Адабий тилдин лексикологиясы жана орду

Автор работы: Пользователь скрыл имя, 04 Июля 2013 в 10:42, курсовая работа

Описание работы

Ал эми кыргыз адабий тилинин сырткы мүмкүнчүлүктөр аркылуу байышына орус тили зор таасир тийгизди. Кыргыз адабий тилинин пайда болуу жана анын алгачкы өнүгүү этабында эле орус тилинен жана ал аркылуу башка тилдерден экономикага, илим менен техникага, өнөр жай менен айыл чарбага, маданият менен адабиятка жана искусствого байланыштуу көптөгөн терминдер, жаңы сөздөр, түшүнүктөр кабыл алынды жана бүгүнкү күндө да кабыл алынууд.

Содержание работы

Киришуу………………………………………………………………………..…3
Биринчи глава. Адабий тилдин лексикологиясы жана орду
Лексикология жана фразеологияны илимий предмет катары окуп уйронунун мааниси………………………………………..……………..5
1.2. Соз-лексикалык бирдик…………………………………………………..15
Экинчи глава. Создун жасалышы. Анын системалык мунозу, соз жана нерсе……………………………………………………………………………...18
2.1 Соз жана тушунук………………………………………………………….21
Учунчу глава. Семасиология
3.1 Семасиология жонундо жалпы тушунук……………………………….22
3.2. СӨЗ ЖАНА АНЫН МААНИЛБРИ…………………………………….24
Жыйынтыктоо………………………………………………………………….32
Колдонулган адабияттар……………………………………………………..33

Файлы: 1 файл

Адабий тилдин лексикологиясы жана орду.docx

— 51.14 Кб (Скачать файл)

Демек, сөз айрым адамдардын эрки же каалоосу менен эмес, тарыхый  категория катары белгилүү бир тарыхый  шарттарда, кырдаалдарда жаралып, анын аталышы жалпы элдик мүнөзгө  ээ болот. Ал эми анын өзгөрүшү сөздүн тарыхый өнүгүшүнө байланышкан  тилдин объективдүү закон ченемдүүлүгү жана анын элдин кебиндеколдонулуш  даражасы, ченеми менен шартталып  турат. Айталы, «учкуч» сөзү адеп пайда  болгондо, бул кесипти атоо үчүн алынган жогорку тыбыштык комплекс кимдир бирөөлөр тарабынан таңууланган  эмес. Мында жаңы пайда болгон кесипти  атоо зарылдыгынан жалпы элде мурда  эле колдонулуп келген (уч + кыч) жанажалпыга  бирдей тиешелүү болгон тилдик каражаттар пайдаланылган.

Сөз менен нерсенин ортосунда  тикеден-тике, табигый байланыш жок  экендигин жогоруда айттык. Бирок  мындан сөз менен нерсенин ортосунда  таптакыр эле байланыш жок экен деген  бүтүмгө келүүгө болбойт. Эгер бул  экөө бири-бири менен таптакыр эле  байланышпаса, анда биз эч нерсе  түшүнмөк эмеспиз, б.а. , сөздөртыбыштардын  кургак жыйындысына гана айланып, пикир  алышуу куралынын курулуш материалы  болуудан калмак. Ошондуктан буга байланыштуу  сөз жана анын маанисинин нерсеге  карата болгон карым-катнашы жөнүндө  мындай пикирлер айтылып жүрөт: 1) «Маани — бул белгилүү бир тыбыштык комплекстин  белгилүү бир нерсе менен болгон байланышы»; 2) «Маани — бул сөз  аркылуу нерсенин элестетилиши же сөз  аркылуу нерсени элестетип аңдап-билүү». Көрүнүп тургандай, бул жагынан  алганда, сөз жана анын мааниси менен  нерсенин ортосунда ажырагыс байланыш бар. Ошол себептүү бири аркылуу экинчиси түшүнүлөт, туюнтулат.Тагыраак айтканда, сөздүн материалдык (маанилик) жана формалдык (тыбыштык түзүлүшү) кейпи (облиги) аркылуу  нерсенин да сырткы түзүлүшү, ички маңызы аң-сезимде кошо чагылдырылат да, сөз, анын мааниси менен нерсенин ортосунда  бекем, ажырагыс биримдик пайда болот. Ошондуктан качан нерсе биздин аң-сезимибизге  таасир эткенде, ал нерсенин элеси менен  кошо аны белгилеген сөз да чагылдырылат. Тескерисинче, качан биз сөздү  окуганда же укканда, аң-сезимде аны  менен бирге ал атап көрсөткөн  тиешелүү нерсенин элеси да кошо чагылдырылат, б.а. , бир нерсени түшүнөбүз. Мына ушул байланыш — сөздүн тыбыштык түзүлүшүменен  ал атап турган нерсенин аң-сезимде  чагылдырылган биримдиги — сөздүн мааниси катары каралат.

