............................................................................................................................5
1.4 Ыр көрөгөсү........................................................................................................................5
1.5.Жетимдик............................................................................................................................6 1.6. Манапка да ырчы керек экен.............................................................................................6
1.7. Улуу устатка жолугуу........................................................................................................6
1.8. Анжыяга сапар...................................................................................................................7
1.9. Жокчулук...........................................................................................................................7
1.10.Зилзала...............................................................................................................................8
1.11. Кемпирди кошконум жана манаптын зордугу..................................................................8
1.12. Эшмамбет ырчы менен. беттешуу..................................................................................8
1.13. Ырдын азабы....................................................................................................................8
1.14. Ит кетѳрдүн тобунда.......................................................................................................10
1.15. Ата бала болуп калыптырбыз.........................................................................................10
1.16. Жөө калдым......................................................................................................................11
1.17. Кайра эле Токомду ээрчидим..........................................................................................11
1.18. Мени Жени Жок чакырыптыр.......................................................................................12
1.19. Ырдын тамашасы.............................................................................................................12
1.20. Аттын артынан.................................................................................................................14
1.21. Экинчи каматуу................................................................................................................14
1.22. Келте менен ооруганда....................................................................................................14
1.23. Токтогулду тосуп алуу.....................................................................................................14
2 бѳлум. Калык Акыевдин ѳмүр жолдору жана чыгармачылык
иштери………………………………………………………………………..16
2.1. Киидик кан тамган Жумгалга кѳчүү...............................................................................16
2.2. Үркүн жыл..........................................................................................................................17
2.3. Жаны заман женүгѳ ыр......................................................................................................17
2.4. Ачарчылык..........................................................................................................................18
2.5. Жети - Суу облусунун делегаты болдум..........................................................................19
2.6. Айдараалы Жөргөлөк.......................................................................................................20
2.7. Каракчылар караа..............................................................................................................20
2.8.Айылдын жакшы турмушу үчүн........................................................................................20
2.9.Жалпы элдик тойдун жарчысымын..................................................................................21
Жыйынтыгы.............................................................................................................................22
Колдонулган адабияттар.........................................................................................................24
Тиркеме.......................................................................................................................................25
Ошол сапарында чапан, акча, кемезден да болуп алган. Чөнтөгүндө акчасы толуп, бир ат сатып алган. Атка ээр токум, жүгөн, куюшкан, жабуусу менен бардыгын жабдып, ата — эне, ага — иниге да кийим сатып, Кетмен - Төбөгө келген.
1.9 Жокчулук
Катуу жут болгон мал карылган, ачарчылык каптаган. Калык алтымыш камчы өргөндө, атасы Анжыянга апарып, беш кадак чайга, бир соку кантка, төрт бут күрүчкө сатыптыр. Жокчулук деген ырын карылардын суроосу менен ырдап чыккан.
Ачкабыз деп үшкүрүп,
Абышка, кемпир - карылар.
Ар кайсыны санасаң,
Кететко кубат алыңар.
Мүгүрөбө агайын,
Күнүмдүк оокат табылар.
Карашпайт элдин алына,
Өрт замандын байлары,
Өксүбөй турган эмедей,
Өз тукуму жайдары.
Көмкөрүлүп төгүлөөр,
Кектүн суусу - айраны.
Кайрымы жок байлардын
Корум болот койлору.
Карашпай, элден айрылып
Байлардын чыгар ойрону.
Түгөтүп бардык оокаты,
Түрткүлөдү жокчулук,
Түңүлбө кемпир абышка,
Тирүүгө келет токчулук...
Он төртүмдөн жалданып,
Малай кылдың жокчулук.
Жатканымды мал баккаи,
Сарай кылдыц жокчулук.
Чемирчекти жашымдан
Кайрыдың го жокчулук....- деп жазган.
1.10 Зилзала
Анжыян багытында шаарлар жана кыштактар кыйрап, адамдар наабыт болгонун Зилзала деген ырында ырдаган.
