Автор работы: Пользователь скрыл имя, 30 Ноября 2013 в 20:27, курсовая работа
"Баскан жол - ѳмур-баян" акын Калыктын "сандыктагы" чыгарманын бири. Бул мемуардын баштан ѳткѳн окуяларын, турмушка көз карашканын жарык кѳрушу кыргыз адабиятындагы жакшы жѳрѳлгѳ - адабий жанрдын да бир түрүнө жаны салынган борос. Буга чейин чоң полотнодо тарыхый окуялардын, адамдарын негизинде жазылган чыгармалар жок болчу десек жанылышпайбыз.
"Баскан жол" - бул, жалгыз Калыкка тиешелуу эмес, ал Калыктай кедей -дыйкандардын баскан жолу, ѳмур баяны, ѳткѳргѳн куну, таткан тузу. Биздин ата - бабалар ушул жолдор менен басып, ушул жолдордо тендик учун курѳшуп келишкен.
Кириш сөз................................................................................................................................4
1 бѳлүм. Калык Акыевдин балалыгы жана чыгармачылыгы………………….….………5
1.1. Атамдын жайы...................................................................................................................5
1.2. Чекебиз жылыбады............................................................................................................5
1.3. Балалык..............................................................................................................................5
1.4 Ыр көрөгөсү........................................................................................................................5
1.5.Жетимдик............................................................................................................................6 1.6. Манапка да ырчы керек экен.............................................................................................6
1.7. Улуу устатка жолугуу........................................................................................................6
1.8. Анжыяга сапар...................................................................................................................7
1.9. Жокчулук...........................................................................................................................7
1.10.Зилзала...............................................................................................................................8
1.11. Кемпирди кошконум жана манаптын зордугу..................................................................8
1.12. Эшмамбет ырчы менен. беттешуу..................................................................................8
1.13. Ырдын азабы....................................................................................................................8
1.14. Ит кетѳрдүн тобунда.......................................................................................................10
1.15. Ата бала болуп калыптырбыз.........................................................................................10
1.16. Жөө калдым......................................................................................................................11
1.17. Кайра эле Токомду ээрчидим..........................................................................................11
1.18. Мени Жени Жок чакырыптыр.......................................................................................12
1.19. Ырдын тамашасы.............................................................................................................12
1.20. Аттын артынан.................................................................................................................14
1.21. Экинчи каматуу................................................................................................................14
1.22. Келте менен ооруганда....................................................................................................14
1.23. Токтогулду тосуп алуу.....................................................................................................14
2 бѳлум. Калык Акыевдин ѳмүр жолдору жана чыгармачылык
иштери………………………………………………………………………..16
2.1. Киидик кан тамган Жумгалга кѳчүү...............................................................................16
2.2. Үркүн жыл..........................................................................................................................17
2.3. Жаны заман женүгѳ ыр......................................................................................................17
2.4. Ачарчылык..........................................................................................................................18
2.5. Жети - Суу облусунун делегаты болдум..........................................................................19
2.6. Айдараалы Жөргөлөк.......................................................................................................20
2.7. Каракчылар караа..............................................................................................................20
2.8.Айылдын жакшы турмушу үчүн........................................................................................20
2.9.Жалпы элдик тойдун жарчысымын..................................................................................21
Жыйынтыгы.............................................................................................................................22
Колдонулган адабияттар.........................................................................................................24
Тиркеме.......................................................................................................................................25
Жыйынтыгы
Мен жазган курстук иш аябай кызыктуу болду. Калык Акыев жѳнүндѳ кѳптүү билдим. Ырларын окугандан кийин, мен кѳп нерсени түшүндүм, кандай мурда татаал турмуш болгонун. Калык Акыевдин чоң адамкерчилиги бар учун улуу акын Токтогул ѳз баласындай кастарлаган.
