Автор работы: Пользователь скрыл имя, 04 Июля 2013 в 10:42, курсовая работа
Ал эми кыргыз адабий тилинин сырткы мүмкүнчүлүктөр аркылуу байышына орус тили зор таасир тийгизди. Кыргыз адабий тилинин пайда болуу жана анын алгачкы өнүгүү этабында эле орус тилинен жана ал аркылуу башка тилдерден экономикага, илим менен техникага, өнөр жай менен айыл чарбага, маданият менен адабиятка жана искусствого байланыштуу көптөгөн терминдер, жаңы сөздөр, түшүнүктөр кабыл алынды жана бүгүнкү күндө да кабыл алынууд.
Киришуу………………………………………………………………………..…3
Биринчи глава. Адабий тилдин лексикологиясы жана орду
Лексикология жана фразеологияны илимий предмет катары окуп уйронунун мааниси………………………………………..……………..5
1.2. Соз-лексикалык бирдик…………………………………………………..15
Экинчи глава. Создун жасалышы. Анын системалык мунозу, соз жана нерсе……………………………………………………………………………...18
2.1 Соз жана тушунук………………………………………………………….21
Учунчу глава. Семасиология
3.1 Семасиология жонундо жалпы тушунук……………………………….22
3.2. СӨЗ ЖАНА АНЫН МААНИЛБРИ…………………………………….24
Жыйынтыктоо………………………………………………………………….32
Колдонулган адабияттар……………………………………………………..33
План
Киришуу……………………………………………………………
Биринчи глава. Адабий тилдин лексикологиясы жана орду
1.2. Соз-лексикалык бирдик…………………………………………………..15
Экинчи глава.
Создун жасалышы. Анын системалык мунозу,
соз жана нерсе…………………………………………………………………
2.1 Соз жана тушунук………………………………………………………….
Учунчу глава. Семасиология
3.1 Семасиология
жонундо жалпы тушунук………………………
3.2. СӨЗ ЖАНА
АНЫН МААНИЛБРИ…………………………………….
Жыйынтыктоо…………………………………………………
Колдонулган адабияттар……………………………………………………
КИРИШҮҮ
Кыргыз адабий тили — кыргыз элинин мамлекеттик жана маданий турмушун тейлөөгө жарактуу боло алган, жалпы элдик тилдин жазуу аркылуу калыпка салынган жогорку формасы.
Адабий тил деген түшүнүк
жана анын пайда болушу, негизинен,
басма сөз менен тыгыз
Адабий тил өзүнүн фонетикалык
системасы, грамматикалык түзүлүшү
жана негизги сөздүк фондусу жагынан
жалпы элдик мүнөзгө ээлиги, элдин
баарына бирдей даражада түшүнүктүүлүгү,
диалектилердин баарына таандык
болгон белгилерди өзүнө камтышы
боюнча жалпы элдик тилден, анын
диалектилеринен айырмаланып
Демек, кыргыз адабий тили жана
жалпы элдик кыргыз тили деген
түшүнүктөрдү чаташтырбоо керек. Азыркы
кыргыз адабий тили — жалпы элдик
тилдин эң жогорку формасы. Тагыраак
айтканда, ал — өзүнүн сөздүк составы,
сөздөрдүн мааниси жана алардын
колдонулушу, сүйлөө менен жазуусу,
грамматикалык формалары, түзүлүшү
жагынан жалпы элдик мүнөздө
кабыл алынган үлгүнүн
Бирок мындан жалпы элдик тил, анын диалектилери менен адабий тилди кескин карама-каршы коюп, аларды өз ара эч байланышы жок көрүнүштөр катары кароого болбойт. Тескерисинче, адабий тилдин алгачкы жаралышында жалпы элдик тил, анын диалектилери база катары пайдаланылат. Ошондой эле өзүнүн андан аркы өнүгүү, калыптануу процесстеринде жалпы элдик тилге, анын диалектилерине таянат, андан өзүнө керектүүлөрүн тынымсыз кабыл алып турат. Ал эми адабий тилибиздин сөздүк составынын байышында, биринчи кезекте, анын ички мүмкүнчүлүктөрү толук пайдаланылды, б.а. , мурдатан колдонулуп жүргөн сөздөр маанилик жактан кеңип, жаңы маанилерге ээ болду: 1. уңгу — бир нерсенин, кетмендин, күрөктүн түп жагы, негизги бөлүгү; 2. уңгу — сөздүн уңгусу (жаңы маани). 1. борбор — ордооюнунун ортосу; 2. борбор — административдик мекемелер жайгашкан элдүү пункт (жаңы маани) ж.б. Муну менен катар тилибизде мурунтан колдонулуп жүргөн уңгу сөздөрдү жана мүчөлөрдү пайдалануу аркылуу да жаңы сөздөр жасалды: уюм, ийрим, басма, котормо, чыгарма, кабарчы, окумуштуу. өндүрүш тармагы, эмгек өндүрүмдүүлүгүж.б.