Демек, сөз менен нерсенин өз ара карым-катнашы алардын  сырткы формалдык түзүлүшү менен  материалдык негиздеринин адамдардын аң-сезиминде чагылдырылган биримдиги  аркылуу шартталат. Дааналап айтканда, сөз менен нерсенин ортосунда  маани жатат, дал ушул мааниаркылуу алар өз ара байланышып турат.

2.1 Соз жана тушунук

Сөздүн мазмуну кандайдыр  бир түшүнүктү билдирүүгө негизделет. Ошондуктан сөздү түшүнүктүн белгиси  катары да кароого болот. Бирок сөздүн мааниси — бул сөз менен  нерсенин элестеринин бир бүтүндүктөгү биримдиги, байланышы. Сөздүн мааниси  ушул өзгөчөлүгүнө байланыштуу ал түшүнүктүн калыптанышынын негизги базасы жана анын өнүгүшүнүн куралы катары кызмат аткарат. Тактап айтканда, сөздүн мааниси  — бул түшүнүк жашап туруучу, өнүгүүчү жана пайда болуучу маанилик «форма». Ошондуктан түшүнүк сөздүн маанисине негизделген болот  да, айрыкча ал (түшүнүк) материалдык негиздеги сөздөрдүн маанилеринен даана байкалат: куш, канат ат, баш, кайык, казан, адам, кабык, айран, келди, бал, беш, сүт, алды, сары, саамай, мал, алма, саат.

Түшүнүк ошондой эле жогоркудай конкреттүү маанидеги аттарга гана негизделбестен, абстракттуу маанидеги  сөздөр аркылуу да берилиши мүмкүн: капа, акыл, сый, санаа, ой, нарк, муң, кайгы.

Демек, сөздөгү маани менен  андагы түшүнүк өз ара тыгыз байланышта болуп, биринин пайда болушун  экинчиси шарттап туруучу бир  бүтүндүн составдуу элементтери  катары эсептелинет. Бирок түшүнүккө  караганда сөз маанилери алда канча өзгөрмөлүү, алда канча көп  пландуу көрүнүш. Тагыраак айтканда, түшүнүкдайыма туруктуу, бирөө гана болсо, сөздүн мааниси бир канча  болушу мүмкүн. Ошондуктан сөздүн мааниси  менен түшүнүк бардык учурда эле  дал келе бербейт. Тилде кандайдыр  бир түшүнүктү билдирбеген, бирок  лексикалык бирдик катары ар кандай маанидеги  сөздөр да бар. Бул жагынан алганда, сөздүн бардык маанилери түшүнүктүн ичине сыйбайт, ал түшүнүккө караганда  алда канча кеңири. Ошол себептүү сөз  түшүнүктүн чегинен сырткары да маанилерди өз кучагына камтыйт. Айталы, эркелетүү, кичирейтүү, сөгүнүү, оройлонуу, жек  көрүү маанилериндеги: кенедейим,эрмегим, кулунум, ант ургур, жерге кир  деген сыяктуу сөздөр менен катар  тилде эмоционалдык сезим менен  гана байланышкан маанидеги: ой-ой, о-гоо, бали, бах, ии деген сыяктуу сөздөр да бар. Мындай эмоционалдык-экспрессивдик маанилер түшүнүктөн сырткары жашайт.

Тилде ошону менен бирге  эле эмоционалдык, эрктик сезимдер аркылуу татаалданбаган, маанилик жактан катмарланбаган «таза» түшүнүк түрүндөгү  сөздөр да кездешет. Мындай сөздөр, негизинен, терминдер болуп эсептелет: кислород, водород, планета, электрон,фонема, морфема, парламент ж.б.

Жыйынтыктап айтканда, сөз  менен түшүнүктүн өз ара карым-катнашы  сөздүн мааниси, түшүнүктүн белгиси, анын негизи катары келгендигине негизделет. Ошондуктан ал (сөздүн мааниси) кандайдыр  бир түшүнүк жөнүндө адамдардын аң-сезимине таасир берүүчү каражат, негиз катары эсептелет.

