Автор работы: Пользователь скрыл имя, 30 Ноября 2013 в 20:27, курсовая работа
"Баскан жол - ѳмур-баян" акын Калыктын "сандыктагы" чыгарманын бири. Бул мемуардын баштан ѳткѳн окуяларын, турмушка көз карашканын жарык кѳрушу кыргыз адабиятындагы жакшы жѳрѳлгѳ - адабий жанрдын да бир түрүнө жаны салынган борос. Буга чейин чоң полотнодо тарыхый окуялардын, адамдарын негизинде жазылган чыгармалар жок болчу десек жанылышпайбыз.
"Баскан жол" - бул, жалгыз Калыкка тиешелуу эмес, ал Калыктай кедей -дыйкандардын баскан жолу, ѳмур баяны, ѳткѳргѳн куну, таткан тузу. Биздин ата - бабалар ушул жолдор менен басып, ушул жолдордо тендик учун курѳшуп келишкен.
Кириш сөз................................................................................................................................4
1 бѳлүм. Калык Акыевдин балалыгы жана чыгармачылыгы………………….….………5
1.1. Атамдын жайы...................................................................................................................5
1.2. Чекебиз жылыбады............................................................................................................5
1.3. Балалык..............................................................................................................................5
1.4 Ыр көрөгөсү........................................................................................................................5
1.5.Жетимдик............................................................................................................................6 1.6. Манапка да ырчы керек экен.............................................................................................6
1.7. Улуу устатка жолугуу........................................................................................................6
1.8. Анжыяга сапар...................................................................................................................7
1.9. Жокчулук...........................................................................................................................7
1.10.Зилзала...............................................................................................................................8
1.11. Кемпирди кошконум жана манаптын зордугу..................................................................8
1.12. Эшмамбет ырчы менен. беттешуу..................................................................................8
1.13. Ырдын азабы....................................................................................................................8
1.14. Ит кетѳрдүн тобунда.......................................................................................................10
1.15. Ата бала болуп калыптырбыз.........................................................................................10
1.16. Жөө калдым......................................................................................................................11
1.17. Кайра эле Токомду ээрчидим..........................................................................................11
1.18. Мени Жени Жок чакырыптыр.......................................................................................12
1.19. Ырдын тамашасы.............................................................................................................12
1.20. Аттын артынан.................................................................................................................14
1.21. Экинчи каматуу................................................................................................................14
1.22. Келте менен ооруганда....................................................................................................14
1.23. Токтогулду тосуп алуу.....................................................................................................14
2 бѳлум. Калык Акыевдин ѳмүр жолдору жана чыгармачылык
иштери………………………………………………………………………..16
2.1. Киидик кан тамган Жумгалга кѳчүү...............................................................................16
2.2. Үркүн жыл..........................................................................................................................17
2.3. Жаны заман женүгѳ ыр......................................................................................................17
2.4. Ачарчылык..........................................................................................................................18
2.5. Жети - Суу облусунун делегаты болдум..........................................................................19
2.6. Айдараалы Жөргөлөк.......................................................................................................20
2.7. Каракчылар караа..............................................................................................................20
2.8.Айылдын жакшы турмушу үчүн........................................................................................20
2.9.Жалпы элдик тойдун жарчысымын..................................................................................21
Жыйынтыгы.............................................................................................................................22
Колдонулган адабияттар.........................................................................................................24
Тиркеме.......................................................................................................................................25
Күч көргөзүп келишет...
Элди ыраазы кылууга Манасчыга окшотуп , "Манас" айткан:
Э-э-й, кудай өзү билбесе,
Купуя жалган болбосо,
Адам өзу билбесе,
Айтканым жалган болбосо...
Жабыратып айтабыз,
Жакшы Чүрөк жөнү үчүн
Жалганы менеи иши жок,
Же, жанында жүргөн киши жок,
Көбү төгүн ,көбү чын,
Көп адамдын көөну учун,
Күрпүлдөтүп айтабыз,
Күкүдөй Чүрөк жөнү үчүн.
Төгүнү менен иши жок,
Же, анын төрүндө жаткан киши жок.
Илгеркинин жоругу,
Эмдиги элдин жомогу,
Эртеги эткөн Чүрөктү,
Эстебей койсо болобу?
Байыркынын жоругу,
Эми, бардык элдин жомогу.
Баштагы Чүрөк сулууну
Байкабай койсо болобу?...
Курманбай аксакал, кемпири менен Калыкка тасмал салып чай берген. Тик мүүз кара эчкини жетелеп келип, аны союп, этин казанга салып бышырган. Тамак ичип, суйлөшүп олтурушкан. Абышканын ак пейли менен айткан сөзү кеңүлгө уюлган.