Ал эми кыргыз адабий тилинин сырткы мүмкүнчүлүктөр аркылуу байышына орус тили зор таасир тийгизди. Кыргыз адабий тилинин пайда болуу жана анын алгачкы өнүгүү этабында эле орус тилинен жана ал аркылуу башка тилдерден экономикага, илим менен техникага, өнөр жай менен айыл чарбага, маданият менен адабиятка жана искусствого байланыштуу көптөгөн терминдер, жаңы сөздөр, түшүнүктөр кабыл алынды жана бүгүнкү күндө да кабыл алынууд.
Биринчи глава. Адабий тилдин лексикологиясы жана орду.
Лексикология жана фразеология — бири-бири менен тыгыз байланышта болгон тил илиминин эки башка салаасы. Алардын бир илимдин тармактык бөлүктөрү катары өз-өзүнчө каралышы, баарыдан мурда, изилдөө, окуп-үйрөнүлүүчү объектилеринин ар башкалыгы аркылуу шартталат. Тагыраак айтканда, лексикологиянын объектиси — сөз жана анын маанилери болсо, фразеологиянын объектиси —туруктуу сөз тизмектери.
Бирок бул эки объект көпчүлүк учурларда өзүлөрүнүн изилдениш методдору, ыкмалары, аларда колдонулуучу илимий принциптер, айрым бир классификациялоодогу илимий критерийлери жагынан окшош, бири экинчисине тыгыз байланыштуу келет. Айталы, лексикологияда да. фразеологияда да сөздүн жана туруктуу сөз тизмектеринин мааниси, грамматикалык, структуралыкжана экспрессивдик-стилистикалык касиеттери, алардын колдонулуш өзгөчөлүктөрүкыргыз китептеринин электрондук китепканасы www.bizdin.kgкаралат. Демек, айрым бир проблемалар боюнча илимий анализ, синтез жасоодо бириндеги илимий корутундуга экинчиси таянбай койбойт. Ошондуктан лексикология менен фразеологиянын материалдарын мектептерден тартып, жогорку окуу жайларына чейин окуп-үйрөнүүдө бир курс катарыкаралат жана чогуу окулат.
Лексикология (гр. lexsis — «сөз» жана loqos — «илим») сөз жөнүндөгү илим деген маанини туюндурат. Ал сөз жөнүндөгү илим катары сөздү, анын маанилик түрлөрүн, алардын пайда болуу, жасалуу, өнүгүү, өзгөрүү закон ченемдүүлүктөрүн үйрөтөт.
Ошондой эле жалпы эле лексикалык составды, анын катмарларын жана
өнүгүү багыттарын белгилейт. Сөздүк составды лексика-семантикалык топторго ажыратат, лексикалык бирдиктердин бири-бири менен болгон өз ара байланыш-катышын аныктайт, аларды колдонулуш өзгөчөлүктөрүнө жана стилдик мүнөзүнө карата жиктерге бөлүштүрөт. Муну менен катар сөздөрдүн кепте аткарган кызматтарын да иликтейт.
Белгилүү бир тилдеги
сөздүн бардык жыйындысы, бүтүндөй сөз
байлыгы ошол тилдин сөздүк составы
же лексикасы деп аталат. Бирок
бул термин бир тилдеги сөздөрдүн
жалпы жыйындысына карата гана эмес,
айрым алынган жазуучулардын,
Лексикологиянын бирден-бир жана негизги бирдиги — сөз, ошондуктан сөз жөнүндөгү окуу лексикологиянын эң башкы милдети болуп саналат. Бирок сөздү,жалпы эле сөздүк составды иликтөө ар кандай багытта болору белгилүү. Тагыраак айтканда, сөздөр лексикологиянын семасиология, этимология, ономастика дегенсыяктуу тармактарында изилденет.