Көргөндөр айтат абыдан,
Угулду укмуш жаңыдан.
Азыркы болгон зилзала
Анжыян, Кокон жагынан.
Жер титиреп, там баскан,
Жаман кабар угулду.
Каалгандарын бордоткон,
Катар үйлөр жыгылды.
"Заман акыр күнүбү" деп,
Зарын айтып кудайга,
Тоголонуп көп адам,
Көмүлбөй жamam ылайда...
1.11 Кемпирди кошконум жана маиаптын зордугу
Ошол жылда кыштын күнү Асыран байдын байбичеси өлгөн. Мүчө берет, ат чабат деп бир болуш элге кабар берилген. Төрөкелдиге да угулуп, ал Калыкты алып жөнөдү. Жолдо кетип баратканда Курман деген ырчы Калыкка кемпирге ылайыктуу ыр уйрөтөт.
...Керилип өстүң байбиче
Келин болуп бир кезде.
Калаар азыр денеңиз
Казылуу кара күмбөздө.
Жалтылдап кызды караган,
Жасанып чачын тараган,
Жаш күнүнөн атайын
Жатты зм деп санаган...
1.12 Эшмамбет ырчы менен беттешуу
Калык Токтогул менен бирге жүрүп, жалтанбай топко кирип, Эшмамбет менен ээрчишип ырдап, Жаңыбайга жанашып, Курман ырчыны кууп ырдап, Жолой ырчы жолобой, жолусун киши торобой "оңой эмесмин" - деп жүргөн кези. Байгазы болуштун тарабындагы бир чоң байдын ашы болгон. Каратал менен Байгазы эки белөк тараптан болгон. Калык Караталдын ырчысы болгон, а Эшмамбет Байгазыныкы. Ошол ашта Калык Эшмамбет менен беттешип айтышкан.
Эшмамбет:
...Атаң уста Акы эле,
Ак жыгачты кемирген.
Андан карды тоюнбай,
Жүргүзгөн тегирмен.
Ач курсактын уулу эле,
Качан көөнүң семирген.
Аттанып ырдап оокат man,
Ашка келген элиңден?
Сенин атаң Акы уста,
Асылган коңдөн терекке...
Калык:
Жар чакырат деп турсам,
Эшмамбет жабышкан келипсиң.
Жатакчынын итиндей,
Кабышканы келипсиң.
Жамандык менен Эшмамбет,
Таанышканы келипсиң.
Чарчаганча mил менен,
Чабышканы келипсиң...
Манаптардан айласы кетип, коркконундан жана ошолордун шилтөсү боюнча Байгазы болушу кордоп ырдаган:
Көзгө суук көрүнгөн
Көкүмбүйдүн Байгазы.
Көлдөй толкун көрүнгөн
Көптүн түрүн байкачы.
Кетти бүгүн кемпейип,
Байгазынын айласы.
Көзүңө адам көрүнбөй
Көтүн эле ашыгып...
Ушул ыр үчүн Калыкты он эки ай түрмөгө кесиптир, бирок ал Жумгалга качат.
1.13 Ырдьш азабы
Жумгалдын Көк - Оюнда чоң аш болуп жаткан жерге келип ырдап берген.
Тентип – тербип жүргөнчө,
Элимди издеп табайын.
Киндик кесип, кир жуунган,
Жеримди издеп табайын.
Желмогуздан кутулуп,
Жаш жанымды багайын...
Ошол ашка келген элге жай айтып ырдаган:
Ырчы болдум жашымда,
Бала ырчы деп атандым,
Байбиченин ашында.
Жар чакырып келайтам,
Жазы саяк кашында.
Байбичеге аш берген,
Кыз алышып, кыз берген,
Башынан экөө куда экен,
Конулдору мудаа экен.
Акылбек ажы, Сураке,
Ашка келгеи эл деди,
Ар болушка бир баштан,
Жар чакырып кел деди.