Ошондо Курманбайга ырдаган ыры:
Булбулдар таңшып сайрашат,
Саялап жазгы терекке.
Ак пейилдүү азамат,
Айттырбай жарайт керекке.
Адырга малы толсо да,
Айраны көлдөй болсо да,
Сүткөрдө болбойт береке,
Пейилиңде тойгуздуң,
Аксакал ата, энеке.
Кара ниет адамдын,
Кадыры болбойт элинде,
Канчалык чечен болсо да,
Касиет жок кебинде....
Эртесинде Курманбай аксакал менен коштошуп, ара жолдон Айдараалыга конуптур. Алтымыш боо бедени сатып, ачкасьш бериптир. Андан кийин уйуне барып, айыл апасына учурашкан экен.
1.20 Аттын артынан
Чапан тиктирип, Токомго саламдашууга барган. Ал - абалды сурап, кенул ачып сүйлөшүп олтурушкан. Токо Таласка Сарпекке баралык деген. Токтогул Сибирге кеткенде Шайылданын колунда анын аты калган. Каралуу ат минип, капкуржунду артынып, Далымбай балбанды эрчитип, эртеңкиге чаккырыптыр. Сарпек Таластын Кең - Көл жайлоосунда экен. Калыктын аты Сарпекте экен. Анда Сарпек аттын өзүнө кайта берген,
Калыктын көңүлү ачылып, үйнө жол кармады.
1.21 Экинчи каматуу
Токтогулду түндө кармап кетиптир. Токтогул Наманген түрмөсүндөн кат жазган. Ошол катта Токтогулду ким аны карматканын жазган. Алар: Сапар, Кайназар, Добулбектер экен. Ыса, Ысырайыл, Телтай, Төрөгелди дегендер Сибирден качып келгендер Токтогулду жашырып ырдатып жүрөт дешип Ысаны жыгыш үчүн аны карматыптыр. Токтогулдун Сибирде - сүргүнгө турган жериндеги улугуна жөнөттүрүлгөн. Көпчүлүктүн жиберген биргаборуна макулдук колу коюлуп келгиче Токтогул Наманген түрмөсүндө алты ай жаткан экен.
1.22 Келте менен ооруганда
Келте менен оорупкалган, алы начар болгон, аялы Ырысжан жанынан чыкпай жүгүнө. Ооруп жүргөндө Кадык ыр жазган:
Ken болду ооруп жатканым,
Kөөн ачар аила таппадым.
Аманат белем жараткан,
Асыл жанды сактаарың?
Жаным кейип тынчым жок,
Жайым кетти күн сайын.
Оору күчтүү жөөлүтүп,
Оюмда өлүм түн сайын
Ачылган гүлдөй өзүм жаш,
Ара жолдо алтын баш...
Субанкул деген карыя Калыктын көнүлүн ачып, комузуңду тышта ооруңа зыян болот
деген.
1.23 Токтогулду тосуп алуу
Токтогул Сатылган уулу эч күнөсүз Сибирге айдалган, ал түрмөдөн биротоло бошоп келе жатканда алдынан Калык тосуп чыккан. Токтогул чымыр, семиз киши эле, бирок түрмөдөн чыкканда өңүнөн азып жышылып калган.
Тосуп барган эл курчап, Токомго учурашкан ыры:
Орошон оң сол кыргыздын,
Ырдап өcmүң кашында.
Падышадан куулдуң,
Күнөсүздөн башында,
Ак жеринен кесилип,
Алмадай башың эзилип,
Айдалдың эле жашыңда.
Он жылда келдин Токтогул,
Түндүк Чыгыш Сибирден...
Экинчи бѳлүм
2.1 Киндик кан тамган Жумгалга көчүү
1914 - жылдын март айында Кетмен - Төбөдөн Жумгалга көчтү.
Токомдун коштошуу ыры:
Жердеп турдуң маанектеп,
ЖергелүАрым болушта.
Көчүп бара жатасын,
Тууганын Жумгал конушка.
Кош айтышып калсам деп,
Балам, обон коштум комузга.
Жан жолдошуң Ырысжан,
Жаныңда бирге баратат.
Жактырып алдың кыргыздан,
Ар ким сүйүп кошулса,
Ана, ошол сулуу нур кыздын...
Калыктын коштошуу ыры:
Арзып келип жашымда,
Алты жыл турдум Арымда.
Торгойдой сайрап бир жүрдүм,
Токтогул ата жаныңда.
Өзөктөш элге баратам,
Өзүмдүн эсен чагымда.
Бөлөктүк кылды Калык деп,
Боорлош элим таарынба.
Жети жыл турдум биргелеш,
Жерге - Тал, Тытты, Арымда.