Семасиология (гр. Semasia — «маани» жана logos — «илим») сөз маанилерин, ал маанилердин түрлөрүн, алардын өнүгүү себептерин, закон ченемдүүлүктөрүн изилдөөгө арналган лексикологиянын эң башкы. негизги бир салаасы. Демек, семасиология — сөздүн лексикалык маанилери жөнүндөгү илим. Лексикалык маанилер сөзгө карата конкреттүү же индивидуалдуу мүнөзгө ээ, б.а. , лексикалык ар бир маани — сөздүн керт башына тиешелүү маани. Ошондуктан лексикалык маанилер бири экинчисинен кескин айырмаланып турушат: кар, шамал, чуркады, жаан, камкор, эрте, кеч, он беш ж.б.Нерселерге, түшүнүктөргө жана бири-бирине карата болгон мамилелерине карай лексикалык маанилер бир нече түргө бөлүнөт:
1. Лексикалык маанилер нерселерге. көрүнүштөргө карата маанилик ар
түрдүүлүктөрүнө байланышкан белгилери боюнча — номинативдик жана сигналдык, түз жана өтмө, конкреттүү жана абстракттуу деген сыяктуу түрлөргө ажыратылат.
Номинативдик маани — сөздүн атоо мааниси, б.а. , адамдар жаратылыштагы,
коомдогу жана турмуштагы ар түрдүү буюмдарды, заттарды, сандарды, сапаттарды, кубулуштарды, көрүнүштөрдү сөз менен атайт. Бул — сөздөрдүн атоо функциясы.
Айрыкча бул материалдык нерселерди белгилеген сөздөрдө айкын сезилет: алма, тал, терек, үй, табак, жоолук, нан, кымыз, стол, кагаз, калем ж.б.
Сигналдык маани нерсени же көрүнүштү атап көрсөтпөйт, аны тек гана билдирүү, шилтеп көрсөтүү милдетин аткарат: бул, мындан, тиги, үстүндө, астында, жанында. чейин. соң ж.б.
Сөздүн түз мааниси өтмө мааниден айырмаланып, нерсени түз атайт же аны
адамдын аң-сезимине тике чагылдырып көрсөтөт. Мындай учурда сөздө түз мааниден кыргыз китептеринин электрондук китепканасы башка ар кандай кошумча, өтмө маанилер катышпайт: стол. киши, аял, кой.козу, дептер, чанач. эт. айран, чака ж.б.
Сөздүн өтмө мааниси нерсени
түз эмес, ошол эле сөздүн башка
кыйыр мааниси аркылуу
Сөздүн конкреттүү жана абстракттуу маанилери анын белгилүү бир материалдык негизге ээ же ээ эместигине байланыштуу аныкталат. Тагыраак айтканда, сөздүн мааниси конкреттүү алынган бир нерсеге тиешелүү болсо (көгүчкөн, сүрөт. кайчы, таяк, уй). мындай маани — конкреттүү маани. Тескерисинче, кандайдыр бир материалдык негизге таянылбаган маани — абстракттуу маани (уйку. түш. санаа.
Пландуу, жалпылоо, логикалуу, бакыт, машакат ж.б. ). Көрүнүп тургандай, конкреттүү сөздөр белгилеген нерселерди, кубулуштарды сезим органдары аркылуу кабыл алууга мүмкүн болсо, абстракттуу сөздөр белгилеген нерселер. кубулуштар мындай касиетке ээ эмес.
2. Лексикалык маанилер өзүлөрүнүн аң-сезимге болгон катышына карата:
терминдик жана жалпы маани, бейтарап жана образдуу маани. эмоционалдуу жана эмоционалдуу эмес маани болуп бөлүнөт.
Терминологиялык маани — кошумча, өтмө маани мүнөздүү болбогон, илимге тиешелүү бир гана түшүнүктү билдирген жеке маани: интеграл, инерция, масса, индукция, плазма, формула ж.б.
Жалпы маани белгилүү бир түшүнүктү гана билдирбейт, ал муну менен катар ар кандай кошумча маанилер, маанилик оттенкалар аркылуу да коштолуп турат: Аяз жана күн. Айлана мемиреп тынч. Ак кар жамынган талаа көзгө сүйкүм көрүнөт. Айталы, аяз жана кун төмөнкүдөй кошумча маанилерге ээ. Күн планета жөнүндөгү мааниден сырткары жылуулук, жагымдуулук маанини, ал эми аяз суук, ызгаар, кыш маанилерин да билдирет.
Бейтарап жана образдуу маанилер аларда сүрөттүүлүктүн, сезимдин катышып турушуна же турбагандыгына байланыштуу өз ара ажыратылат. Образдуу маанидетүшүнүктөн сырткары сүрөттүүлүк да катышса, бейтарап мааниде түшүнүк гана берилет.
