Адабий тилдин лексикологиясы жана орду

Автор работы: Пользователь скрыл имя, 04 Июля 2013 в 10:42, курсовая работа

Описание работы

Ал эми кыргыз адабий тилинин сырткы мүмкүнчүлүктөр аркылуу байышына орус тили зор таасир тийгизди. Кыргыз адабий тилинин пайда болуу жана анын алгачкы өнүгүү этабында эле орус тилинен жана ал аркылуу башка тилдерден экономикага, илим менен техникага, өнөр жай менен айыл чарбага, маданият менен адабиятка жана искусствого байланыштуу көптөгөн терминдер, жаңы сөздөр, түшүнүктөр кабыл алынды жана бүгүнкү күндө да кабыл алынууд.

Содержание работы

Киришуу………………………………………………………………………..…3
Биринчи глава. Адабий тилдин лексикологиясы жана орду
Лексикология жана фразеологияны илимий предмет катары окуп уйронунун мааниси………………………………………..……………..5
1.2. Соз-лексикалык бирдик…………………………………………………..15
Экинчи глава. Создун жасалышы. Анын системалык мунозу, соз жана нерсе……………………………………………………………………………...18
2.1 Соз жана тушунук………………………………………………………….21
Учунчу глава. Семасиология
3.1 Семасиология жонундо жалпы тушунук……………………………….22
3.2. СӨЗ ЖАНА АНЫН МААНИЛБРИ…………………………………….24
Жыйынтыктоо………………………………………………………………….32
Колдонулган адабияттар……………………………………………………..33

Файлы: 1 файл

Адабий тилдин лексикологиясы жана орду.docx

— 51.14 Кб (Скачать файл)

адабий тилдин лексикалык составынын байышында негизги булак  экендиги, аларды адабий тилге кабыл  алуунун принциптери да каралат. Мындан сырткары, лексикология диалектилик  сөздөрдү мааниси, колдонулуш өзгөчөлүктөрү  боюнча түрлөргө бөлүштүрөт. Алардын  көркөм адабий чыгармаларда колдонулуш максаттарын, жолдорун белгилейт.

Колдонулушу жагынан чектелген  мүнөздөгү лексиканын дагы бир тобу — кесип лексикасы. Лексикологияда нагыз кыргыз тилине мүнөздүү болгон кесип сөздөрү, кыргыз китептеринин электрондук китепканасы лексика-тематикалык  бөтөнчөлүктөрү, элдин өнөр-кесибин, басып өткөн тарыхый жолун  чагылдыруудагы ролу жөнүндө маалымат берилет. Ошондой элекесип лексикасы  да тарыхый категория болгондуктан, анын ар кандай өнүгүү, өзгөрүүлөргө учурашына, айрыкча өнүгүүсүндөгү негизги  булактарга карата илимий илик жүргүзүлөт.

Сөздөрдүн стилистикалык  маанилүүлүгүнө, б.а. , алардын тигил  же бул 

функционалдык стилдик түрүндө  активдүү колдонулуш өзгөчөлүгүнө байланыштуу  жиктерге, түрлөргө бөлүштүрүлөт, ар бир  түрүнө карата мүнөздөмө берилет.

Бүгүнкү күндө ыкчам өнүгүп, адабий тилдин сөздүк составына тынымсыз кирип жаткан илимий-техникалык терминдерди  жана номенклатураларды тартипке келтирүүнүн. жөнгө салуунун, аларга тиешелүү принциптерди иштеп чыгуунун практикалык зор  мааниси бар.

Көпчүлүк терминдер жана номенклатуралык атоолор жалпы  адабий тилге кирип, активдүү колдонулуу мүнөзүнө ээ болууда. Жалпы элдик  лексиканын белгилүү бир катмарлары терминдешүү процессин башынан өткөрүүдө. Демек, терминология маселесиндеги мына ушундай процесстерге, ар кандай өнүгүү, өзгөрүүлөргө байланышкан принциптерди, критерийлерди өздөштүрүү жана жалпы адабий тилдеги лексика менен терминдик лексиканын өз ара карым-катнашын так ажырата билүү талап кылынат.

Жыйынтыктап айтканда, лексикология бир тилдеги бүт лексиканы, анын ар түрдүү катмарларын, өнүгүш булактарын, стилдик жана колдонулуш өзгөчөлүктөрүн, андагы ар кандай өзгөрүүлөрдү, анын закон  ченемдүүлүктөрүн ачып көрсөтөт. Ошондой  эле сөздөрдүн лексикалык маанилерин, алардын түрлөрүн, ал маанилердин  өз ара карым-катышын, пайда болуу, өнүгүү, өзгөрүү жолдорун териштирет.