Кара —Кече, Суусамыр,
Бөлүнүшүп турсун дейт.
Айтыкенин Балыкоозго айткандарынан карылардын оозунда калганы:
Сен солтодон чыккан балыксың,
Акылыңдан таныпсың.
Сен солто ичинде чоң чарык,
Түбүңдү билбей калыпсың.
Kөn мактайсың солтону,
Солтодон саяк коркобу?
Кемсинтесиң саякты,
Саяктан жээриң таякты.
Айтыкенин айтылган ырын намыс кылып, Жангарач деген солтонун чоң манапы, аны сууга салдырып, өлгүрчө кылып токмоктоткон экен.
1.14 Ит көтөрдүн тобунда
Кийинки жылдарда Балыкчынын чоң сазына губернадырдан буйрук келген: "Үчүн үйөздү тобу болот экен, үч дубан элдин чырын карайт экен, кимде - кимдин жедирип жургөн акылары болсо, ушу топто алат, эгер бул топко барбай калса, ошол акасы эч убакта өнбөйт" - деген сөз тараган. Мырзабек элүүдөй киши менен Калыкты да алып жөнөдү. Кочкорго келгенде эки күнү жаттып, үчүнчү күнүндө Нарындык манаптар: Чоко, Касымаалы, Карач, Абдырай дегендер келген.
1.15 Ата бала болуп калыптырбыз
Токтогул районундагы Ак - Чийдин базарында ата - энесине, ага - инилерине кийим алып берип жөнөтөйүн деген. Кулуке устанын үйүндө ырдап олтурганда, Токмо атган түшөө электе ырдап баштаган:
Калың саяк элиңе,
Кабарың чыкпай кетти эле.
Качып жүрсөң мейли да
Кайрылбай коюш эп беле?
Канатыц сабап ырдайсың
Кандай келдиң жаңырып?
Боордош деген элиде,
Болбос иштен чалынып,
Бурулбай кетип эмине?
өөдтөн келди деп уктум
Балам, өнүп- өскөн жериңе...
Кадырлуу Токомо катара ырдаганы:
Дабырты чыгат эшиктен,
Даңазалуу жоргонун.
Кайдан билдиң Токтогул,
Калыктын мыида конгонун?
Барчындай үнү шаңшыган,
Булбул болуп таңшыган,
Ашка тойго эрчитип,
Акын кылган жашыман
Атамдай Током үнүбү?
Адамдън барын кубанткан,
Акындын чечен тилиби?
Ай караңгы түн болсо,
Am үстүндө, эшиктен
Током,тааныдың кантип иниңди?
Атамдай Током, мен мына
Атыңдан түшүп үйгө кел,
Сайрачу булбул келди деп,
Токо, самап mypam мындагы эл! - бул ырында Калык Токону өз атасы деп айтат, дайыма бирге жүргөнүн, жардам бергенин айткан.
1.16 Жөө калдым
Бир күнү базарда бир топ кишилер менен турган эле.Ошондо бир киши Токону чакырып жана мени эрчите келсин деген. Чай ичип Токтогул ырдаган, аягында ал Калыкка кайрылган:
Ээ боло албай башыма,
Элимден бозуп мен кеттим.
Ээрчиди курбу - курдашым,
Эрезеге сен жеттиң,
Көптү көргөң оолугуп,
Көңүлүмдү дегдеттиң.
Акын болду Калык деп,
Балам кабарыңды сеземин.
Тамашаңды эл уксун,
Таңшыгын Калык, безегин...
Токтогул Сибирден келгенден бери анын ырларын эчким уккан эмес. Андан кийин Калык ырдап берген:
Током өзүң айткандай,
Учурашып алайын.
Уланды сөздү токтотуп,
Уңгулуу жолго салайын.
Кыюусун таап жол бердиң
Токо, кызматыңа жарайын:
Атак даңкым чыга элек,
Азыркысын өзүм жаш...