1) Жаңыдан шоолаланган
күндүн кызгылт-сары нуруна
көгүчкөндөр дыр-пыр этип аркы-терки учуп жүрүштү.
2) Көгүчкөндөр өзүлөрүнүнжашоо-
Биринчи сүйлөмдө «көгүчкөндөр»
образдуу мааниге ээ. Анткени анда
кандайдыр бир канаттуу куш жөнүндө
гана түшүнүк берилбестен, анын ошол
учурдагы конкреттүү элеси да кошо
берилген. Ал эми экинчисинде көгүчкөндөр
жөнүндө жалпыланган
Адамдардын ар түрдүү эмоциялык сезимдерин билдиргенине же билдире
албаганына карай сөз маанилери эмоционалдуу жана эмоционалдуу эмес маанилер болуп экиге бөлүнөт:
1) Баракелде! Пай-пай-пай! Сүйүктүүм, кан кускур. жашабай кал!
2) Суу, стакан, кашык, баштык.
Булардын биринчиси адамдын ар
кандай ичкисезимин (
Лексикалык маанилердин бөлүнүшүнүн үчүнчү түрү маанилердин өз ара
бири-бири менен болгон байланышынын ар түрдүүлүгүнө негизделет. Буга
байланыштуу алар: синонимдик. антонимдик, омонимдик маанилер деген сыяктуу негизги топторго бөлүнөт.
Синонимдик маанилер өзүлөрүнүн мазмуну боюнча бири-бирине өтө жакын
келишет. Ошондуктан көпчүлүк учурларда бирин экинчиси эркин алмаштыра алат:
ызаат-сый-урмат; таалим-нуска;
кытмыр-арамза-жойпу-эки
жоомарт-март-берешен; нарк-салт; чыр-чатак. Бирок синонимдик маанилер бардык эле учурда мазмундук жактан бири-бирине дал келе бербейт. Алар
маанилик оттенкалары боюнча бири-биринен белгилүү бир деңгээлде айырмаланып да турушат.
Синонимдик маанилерден кескин айырмаланып, өзүлөрүнүн мазмуну боюнча карама-каршы келген маанилердин өз ара байланышы антонимдик маанилердин тобуна жатат: ысык жана муздак, акылдуу жана акмак, кирүү жана чыгуу, эрте жана кеч, жарыкжана караңгы.
Омонимдик маанилер айтылышы же тыбыштык түзүлүшү бирдей болгону менен, ал маанилердин ортосунда өз ара эч кандай байланыш-катыш болбойт. Демек, алар өз ара байланышпаган ар башка маанидеги сөздөр: айры — чарбалык курал, айры — сын атооч (айры мүйүз), айры — этиш; айт — майрам, айт — этиш; ат —жаныбар, ат — этиш, ат — адамдын аты.
Азыркы кыргыз тилинин
лексикасы өзүнүн коом турмушунда колдонулуш
даражасы, келип чыгыш теги жана
стилдик жактан өзгөчөлөнгөн топтору
боюнча татаал системаны түзөт. Ошондуктан
кыргыз лексикологиясынын учурдагы
негизги милдеттеринин бири кыргыз
тилинин лексикалык составынын тарыхый
жактан куралышын, анын катмарларын
ачып көрсөтүү болуп саналат. Азыркыкыргыз
лексикасынын курамынан анын өздүк
лексикасынан сырткары, жалпы түрк
тилдерине орток сөздөр, сырттан
кабыл алынган сөздөр да орун алгандыгы
белгилүү. Буга байланыштуу орус тилинен,
моңгол жана араб-иран тилдеринен оошкон
сөздөрдү өз-өзүнчө топторго бөлүштүрүү,
алардын ар бирине мүнөздүү белгилерди,
лексика-тематикалык
алуунун себептерин, андагы тарыхый факторлорду илимий түрдө иликтөө талабы коюлат.
Азыркы кыргыз тилинин лексикасынын жалпы корун түзүп турган сөздөрдүн коом турмушунда колдонулуш даражасы бирдей эмес. Алардын негизги бөлүгү байланыш-катыштын ар түрдүү чөйрөлөрүндө өтө активдүү колдонулуп, негизги ролду ойноп келсе, айрымдары пассивдүү мүнөзгө ээ, б.а. , колдонулушу жактанчектелген. Буга жалпы элдик тилдин бир бутагы болгон диалектилик сөздөрдү көрсөтүүгө болот. Демек, лексикологияда диалектилик сөздөр, аларды окуп-үйрөнүүнүн зарылдыгы, диалектилик сөздөр менен адабий тилдин өз ара карым-катнашы, диалектилик сөздөр