Калык атабыздын акындык жагынан башка жагы адамкерчиликтүү адамды баалай билген, жаңыча суусап жашаган акын - гражданин болгон. Калык аксакал өтө жөнөкөй, айкөл адам болуптур. Ар бир залкар шайырдын чыгармачылыгында көзу өтүп кетсе да артында "Ачыла элек сандыктагы бычыла элек кундуздай" болгон угармандарга, окурмандарга белгисиз түрдүү сырлары улама шекилдүү айтылып кальштыр. Алсак, айтылуу Калык Акыевдин калдайган калкы менен келбес жайга кеткенине 55 жыл толсо да, жумурай журт, адабиятчылар ыр берметтерин сабалата төккөн төкмө акын, дастанчы, комузчу катары гана жакшы билишет.
Бала чагынан эл арасында ырдап, дастан айтып, комуз чертип, сабатсыз гана төкмө акын, дастанчы, комузчу катары таанылып келген. Ошондуктан, мурунку, кийинки муундар ал кишинин жазгыч акын экенин билишпей эле, жөнөкөй төкмө акын катары билишет жана билип келүүдө.
Калык Акыевдин өзү түзгөн экинчи, үчүнчү томдоруна баатырдык дастандар "Курманбек" баштаган "Жаныш Байыш", "Кедейкан", "Шырдакбек", "Карагул ботом" "Акмөөр" ж.б. дастандарды, жомоктору бар экен. Алардын ар бирин Калык акын өз обондору менен айтчу экен. Тилекке каршы алардын бири да тасмага жазылып алынбаптыр.
Калык акын пенде сейрек кезигүүчү укмуштай бир айкөлдүк, боорукерчилик касиети бар экен. Ата-энелери жок жетим балдарды, кыздарды үйүнө алып келип, багып, аларга атын берип, өз баласындай алпечтеп, окутуп, бутуна тургузуп, үйлөнтүп жайлантчу экен. Калык Акыев Совет доорунда эч нерседен жалтанбай туруп, нукура кыргызга таандык улуу эмгектерди, тактап айтканда, элдик оозеки чыгармаларын жана улуу акын Т. Сатылгановдун эмгегин элге жеткирүүдө ат которгус эмгек кылды. Ошондой эле өзунүн оозунан төгүлгөн орошон ырлары элибиздин баа жеткис эмгеги катары муундан-муунга кала берет. Элибиз мындай иштерди көз жаздымда калтырбай, улантышы абзел. Улуу эмгек өтөп, өз атын тарыхка өлбөс-өчпөс кылып жазып кеткен Калык атабыздын айкөлү мына ушул жерге, билимдин чордону болуп турган ар тарабы чоң окуу жайлардьн, академиянын бурчунда тургузулушу бекеринен эмес. Анткени Калык атабыз өз заманынын өтө сабаатуу адамы болгон.
Ал эми таланттын айта турган болсок, таланты баа жеткис. Калык атабыздын арбагы ыраазы болуп, ар дайым колдоп жүрсүн.
Колдонулган адабият
1. Калык Акыев "Баскан жол" - (өмүр - баян), 1964 жыл, чыгаруу № 1;
2. "Кыргыз мамбас" журналы «Ыр жыйынтыгы» - 1938 жыл, чыгаруу № 7;
3. "Кызыл Кыргызстан" газети - 1995 жыл, чыгаруу № 10;
4. "Кыргыз Туусу" газети - 2009 жыл, чыгаруу № 1;
5. Кыргыз Энциклопедиясы 2том - Калык Акыевдин өмүр - баяны, 1985 жыл;
6. "Эркин Too" газети - 2010 жыл, чыгаруу № 4;
Тиркеме
Сүрөт 1.Калык Акыев
Сүрөт 2.Калык Акыевдин эстелиги
Сүрөт 3.Калык Акыеыдин эстелиги
1 № 1, 10-27 б.
2 № 3, 69 б.
33 № 4, 489 б.