Фразеология (гр. Phrasis — «туюнтма»  жана logos — «илим») — тилдин

системасындагы өзгөчө туюнтмаларды — фразеологиялык сөз тизмектерин  изилдеп, аларды окутуп-үйрөтүүчү тил  илиминин бир бөлүгү.

Фразеологиялык окуунун  объектиси — фразеологиялык сөз  тизмектери. Ал эми фразеологизмдер  — маанилик жана структуралык жактан өз ара ажырагыс туруктуу сөз тизмектеринен  турган тилдик бирдиктердин өзгөчө бир  түрү. Алардагы мындай өзгөчөлүк —  структуралык жана семантикалык мүнөзү боюнча кадыресе лексикалык бирдикке караганда алда канча татаалдыгында. Бирок фразеологизмдер да тилдик бирдик катары затты, анын белгисин, кыймылын, анын (кыймыл-аракеттин) түрдүү кырдаалын  — мезгилдик, сандык, орундук, сапаттык ж.б. түшүнүктөрдү атап көрсөтүп, аларды ары татаал, ары өзгөчө боёк менен  туюндуруп, пикир алышуунун даяр түрдөгү каражаты катарыкызмат аткарат.

Бирок фразеологизмдер төмөнкүдөй белгилери боюнча тилдин башка 

деңгээлдериндеги бирдиктерден өзгөчөлөнүп турат: структуралык жактан экиден кем эмес түгөйдөн турушу; семантикалык бүтүндүгү; составдык (лексикалык) түгөйлөрүнүн жана грамматикалык түзүлүшүнүн туруктуулугу; маанилик жактан сөзгө эквиваленттүүлүгү, мунун натыйжасында кепте даяр материал катарыколдонулушу.

Фразеологизмдер формалдуу  мүнөздө толук маанилүү сөздөр түрүндөгү  өз ара бөлүктөргө ажыроочу экиден кем эмес сөздөрдүн тизмегинен турат: көзү өттү, көзү жок, көзү тирүү, көзүнөн  заары чыкты, көзү түштү, кой оозунан  чөп албаган, кой үстүнө торгой жумурткалаган, ак койдон аңкоо, боз койдон момун, кабыргасы  сөгүлдү, кабыргасын бит жебейт, кабыргасы  менен кеңешүү, кабыргасы кайышты  ж.б.кыргыз китептеринин электрондук  китепканасы  Жогоруда көрүнүп тургандай, фразеологизмдердин түгөйлөрү өзүлөрүнүн сырткы тыбыштык түзүлүшү жана алардын ар бири орфографиялык өз алдынчалыкка ээ экендиги боюнча кадыресе толук маанилүү сөздөрдөн эч айырмаланбайт. Бирок келтирилген мисалдарда фразеологиялык сөз тизмектеринин тутумундагы көз, кой, кабырга деген сөздөр өзүлөрүнүн лексикалык маанилеринен толук ажыраган жана алар тизмектеле айтылган башка сөздөр менен өзүлөрүнө мүнөздүү болгон

лексикалык бир дагы маанилери  аркылуу байланыш-катыш түзө албайт.

Бардык фразеологизмдердин составдык түгөйлөрү, б.а. , лексикалык составы 

туруктуу келет: Мамбет ары  иштерман, ары колу ачык. өзгөлөр  менен алыш-беришке так жигит  болуп өстү (Т.С.). Вице-премьердин колу ачыктыгынан 64 миң доллар ар ким.

Ар кимдердин олжосуна айланды («Асаба»). Агайынга колу ачык. аттанып чыкса жолу ачык абакең Бакай  кол баштап («Манас»). Колу ачык адам кор болбойт (оозеки кептен).

Фразеологизмдердин түгөйлөрүнүн белгилүү бир грамматикалык формалар

аркылуу байланышы, бүтүндөй сөз тизмегинин тигил же бул сөз  түркүмүнө 

тиешелүүлүгү алардын  грамматикалык жактан жабдылгандыгын көрсөтөт. Ал эми фразеологизмдердин синтаксистик милдети алардын сүйлөмдө тигил же бул сөз же синтаксистик конструкциялар менен грамматикалык  жактан байланыш-катыш мүнөзүнө, ошол өзүлөрү тиешелүү болуп айтылган сөз түркүмүнүн табиятына ылайык аныкталат.