Ашта - тойдо бир жүрдүм,
Жез тандай Током жаныңда...
Током менен коштошуп, кучакташып, көчүп жөнөгөн. Кабактын Жампа деген жерине Ырысжан элдин шартына көнүп, оокаттанып, малданып калган.
2.2 Үркүн жыл
1916 - жылдын август айында эгин издеп Чүйгө барды, Пишпекте азыраак күн жүрүп калды. Пишпек үйзөндөгү бардык болуштарын үйөз шашылып чакырыткан. Жумгал, Кочкордогу толкуган эл төбөсүнө камчы ойнотуучу падышанын чиновниктеринин бир тобун өлтүрүп ийишет. Кочкордон, Ыссык - Көлдөн, Токмоктон
көтөрүлүштөр чыкан. Коркондуктан эл үркүп Кытай, Кашкар, Турпан, Кара - шаар, Жамбылды, Кулжаны аралап жөнөшкөн.
Кытайга качкан, бүлүнгөн элди ойлоп, ыр жазган:
Падыша салгал зордукту,
Байтайын ырдап алыстан.
Бай - манаптар, бий — болуш,
Балакет болду жабышкан.
Буя кордукка чыдабай,
Ок атыштык намыздан.
Кантип айтпай коёюн,
Кан жутуп турган жергемди.
Кыргыз эли жыгылып,
Кытайга батпай тыгылып,
Же кырылар кези келгенби?...
2.3 Жаңы заман жөнүндө ыр
1917 - жылы... Кеч күз... Ленин деген чыгып, падышаны, бай - чиновниктерди төрөлөрү менен жыгып, жаңы заман келди - деген кабардын даңазасы кулачын жайылган. 1918 - жылдын январь, февраль айларында, кыргыз жеринде кедей дыйкандар өз баштарына ээ болушуп, кирген суу катары күрпүлдөшүп, темирдей бек ширеген, жер солкулдатып көк тиреген, кажыбас күчүбүз бар дешип, байларга-манаптарга теңтайлашууда болгон. Батырактын тоюна барган, анда Дөмөткөн менен Алымкул тойду башкарып туруш2кан.
Ырдап берген ыры:
Жаркыны келди Лениндин,
Жабыры кетти элимдин.
Толкундашып батырак
Той бериптир дедирдиң.
Куттуу болсуп тоюңар,
Кубанчыңа семирдим.
Ырыс - таалай бак келди,
Ырда дедиң теминдим.
Баатыр Ленин эрк берип,
Баш көтөрдүк батырак...
2.4. Ачарчылык
Ошол жылдын кыш айларынан тартып жут болду. Мал көп өлүптүр, эгин кымбаттаган экен. Качкыл - туркун дебей эл ачкачылыкка капталган. Кудайберген деген комузчуга кайрылган. Ошол жылдын июнь айында Суу - Самырга бара жаткан. Көкөмерен каттуу кирип, капчыгайдын жолу бузулуп, жолоочулар өтө алышпай, Эмел дей турган ашуу менен катташып жаткан. Эмелге кирип, Чоң - Таш деген конуштан өтө түшкөнүндө, бир картаңыраак аял кишинин өлгөнүн көргөн. Бир айылга барып өлүктүн жайын аксакалдарга айткан.
Быялы бай менен жакшы танышып калган. Бай - манаптар ГНУнун кишилерин эл аралатпай Суу - Самырдан кайра жөнөткөнгө аракеттешкен.
Ач - арыктардын ал-жайынан ырдап берген:
Кембагал, кедей, дыйкандын,
Алын сурап келдиңер,
Айран, сүтсүз ачка элдин,
Зарын сурап келдиңер,
Кабар албай ал элден,
Бүгүн кайта турган белгиңер!
Байлардын баары жайлоодо,
Короодо кою ыңкыган...
Он сегиз күндүн ичинде Суусамырдан, Сандыктан, Соң - Көлдөгң байлардан миңдеп ашык саан эчки, үч жүздөн ашык саан уй алып келишиптир. Жумгал багытындагы ач элдерге таркатып бердирип анан кайтышыптыр. Кабакка келгенде бай - манаптардан коркуп үйүндө олтурган.
2.5 Жети - Суу облосунун делегаты болдум
1919 - жылдын сентябрь айынын аяк ченинде Алматыдан Имамбай Орозалиев деген келип Калыктын үйүнө конгон. Эртеси Калыкты алып, Суу - Самырга барып, бир болуш элди жыйнатып Ленин жөнүндө, кеңеш өкмөттөгү саясаты жөнүндө айтып берген.
Съездди куттуктап ырдаганы:
Кубанычын айтайын,
Кыргыз, казак элдердин.