Учунчу глава. Семасиология.

3.1 Семасиология  жонундо жалпы тушунук.

Семасиология — (гр. Semasia — «маани» жана logos — «окуу», «илим») тилдик бирдиктердин маанилерин окуп-үйрөтүүчү лексикологиянын негизги бир тармагы.Соз маанилери, алардын өз ара карым-катнашы, сөз маанилеринин структурасы, түрлөрү, сөз маанилеринин кеңейиши жана өнүгүшү өңдүү маселелер семасиологиянын негизги изилдөө объектилери болуп саналат. кыргыз китептеринин электрондук китепканасы Демек, семасиологияда тилдин эң башкы бирдиги болуп эсептелген сөздүн маанилери борбордук маселе катары каралат. Мындан сырткары, грамматикалыкбирдиктер — морфология, грамматикалык ар түрдүү формалар, сөз айкашы жана сүйлөмдүн да айрым бир маанилик жактары семасиологиялык планда иликтелет. Семасиологияда сөз маанилерин изилдөөнүн маселелери, багыттары ар кандай мүнөздө болушу мүмкүн. Мындай маселелердин бири сөздөгү маанилердин өз ара байланышын, катышын, алардын пайда болуу жолдорун, булактарын жана

колдонулуш өзгөчөлүктөрүн окуп-үйрөнүү. Анткени сөздөр нерселерди, көрүнүштөрдү, кыймыл-аракеттерди ж.б. атап гана көрсөтпөстөн, алардын айрымдары  башка сөздөр менен окшош же жакын  маанилерде келсе, айрымдары өз ара  карама-каршы маанилеш катышта болот. Ошондой эле кээде бир эле  сөз же тыбыштык бир эле комплекс аркылуу бир нече маанилердин  берилгендигин көрөбүз. Сөздөрдүн  ортосундагы мындай ар түрдүү маанилик катыштар ар бир сөздүн жеке өз алдынча  турган маанилери аркылуу эмес, алардын  өз ара байланышына карай же конкреттүү бир контекст аркылуу гана аныкталат. Мисалы, тайыз — терең, так —  жуп,кыбыр — шамдагай, чоң —  кичине жана кубаныч — сүйүнүч, эс — акыл, жыйынтык-тыянак, ээрчиме  — оома, сүрдөдү — апкарыды, чырайлуу — өңдүү —түстүү ж.б. деген  сыяктуу сөздөрдүн карама-каршы  же жакын маанилери жогоркудай алардын  өз ара байланышына карай чечилет. Бирок мындай сөздөрдүн контексттик  маанилери бардык учурда бири-бирине дал келе бербейт. Мисалы, тайыз көл  — терең көл, тайыз суу —  терең суу, чоң үй — кичине үй же кубанычы койнуна батпады —  сүйүнүчү койнуна батпады; эстүү  адам — акылдуу адам деген сыяктуу  белгилүү бир контексттерде өз ара  карама-каршы же окшош маанилештик  катышта келгени менен, башка  бир контекстте, башка бир сөз  оромдорунда алардынортосундагы жогоркудай маанилик катыштар дайым эле сактала  бербейт. Мисалы, терең мазмундуу  сөз же айыл ичинде кадыры чоң деп  айтканыбыз менен, тайыз мазмундуу  сөз же айыл ичинде кадыры кичине деген  түрдө каршы мааниде колдонулушу  мүнөздүү эмес. Ушул сыяктуу эле, Наристенин төрөлүшү биздин үйдү чексиз кубанычка  бөлөдү — Наристенин төрөлүшү биздин үйдү чексиз сүйүнүчкө бөлөдү же акылы  терең адам — эси терең адам дегенде да «кубаныч» менен «сүйүнүч», «акылы» менен «эси» бирин  экинчиси толук алмаштыра албайт. Демек, сөздөрдүн өз ара катыштык мүнөзү контекстке байланыштуу ар кандай болот. Ошондуктан сөздөрдү колдонууда алардын катыштык жана контексттик  маанилери  бирдей даражада эске алынат.Ошентип, сөздөрдүн маанилеринин окшоштугун, айырмачылыгын, карама-каршылыгын талдоо жана аларды лингвистикалык нормага ылайык омоним, синоним, антоним деген сыяктуу топторго бөлүштүрүү семантикалык системанын чегинде ишке ашат.Сөздөрдүн көпчүлүгү өзүлөрүнүн маанилик түзүлүшү боюнча ар түрдүү жана көп пландуу келет. Тактап айтканда, сөздөр өз алдынча турганда, лексикалык бирдик катары жеке-жеке маанилерге ээ болуп турганы менен, пикир алышуу процессинде, б.а. , сүйлөмдүн карамагына түшкөндө, негизги лексикалык маанилеринен сырткарыконтексттик кошумча маанилерге да ээ болуп калышы толук ыктымал. Мисалы: Жаркыраган чырагым! Атаң сени тааныды Мындагы чырагым деген сөз төмөнкүдөй маанилерден турат: а) бала маанисинде, б) өтмө мааниде жана в) эмоционалдык мааниде.кыргыз китептеринин электрондук китепканасы Сөздөгү жогоркудай кошумча маанилер, алардын түрлөрү (сөздүн грамматикалык, өтмө, эмоционалдык ж.б. маанилери), ар бир түрүнүн маани бөтөнчөлүктөрү, жасалуу, пайда болуу жолдору, стилдик мүнөздөрү деген сыяктуу маселелер да семасиологиянын негизги объектисине кирет.