Ал жерде туруктуу болоорун ишенип, ар кимден чөп, беде сурап сукулдабай өзүнчө тың оокат өткөрөйүн деген. Там салып, беде айдап, тегерете ноолу курчап, бак тигип, оокат жайга жакшы кийгилишип калды. Ошол жылы Калык аял алган.
1.17 Кайра эле Токомду ээрчидим
Комузду белине чалып, Узун - Акматты карай туура жолго салып, Токомдукуна барды. Бирок ал үйүндө жок экен. Током Сагызганда деп угуп ырдап жөнөгөн:
Союл куйрук, con желме,
Мунун баасы жүз теңге,
Бир жорголоп бир басып,
Кыялданат мингенде.
Молдоке досум берген am,
Таалайыма келген am,
Басыгынан адашып,
Биреринде желген am.
Жалгыз атын мингизген
Молдоке досум өзу март...
Кушубак чал Токону ага - инилери менен учурашып, Калыкты таныштырып анан Таласска,Чаткалга, Аксы жакка кетебер деген.
1.18 Мени Жеңи Жок чакырыптыр
Тытты - Сайга келсе, арапча кат келиптир. Ошол катты Жеңи Жок жазыптыр. Ал Калыкты Аксыга орозого чакырыптыр. Балык - Курт, Кум - Бел ашууларынан өткөн. Артыкбайдын тоюнда ырдап берген ыры:
Күрпөң - күрпөң жүгүртүп,
Кулугуң күндө тердеткен.
Күүсүнө келип турат деп,
Күрмөк күрүч жемдеткен...
Саруу, багыш, көбүңө,
Саламдашып турайын.
Кабарымды билгизип,
Амандашып турайын.
Той берипсиң Артыкбай,
Сага токтоосуз кызмат кылайын...
1.19 Ырдын тамашасы
Күз айларында базардан эки арык ат сатып алган. Ашырбай менен Кудайберген
дагы бирден ат семиртип, Калыкка кошулуп, аягында сегиз киши болгон. Калыкты ырдаган үчүн кондурмакка элдер чыккырыптыр, Алды Айдараалы заңкайган чон кара үйүнө киргизген. Эл толо баштаган. Калык Кетмен - Төбөдөн келе жатканын, ыр менен оокат кылганын, ат жетелеп базарга баратканын, элге ырдап жүргөн санаттарын, өздөрүнө учурашкан жамактарынан, кордоп ырдаган кордок кылган манаптар, Токтогулдан алган сабактарынап жана башка күлкүлүү тамашаларынан ырдап берген экен.
Комузду колго алып жорочуларга учурашып. жолдошторунун талаада калгандыгын ырдап берген:
Талаага таруу айдатып,
Тамагын жолго жайнатып,
Тамашалуу ырчыны,
Таңшытып бүгүн сайратып,
Борум менен баш кошуп,
Бозо ичкендер аманбы?
Кыргыз, кыпчак, өзбек,
Кошо ичкендер аманбы?
Аралап көрүп жүргөндөй
Айлыңды таптым адырдан...
Бозонун ээлери астайдили менен угуп олтурушуптур. Бозого кызып алгандары сурөөн болуп, ырды шооктонтуп ийишти. Маамытбай деген аксакал Калыкты элге эрмек болуп бер дептир. Бозого кызымтал болуп, ырдагысы келип, комузду күүлөп, элдин мүнөзүнө жараша ырдап баштаган экен:
Жарды - жалчы элдерди,
Жаткырышпай кор кылат.
Боордошушуп бай манап,
Болуштарды коңдурат.
Бозосун ичкен кедейди,
Боздотуп уруп кор кылат.
Сулайманкул, Осмонбек,
Багыштан Ороз даткаңар.
Уу тырмактар элди эзип,
Жеп - ичкенге мактанар.
Өзүнүн кылган ишинен
Өрт жалынган капталар.
Күнөсүз элди айыптап,
Күнүмдүккө жеп- ичет,
Күйөрүн жыга чапкансып,