Фразеологизмдер структуралык жактан да, маанилик жактан да сөзгө  караганда татаал бирдик болуп эсептелет. Бирок алардын көпчүлүгү функционалдык  жактан айрым алынган сөзгө жакын  же анын эквиваленти катары келет: Колу ачык — март; боору таш — кайрымсыз; колтугуна суу бүркүү — көкүтүү, тукуруу; каракылды как жарган —  калыс; ачып көздү жумганча — ылдам, тез;төбө чачы тик туруу —коркуу; суу жүрөк — коркок; ташка тамга  баскандай — таамай, так ж.б.Кыскасы, фразеологизмдер — экиден кем  эмес түгөйлөр аркылуу уюшулушу, ага  карата маанилик бүтүндүгү, тутумундагы  түгөйлөрүнүн, ошондой эле грамматикалык 

түзүлүшүнүн туруктуулугу жана сөзгө карата эквиваленттүүлүгү  боюнча өзгөчөлөнгөн тилдик бирдик. Ал эми тилдик бирдиктердин өзгөчө бир  түрү катары фразеологиялык сөз тизмектерин  окуп-үйрөтүүчү тил илиминин бир  тармагы фразеология деп аталат.

Демек, фразеология өзүнчө илим катары фразеологизмдердин өзгөчөлүктөрүн, тилдин башка деңгээлдериндеги тилдик бирдиктердин ичинен алган ордун  аныктайт.

Ошондой эле анда фразеологиялык сөз тизмектеринин мааниси, грамматикалык, структуралык жана экспрессивдик-стилистикалык  касиеттери, колдонулуш өзгөчөлүктөрү  каралат, ылайыгына жараша классификацияланат.

 

 

1.2. Соз-лексикалык бирдик.

Ар бир адам өз тилиндеги  сөздөрдү билет, түшүнөт жана турмушунда колдоно алат. Бирок сөз деген  эмне, ал кандайча жасалат, сөз менен  ал атаган нерсенин, сөз менен түшүнүктүн ортосунда кандай байланыштар бар  ж.б. деген сыяктуу теориялык суроолорго жооп бериш же аларды аныктоо —  татаал маселе. Ошондуктан лингвистикалык илимий адабияттардан сөзгө карата өтө ар түрдүү мүнөздөгү бир нечелеген  аныктамаларды кезиктирүүгө болот. Алардын айрымдарына конкреттүү токтоло кетели:

1.«Сөз — бул кандайдыр  бир мааниге ээ болгон тыбыштык  комплекс». Бул 

аныктама боюнча маани  бербеген сөздөр деп аталган байламталарды, бөлүкчөлөрдү, а түгүл мүчөлөрдү  да сөз катарыкараса боло берет.

кыргыз китептеринин электрондук  китепканасы

2. «Сөз — бул кандайдыр  бир түшүнүктү билдирүүчү тыбыштардын  айкашы». 

Бирок, биринчиден, түшүнүк  менен сөз бардык учурда эле бири экинчисине дал келе бербейт. Экинчиден, тилде белгилүү бир түшүнүккө  ээ боло албаган ооба, жок, эх, ой, ии, же, бирок, эч, гана, дагы ж.б. деген сыяктуу  толгон сөздөр да бар. Үчүнчүдөн, түшүнүк  китеп, алма, бала, табак деген өңдүү  айрым алынган сөз аркылуу  гана эмес, темир жол, кол машина, калай кашык, дептердин барагы, мышыктын баласы деген сыяктуу сөз тизмектери аркылуу да берилет.

3.«Сөз — бул турмуштагы  көрүнүштөрдү же нерселерди атал  көрсөтүүчү тилдин бирдиги». Бул  аныктама да сөздүн табиятын  так ачып көрсөтө албайт. Анткени,  биринчиден, сөздөр турмуштагы конкреттүү  жашап турган нерселерди. көрүнүштөрү  гана эмес, абстракттуу түшүнүктөрдү  да атап көрсөтөт. Экинчиден, тилибизде  нерсени же көрүнүштү атоо  мүмкүнчүлүгүнө ээ боло албаган  кызматчы сөздөр,сырдык жана тууранды  сөздөр (жана, менен, албетте, мүмкүн. кийин, чейин, балп, солк, эх, пай-пай, оуу, ботом ж.б. ) да арбын.