Жыйынтыктап айтканда, семасиология сөз маанилери жөнүндөгү илим же окуу катары: 1) сөздүн семантикалык структурасы, б.а. , сөздүн көп маанилүүлүгү: 2) сөз маанилеринин өз ара катыштары, б.а. , алардын омонимдик, синонимдик жана антонимдик катыштары; 3) сөздүн маанилеринин түзүлүшү, б.а. , сөздүн лексикалык маанилери  менен анын кошумча маанилери, алардын  түрлөрү (эмоционалдык, өтмө, грамматикалык ж.б. ) жөнүндөгү маселелерди талдайт, изилдейт.

3.2. Соз жана анын маанилери

Сөз — тилдин эң маанилүү бирдиги. Анткени ал тилдин башка  бирдиктеринин негизи жана курулуш  материалы болуу менен, пикир  алышуунун негизги каражаты катары кызмат аткарат. Ошондуктан сөз тил  илиминин фонетика, морфология, синтаксис  сыяктуу негизги тармактарынын  предмети катары окуп-үйрөнүлөт.

Сөз тилдин башка бирдиктеринен (фонема, морфема ж.б. ) өзүнүн

семантика-структуралык табияты  боюнча төмөнкүдөй белгилери боюнча айырмаланат:

1) Фонетикалык жактан  жабдылышы, б.а. , конкреттүү алынган  тилдин 

фонетикалык түзүлүшүнүн  ички закон ченемдүүлүгүнө негизделген  тыбыштык комплекс аркылуу уюшулушу; 2) мааниси боюнча тарыхый жактан калыптанышы, б.а. , бир тилде сүйлөгөн адамдардын ар бир мүчөсү үчүн бирдей даражадагы түшүнүккө ээболушу: 3) лексика-грамматикалык  жактан белгилүү бир сөз түркүмүнө  тиешелүү болушу, ошол өзгөчөлүгүнө байланыштуу  морфологиялык жана синтаксистик белгилүү бир касиеттерге ээ болуп турушу.

Мына ушул белгилердин  жыйындысы, бир жагынан, сөздүн табиятын аныктоонун, экинчи жактан, аны тилдик башка бирдиктерден айырмалоонун белгиси  катары эсептелинет.

Сөздүн курулуш материалы  тыбыштар экендиги белгилүү. Буга байланыштуу, сыртынан караганда, сөздөр бир нече тыбыштын тизмегинен пайда болгон кубулуш  катары гана кабыл алынат. Бирок  тыбыштардын туш келди эле  тизмеги сөз боло бербейт, б.а. , кандайдыр  бир түшүнүктү (маанини) билдирген  тыбыштык комплекс гана сөз боло алат. Демек, белгилүү бир тыбыштык тизмексиз  сөздү угууга же жазууга кандай мүмкүн болбосо, ошондой эле белгилүү бир  мазмунга негизделбеген тыбыштардын  кургакжыйындысынан кандайдыр бир  маанини түшүнүүгө болбойт.Ошентип, ар кандай сөздүн эки — ички жана тышкы жагы болот. Сөздүн сырткы жагы — бул анын тыбыштык составы, тыбыштык көрүнүшү; ички жагы — анын мааниси. Сөздүн тыбыштык жагын анын формасы, ал эми маанисин анын мазмуну катары кароо абзел. Кыскасы, сөз эки  негиздин — форма менен мазмундун  —ажырагыс бирдигинен турат. Ушундан  улам сөзгө төмөнкүдөй аныктама берүүгө  болот:

Бир нече тыбыштын тизмегинен туруп, кандайдыр бир маанини  билгизген жана тилде өз алдынча  бөлүнбөс бир бүтүн нерсе катары колдонулган кептин кичине бирдиги  сөз деп аталат.