Too, талаадан чогулуп,
Толкуган күнү келгендин.
Тумчугуп жаткан элдерге
Туткабыз Ленин эрк берди.
Ленинден келген жолдоштор,
Жер - сууга ээ бол, деп келди.
Куттуктайм казак, кыргызга
Эркиндик заман келгенин...
Калык съездди куттуктап ырдоо менен бирге съездге келген делегаттарга, Москвадан келген өкүлдөргө жакшы танышып, кадырлангайдай болуп калган. Съезд октябрдын аягында жабылган. Пишпекте дагьт съезд башталган, баардык делегаттар келген. Жаны заман башталган, ошондо Калык милдетин ыр менен аткарган:
Куттуу болсун дыйкандар,
Ачылышы багыңдын.
Эмгекчил дыйкан балдары,
Эркиндик күндө таанылдың.
Эрге сүйрө бирдигин,
Өзүңдүн кедей табыңдып.
Жаркыраган нурун көр,
Жаңы заман - агымдын.
Турмуштун көркү ачылды,
Тунугу окшош күзгүгө.
Байлар менен манаптар,
Башанышты үзгүлө!...
32.6 Айдараалы Жөргөлөк
Айдараалынын өнөрү жалаң күлкү менен аткарылган экен. Калык Айдараалыга жараша куушуп ырдаганы болоор эмес. Ал болсо оңбогондой кууланып, оңко - чоңко болуп, тамаша чыгара берет экен.
Айдараалы элди күлдүрүп ырдап жөнөгөн:
- Атаңдын көрүү,
Мунуңар Калык эмес эле
Кара тажаал турбайбы?
Ыры азыраак кишини
Ушунча каптап ырдайбы?
Кушчу, саруу элимден
Көргөнүм жок мындайды,
Тамаша кылат деп mypсам,
Тартынбастан чындайбы?
Ыр- сенде, күлкү менде,
Тыңшаптуруп, бекер угуп кубаныш элде.
Бу жыйындан чыгайын,
Аяным менен жылайын.
Элди аралап бастырып,
Эптеп оокат кылайым....
2.7 Карачылар карааны
Таластан кайра Кетмен - Төбөгө келген. Аялы Ырысжан оруп калган экен, аны Тамырчы Өмурчү тамырын кармап каралашып туруптур. Калык келгенден кийин күндөн кийин каза болот. Жумгалга кайта барайын дегенде үч жашар кыз баласы келте менен ооруп калат.
2.8 Айылдын жаңы турмушу үчүн
1922 - жылда боркемик, күрүчбек дей турган көпчүлүк уруунун атка минерлери биригишип, элди эки тарапка бөлүшүп, 200 үйлүү туугандарын куугунтукка алышкан.
Бай - манаптар аларды аз айылсытып, көп айылдын актив болуштары уруучулук сезимин аябай пайдаланышкан. Облисполком Сарсенбаевди Калыкка кошуп берген. Кабакка барган. Айылы Табылгытынын оозуна Сарбулуңга чейин конушуп, Жумгалга көчүүгө даярданышкан. Беш күндүн ичинде союлган бооз койлорду, башка даты жеген -ичкендерин жегичтерге төлөтүп, жүз отуз алты түгүн айылдын алдын Жумгалга көчүрүп коюп, полномочулар кайра кетишкен.
2.9 Жалпы элдик тойдун жарчысымын
1923 - жылдын май айында Жети - Суу облусунун үчүнчү съезди жана "Союз кошчунун" үчүнчү тою Пишпек уйездинде өтмөкчү болгондугу жөнүндө элге кабар угулган. Жумгалдын Кара - Кечесинен он сегиз киши жөнөгөн манаптын балдары жакшы аттарга минип, кедейдин балдарына көз ымдашкан. Пишпекке съезд өтүп,
Калыкты тойго чакырат.
"Союз кошчунун" тою болгондо Калыктын ырдаган ыры:
Баш кошчу эчен дубандар,
Кыргыз, казак туугандар.
Ааламды дуңгө бөлөсүң,
Алкыш, бирдик-ураандар.
Чогулган элге ыр менен
Үн созууга муудам бар.
Болуп өткөн съезде
Эл тагдыры чечилди.
Партия жолу башкарып
Болшевикче бекили!...
Калык казактьш акындары менен айтышкан. Ат чабышта казактын Көк - Байтал күлүк аты биринчи байге алган. Эңиште, балбан күрөштө кыргыздын Кожомкул балбаны намысты өз колуна алган. Ошондой оюн-күлкү, тамаша-сайран менен Жети -Суу облусунун эмгекчилеринин тою таркаган.