4.«Сөз — бул пикир  алышуу үчүн кепте эркин колдонулуучу (воспроизводимая) тилдин эң кичине  маанилик бирдиги». Биздин оюбузча,  бул аныктамада сөздүн негизги  маани-мазмуну, кепте аткарган  кызматы, мүмкүн болушунча кеңири  да, ар тараптуу да чагылдырылган.  Буга ынануу үчүн дубал, сулуу,  ойноо деген сөздөрдү карап  көрөлү. Бул сөздөрдүн баары: 1) муундардан  жана фонемалардан айырмаланып,  тилдин маани берүүчү бирдиктери  болуп саналат; 2) кепте эркин колдонулат, б.а. , башка маани берүүчү бирдиктерге  карата көз каранды абалда  болгон морфемалардан айырмаланат; 3) кепте эркин колдонулуучу эң  кичине бирдик катары сөз айкашынан  айырмаланат; 4) пикир алышуунун куралы  же курулуш материалы катары  кызмат аткарат.Бул белгилер —  сөздүн семантика-функционалдык  жагы. Муну менен катар сөздүн  сырткы формалдык жагы да бар.  Бул жагынан алганда, анын курулуш  материалы катары тыбыштар эсептелинет.  Албетте, тыбыштардын туш келди  комплекси эле сөз боло бербеси  белгилүү. Сөз болуш үчүн белгилүү  бир мааниге ээ болушу, чындыктын  көрүнүшү менен тыгыз байланышта  келиши талап кылынат.

Демек, өйдөдө айтылгандардан улам сөз төмөнкүдөй белгилердин  бирдигинен турат деген бүтүмгө  келсек болот: 1) белгилүү бир мааниге  ээ болуп, кепте айтылып жаткан ойдун  талабына ылайык эркин колдонулат да, пикир алышуу куралынын милдетин аткарат; 2) лексикалык башка бирдиктерден айырмаланып, өз алдынчатыбыштык бүтүндүккө ээ болуп турат; 3) лексика-грамматикалык  жактан тигил же бул сөз түркүмүнүн тутумуна кирет; 4) бир тилде сүйлөгөн коллективдин (элдин) бардык мүчөлөрү үчүн бирдей даражада түшүнүккө ээ болот же баарына бирдей түшүнүктүү келет.Сөздүн эң негизги белгилеринин бири болгон «белгилүү бир мааниге  ээ болуп турушу» деген түшүнүктү  кеңири кароо керек. Анткени бул  түшүнүк сөздүн мааниси  материалдык нерселерге (көз көргөн, колго урунган, жыт, даам сезимдери аркылуу туюнтулган заттарга, нерселерге, сандык, сапаттык касиеттерге) гана негизделбестен, абстракттуу (ой, кыял, санаа) жана эмоционалдуу (ох, бах, иий) маанилерди, ошондой эле конкреттүү нерселерди, көрүнүштөрдү атап көрсөтпөгөн, бирок аларды билдирген, шилтеп көрсөткөн маанилерди да (ичинде, ал, бул, тигинде) өз кучагына камтыйт.Ошентип, сөздөр өз алдынча турганда атоо, билдирүү милдетин гана аткарган лексикалык бирдик түрүндө жашайт. Ал эми сөздүн пикир алышуунун куралы катарындагы функциясы жеке турганда эмес, кепте сүйлөм тутумунда гана ишке кыргыз китептеринин электрондук китепканасы шырылат. Тагыраак айтканда, сөздөр сүйлөмдүн тутумунда өзүлөрүнүн лексика-грамматикалык табиятына жана айтылып жаткан ойдун талабына ылайыкбелгилүү бир грамматикалык формалар аркылуу өзгөрөт да, башка сөздөр менен семантика-грамматикалык жактан байланыш-катыш түзүп, белгилүү бир грамматикалык мааниге ээ болот. Мисалы, Мен мектепке барам. Мен деген жактама ат атооч атооч жөндөмөдө келип, биринчи жак формасындагы (-ым) этиш менен (барам)жак жана сан боюнча ээрчише байланышып турат. Демек, сүйлөмдө сөз болуп жаткан нерсенин аты катары (сүйлөмдүн ээси катары) колдонулган ат атооч ( мен) башка жөндөмө формасында келиши мүмкүн эмес. Анткени кыргыз тилинин синтаксистик түзүлүшү биринчи жактагы баяндоочту сөзсүз түрдө атооч жөндөмө формасында гана келишин талап кылат. Ошондой эле мектепке өзүнүн лексика-грамматикалык табиятына ылайык барыш жөндөмө формасын кабыл алып, алгачкы лексикалык маанисинен сырткары кыймыл-аракетке карата багыттык мааниге (грамматикалык мааниге) да ээ болду. Кыскасы, сөз лексикалык бирдик катары лексикалык жана грамматикалык маанилердин өзөгүн түзүү менен, пикир алышуунун эң маанилүү куралы катарыкызмат аткарат.