Сөздүн мааниси — абдан  татаал көрүнүш. Тилдеги сөздөр маанилик жактан да, аткарган кызматтары боюнча да ар түрдүү болот. Сөздөр маанилик жактан негизги жана көмөкчү болуп эки  топко бөлүнөт. Негизги сөздөргө заттардын, кубулуштардын, окуялардын, сындык белгилердин, иш-аракеттердин атоосу болуп эсептелген сөздөр жатат. Көмөкчү сөздөргө өздөрүнө таандык атоо маанилери жок, сүйлөмгө кыргыз китептеринин электрондук китепканасы боло албаган, тек гана ар түрдүү грамматикалык маанилерди билдирүүчү сайын, чейин, үчүн, да деген сыяктуу сөздөр кирет.

Тилдеги сырдык сөздөр ички сезимди билдиргени менен, бир нерсени  атап көрсөтө албайт. Чынында эле  ух, ох, тс! Кап! десек, мындагы сырдык сөздөрдүн биринчи, экинчиси чарчагандык, үчүнчүсү талап кылуу, төртүнчүсү өкүнүү сезимдерин билдиргендиги ырас. Бирок  алар атооч менен этиштер сыяктуу  белгилүү атоо маанисиндеги түшүнүктү  билдире албады.

Функциясы жагынан ат атоочтор да сырдык сөздөр сыяктуу атоо маанисине  ээ эмес. Булар атоо маанисине ээ сөздөрдүн ордуна колдонулуп, алардын  көрсөткүчүкатары кызмат аткарат. Ошондуктан ат атоочтордун мааниси контекст аркылуу гана ачылат. Контексттен  сырткары турганда анын маанисин түшүнүү  мүмкүнэмес. Мисалы: Ал бүгүн бул  жумушту сага тапшырдык. Аталган  сүйлөмдүн кандай контекстте айтылганын же жазылганын билбеген окуучу же угуучу бул сүйлөмдөн белгисиз бирөөнүн белгисиз бир жумушту белгисиз бирөөгө  тапшырганынан башка эч нерсе  түшүнө албаган болор эле. Анткени  сүйлөмдөгү ал, бул, сага деген ат атоочтордун  кандай сөздөрдүн ордуна колдонулгандыгы  белгисиз.

Ошентип, тилдеги сөздөр өзүлөрүнүн маанилеринин ар түрдүүлүгүнө карай 

спецификалык ар кандай өзгөчөлүктөргө ээ. Мына ушул бөтөнчөлүктөрүнө

байланыштуу алар өз ара  төмөнкүдөй топторду түзөт.

1. Биринчи топко өз  алдынча турганда толук мааниге  ээ болгон сөздөр кирет да, алар тилдин лексикалык составынын  эң негизги бөлүгүн түзөт. Мындай  сөздөр өзүлөрүнүн лексика-семантикалык  табияты боюнча ар түрдүү мүнөздө  болуп, өз ара да төмөнкүдөй  бир катар топчолорго бөлүнөт:  а) заттардын, көрүнүштөрдүн, түшүнүктөрдүн,  ар кандай кубулуштардын атын (бак, таш, уйку, жаан, булут, бакыт,  ай, жыл): б) кыймыл-аракетти (окуу. иштөө.  жазуу. ойноо, чуркоо, алуу, жөнөө); в) нерселердин жана кыймыл-аракеттин  белгилерин (бийик, чоң, тез, ылдам,  калың, суюк, жай, ачык, жакшы); г)  нерселердин санын, катарын (беш,  үч, биринчи) билдирген 

сөздөр.

2.Толук маанилүү сөздөрдүн  ортосундагы ар түрдүү грамматикалык  катышты билдирген жана сөз  менен сөздү, сүйлөм менен сүйлөмдү  байланыштыруучу, ошол эле сөзгө  кошумча маани киргизүүчү сөздөр: аркылуу, чейин, жөнүндө, үчүн, карай, дейре, да,жана, бирок, анткени,  го, гана, абдан ж.б.

Информация о работе Адабий тилдин лексикологиясы жана орду