 

 

Экинчи глава. Создун жасалышы. Анын системалык мунозу, соз жана нерсе

Ар бир сөз өз алдынча  белгилүү бир тыбыштардын бирдигинен жана мааниден турат. Демек, сөздүн жасалышы белгилүү бир тыбыштык бирдикке негизделет, ансыз сөз жок. болушу да мүмкүн эмес. Бирок анын белгилүү бир мааниге ээ болуп турушу талап кылынат. Айталы, үй, жолборс, карандаш деген сөздөрдүн ар бирибири экинчисинен айырмаланып, өз алдынча тыбыштык комплекске ээ. Ошол эле маалда адам жашоочу жай, жырткычжаныбарлардын бир түрү жана жаза турган курал маанилерин да билдирет. Ал эми кулайнак, замгари, каймалаң дегенсыяктууларда тыбыштардын курамы бар, бирок эч кандай маани жок, андыктан буларды сөз катары кароого болбойт. Башкача айтканда, кандайдыр бир мааниге негизделбеген (маанини билдире албаган) тыбыштардын туш келди эле курамы сөздү жасай албайт.

Ар бир тилдеги кайсы  гана сөз болбосун төмөнкүдөй байланыш-катыштардын  үч негизги тибине ээ болуп турууга  тийиш: 1) адамдарды курчап турган айлана-чөйрөдөгү  көрүнүштөргө, нерселерге, кыймыл-аракетке, сандык жана сапаттык касиеттерге болгон катышы; 2) адамдардын өзүлөрүнүн сезим-каалоолоруна, ойлоосуна (ой-кыялына) карата болгон катышы; 3) тилдин системасындагы башка сөздөргө карата болгон катышы. Демек, сөз тыбыштык комплекс менен маанинин катышынан  турган жөнөкөй гана тилдик бирдик эмес, а мындан сырткары жогоркудай системалардын да ажырагыс бирдигинен турган татаал көрүнүш.

Белгилүү бир нерсени  атап турган сөз (тыбыштардын курамы) ошол нерсенин кандайдыр бир белги  же касиеттеринин түздөн-түз көчүрмөсү  эмес. Тагыраак айтканда, нерсе менен  аны атап турган сөздүн ортосунда  эч кандай табигый байланыш жок, сөз  өзү белгилеген нерсенин, кубулуштун ж.б. маңызын ачып көрсөтөалбайт. Ошондуктан тоо эмне үчүн «тоо» деп, ата эмне үчүн «ата» деп аталат деген өңдүү  суроого эч ким жооп бере албайт жана бир эле нерсе ар башка тилде ар кандай тыбыштык комплекстеги сөздөр менен атала берет. Мисалы, кыргыз тилиндеги китеп

— орусча книга, немисче  бух, өзбекче китоб, япончо хон, кытайча  шу.

Эгерде нерселердин аталышы  алардын кандайдыр бир белги  — касиети менен байланышкан  болсо, анда бардык тилдерде бирдей аталыш, бирдей тыбыштык комплекстер талап  кылынмак, б.а. , дүйнөдө бир гана тил жашамак.кыргыз китептеринин электрондук  китепканасы Ошондой эле сөздөрдүн  тыбыштык түзүлүшү нерсени күзгү  сыяктуу чагылдырып турат деп  да түшүнүүгө болбойт. Анткени сөз  — өзү атап турган нерсенин образы

элеси) эмес, анын туруктуу белгиси.

Айрым бир аныктамаларда  сөз нерсенин шарттуу алынган  белгиси деген сыяктуу ой айтылып  жүрөт. Эгерде сөз нерсеге берилген шарттуу белги же шарттуу аталыш болсо, анда айрым адамдардын сунушу же белгилүү гана адамдар тобунун  макулдашуусу боюнча аны өзгөртүүгө болот. Мындай болгондо сөз бирдиктүү  түрдөгүпикир алышуу каражатына айлана албас эле, б.а. , жалпы элдик мүнөзгө  ээ боло албас эле. Ошондуктан сөз  — нерсенин шарттуу эмес, түбөлүктүү, туруктуу белгиси.

Информация о работе Адабий тилдин лексикологиясы жана орду